ТАГДЫР ОЮНУ-3

Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн чыгарманын 1-2-бөлүмдөрүндөгү окуяны кыскача баяндай кетели. Депутат Аскар Токтосуновичтин жалгыз уулу Аскат табышмактуу түрдө каза болот. Уктап жаткан кезинде жүрөгүнө канжар сайылып, биринчи шектүү катары анын жакын досу Азамат кармалып, 7 жылга кесилет. Аскаттын өлүмү сүйлөшкөн кызы Бегимай үчүн орду толгус жоготуу эле.
Бул учурда Бегимайдын курбусу Алина Малайзияда жашаган кыргыз жигит менен интернет аркылуу таанышып, тагдырдын табышмагы менен ал жигит Бегимайды кызыктырып калат. Таң каларлык тартылуунун себеби бар болчу. Анткени Азирет Бегимайдын каза болгон жигити Аскаттын көчүрмөсү эле. Аскат менен Азиреттин окшоштугунун сыры тереңде жаткан. Аскар 21 жыл мурун Мариямга үйлөнүп, болочок перзентин күтүп жаткан кезде тагдыр аларды эки жакка ажыратат. Жалган жалаа менен Аскар бир топ жылга түрмөгө кесилип кетет. Түрмөдөн Аскардын акылдуулугу Көр Самат аттуу авторитеттин кулагына жетип, ал «Сеникиндей башты түрмөдө чиритүү болбостур. Мен сени камактан чыгарам, бирок өмүр бою менин кол алдымда болосуң» деген макулдашуу менен абактан чыгарат.
Ал эми үчүнчү каарманыбыз Мариямдын да сыры бар. Балдар үйүндө өскөн жетим кыздын каранар-карманары жок, бир баласы Аскатты кайнене-кайнатасына таштап, экинчи уулу Азиретти өзү менен алып кеткенге мажбур болгон. Так ошол Малайзиядагы кыргыз жигит Аскаттын эгизи Азирет эле. Азиреттин келиши менен бардык сыр ачылат. Анткен менен каармандарды жаңы сыноолор күтүп турган. Азирет Кыргызстанга келип, агасы Аскаттын сүйүүсү, кара көз сулуусу Бегимайга көңүлү түшүп калат. Эгизинин өлүмүн иликтеп отуруп Аскатты өзүнүн өгөй энеси Аида өлтүргөнүн ачыкка чыгарат. Көрсө, анын көл жээгинде жаш жигит менен көңүл ачып жүргөнүн өгөй баласы көрүп калып, ал атасына айтып салат деп коркуп өлтүргөн экен. Кылмышын моюнуна алган Аида көп кабаттуу үйдөн боюн таштап каза болот.
Азирет сүйүүсүн ачык айтуу үчүн Бегимайга барып, экөө кумарлуу түндү башынан өткөрүшөт. Бирок Бегимайдын Аскатка болгон сүйүүсү, айрылуунун жарааты али бүтө элек эле.
Андыктан Азиреттин сүйүүсүн кабыл ала албасын айтат. Ал эми ошол түнү Бегимайдын боюнда өзүнөн бала калганын Азирет билбейт. Боюндагы баланы жашырыш үчүн Бегимай чет өлкөгө сапар тартып, уулун ошол жакта төрөйт. Бегимайдын айткан сөздөрү намысына тийип, Азирет чукул убакытта Бегимайдын курбусу Алинага үйлөнүү сунушун киргизип, ага үйлөнүп алат.
2-бөлүм Бегимай Түркияга көнбөй, кыйналып жүргөн кезинде тагдыр аны Мурат аттуу жигитке туш кылганынан башталат. Экөө үйлөнүп, Кыргызстанга келишет. Кокустуктан улам Азиреттин фирмасында Бегимайдын күйөөсү Мурат иштеп калат. Кайрадан эски жарааты козголгон Азирет Бегимайды издеп, экөө жалынсыз отко түшөт. Экөө тең үй-бүлөлүү. Азиреттин аялы Алина төрөттөн уулун жоготуп, мындан ары эне боло албасын угат. Төрөт үйүнөн энеси таштап кеткен кызды асырап алып, атын Айданек коюшкан эле. Муну Азирет, Мариям үчөөнөн башка эч ким билбей калат. Бул учурда Мурат Бегимайдын баласынын атасы Азирет экенин билет да, Азиреттен алыстатыш үчүн Бегимайды кайрадан Түркияга алып кетет. Ал жактан Мурат жол кырсыгына учурап, баспай калат. Күйөөсүн сактап калуу үчүн Бегимай чоң курмандыкка барат: Аскат Азиреттин уулу экенин айтып, андан акча сурайт. Ошентип, уулун алып Азирет Кыргызстанга келип, Бегимай күйөөсүн Германияга алып барып айыктырат. Азирет менен Бегимай эки жолго түшөт да, сүйүүдөн жаралган айыпсыз бала бирде атасынын, бирде апасынын колунда чоңоёт. Арадан 20 жыл өтүп, Азирет менен Бегимай жолугат. Алар эми өз махабаты эмес, балдарынын тагдыры үчүн жолугушкан эле. Кокусунан Азиреттин баккан кызы Айданектин күндөлүгү колуна тийип калып, анын сырлары ачылат. Мындан ары окуя Айданектин баяндоосу менен башталат.

(Башталышы өткөн санда)

«Эркексиңби, аялсыңбы, бир күнү кимдир бирөөгө жүрөгүңдү ачасың. Сенин ошол улуу сезимиңди баккан, бапестеген адамга жолуксаң бактың, жолукпасаң суу жетпеген гүлдөй соолуйсуң. Анткени адам сүйүү үчүн жаралат...» Бул саптарды кайсы китептен окудум билбейм, бирок чындык экенине көзүм жетет.
Мен сүйүү үчүн жаралгам, бирок мени ата-энем сүйө алышпады. Ага чейин алардын кандай жолду басып өткөнү табышмак. Атам өз дүйнөсү менен алек болсо, апам атамдан башка дүйнөнү көрө албады. Кудай акы, азыр айта албайм, ата-энемдин кимиси көбүрөөк бактысыз эле. Кайсы бир заманда өткөн махабатынан жабыркаган атамбы же атамдын жабылган жүрөгүн каккылаган апамбы? Үйдө экөөнүн эч качан үнүн көтөрүп сүйлөгөнүн, уруш-талаш болгонун көргөн эмесмин, бирок ысык мамиле, жадыраган күлкү, үй-бүлөлүк жылуулук жок эле. Айрым учурларда куду эки бейтааныш адам кокусунан жолугуп калгандай сүйлөшүшчү. Айтор, кандай болсо да, экөөнүн тең көңүл борборунда мен жок элем.
Биздин үйдө мендей эле бир бактысыз жан бар. Мен мээрим жетпегенден кыйналсам, бечара Аскат ашыкча сүйүүдөн жапа чегип, бактысыз болчу. Ал атасынын, апасынын ашыкча сүйүүсүнөн, экөө эки жакка тарткылап талашканынан жабыркачу. Эсимде, бир күнү атам менен келген бою узун, сулуу аял Аскатты жетелеп кетти. Мен мынчалык сулуу аялды көргөн эмесмин. Ал мага жомоктон келгендей сезилген. Аскаттын кеткенине апам экөөбүз тең сүйүндүк. Жаман оюмда эми атамдын көңүлү мага бурулат деген элем. Бирок атам андан ашып түшүп бизден оолактай баштады. Канча убакыттан кийин атам Аскатты кайрадан биздин үйгө алып келди. Бул жолу мен сүйүнгөн да, күйүнгөн да жокмун. Ошол убактан бери Аскат бирде апасында, бирде биздин үйдө чоңойду.
Мектепке чогуу барчубуз. Ал мени көзүнүн кыйыгы менен карап коюп тез басып кеткенге ичи түтпөй, бирде артта калып, бирде алдыга чыгып кетчү. Качан ал чыдамы кетип, мага чуркап келип сумкамды алып дикилдете колумдан жетелеп кеткиче аягымды араң шилтеп кете берет элем.
– Бол, кечигебиз!
– Басып баратам го...
Кандай учурдан башталды билбейм, бирок Аскат менин бардык маселемди чечкенге, мен үчүн жооп бергенге өттү. Ар күнү жетелеп барып классыма сумкам менен киргизип коюп, өзүнүн сабагы бүтсө күтүп турат. Үйгө чогуу кайтабыз. Кичинесинен мырза мүнөзү бар эле Аскаттын, мага тийишкен балдардын сазайын берчү. Ар дайым менин сумкам анын жонунда болор эле. Ичим жылып, акырын апам эртең менен чөнтөгүмө салып берген конфеттин бирин ага сунам.
– Өзүң жей бер,- деди ал негедир кабагын чытый.
– Жебесең кой... Мен дагы таарына түштүм.
Кайра бир аз туруп көңүлү ачылып кетти окшойт, кылчайып мага карап калды.
– Айданек, кел экөөбүз ойноп, анан үйгө барабыз.
– Апам урушат...
– Азыр эрте эле. Бир аз урушат, чыдап коёбуз да...
Аста башымды ийкедим, экөөбүз кол кармаша чуркап жөнөдүк. Кызык, ошол күндөн баштап экөөбүздүн ортобуздагы билинбеген дубал өзүнөн-өзү урап түштү. Менин ээнсиреген, мээримге канбаган дүйнөмө жылуулук кирди.

(Уландысы кийинки санда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
Uulkan2288
2013-07-16 13:06:59
Эми экөөнүн трагедиялуу сүйүүсү башталат экен даа..
+1
skatoruk
2013-07-16 15:42:11
Эми бир жума 1 кылымдай болуп өтпөй кыйнайт экен да .
0
Zverchik
2013-07-16 16:20:28
baardygynyn jurok oorusu boldugo
0
KUMU89
2013-07-16 19:13:13
Kyzzyyy okup bawtaganda, ulandysy kiyinki sanda degen jazuu chyga kalatda. Eeeeeh bir juma.
0
belka.kg
2013-07-16 21:43:22
күтүү башталды..........
0
gulzi
2013-07-16 22:50:18
офф.. кайдан да окуп чыктым.., эми бир жума кутуп онтойм го:(
0
flicka94_kg_kyz
2013-07-17 16:07:34
eehhhh,bir juma otpoi koidu go(((
0
Armin
2013-07-17 16:37:19
Kairadan kutuw k.k emi
0
glen
2013-07-17 21:16:31
жакшы эле окубайм дедим эле чыдабадым ору башталды
0
alisheran
2013-07-17 23:38:31
бул да болсо омурду откоруп жатат алдап,биз кийинки санын ,кийинки аптаны чыдамсыздык менен суйунуп кутобуз....омурубуздун отконуно окунбой....сонун чыгарма ким жазса да акылман адам рахмат!!!!
0
Altyndai
2013-07-18 10:29:21
Ушул чыгарма менин журок оорум болду го
0
Tahmina94
2013-07-18 12:42:17
1 жума кутуу
0
jemile
2013-07-18 20:24:12
Эгер китеби колдо болсо,кандай окуур экенбиз э?Балким тан аткыча бутурмокмун мен
0
shanushka
2013-07-20 17:32:38
vaaaaaau men suygon chigarma koburokton jazgilashi suranich!!!
0
jooshbala
2013-07-21 07:40:26
Өткөн санын жазбай эле койгулачы....
түшүнүктүүда,анын оордуна көбүрөөк жазсаңар жакшы эле...
0
№ 558, 12-июль-18-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан