2012-жылдын январь айында түрк тилдүү бир нече өлкөлөрдүн катышуусунда «Евразия жылдызы» сынагы Түркияда өтүп, баш байгеге кыргыз ырчысы Гүлжигит Калыков ээ болгон эле. Сынактын шарты боюнча, кийинки саамалыкты уткан ырчынын өлкөсү уюштурмак. «Аталган сынак качан, кайда өткөрүлөт?» деген суроого жооп алуу үчүн маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевге байланышканыбызда, «кийинчерээк өтөт окшойт. Так билбеген себебим, бул иш менен КТРК алектенет. Анткени бул түрктөрдүн ТРТ Аваз телеканалы башында турган телевизиондук долбоор. Бизде өтүп калса, албетте, уюштуруу жагынан колдоо көрсөтөбүз» деп билдирди. Ал эми КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаевден бул тууралуу «учурда түрктөр менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Алар бир датаны белгилеп беришсе эле уюштуруу иштерин баштамакпыз. Быйыл бул сынакка мурунку жылдагыдан да көп мамлекет катышат. Андыктан учурда жаңы катышуучу мамлекеттер менен уюштуруучулар ортосунда макулдашуулар жүрүүдө. Жай айларына белгилешсе, Ысык-Көлдө өткөрөлү дегенбиз. Күз, кыш айларына калса, анда Бишкекте өтөт. Уюштуруучулар качан болорун так айткандан кийин ырчыларды тандоо башталат» деген маалымат алдык.