«Республика» фракциясынын депутаты Назарали Арипов 2013-жылдын 13-июнундагы ЖКнын жыйынында Баткен облусун жоюп, Лейлек жана Баткен райондорун республикага түз баш ийүүгө өткөрүүнү сунуштаган болчу. Андан соң ошол эле ЖКда Баткен облусун жоюу боюнча маселе кайра каралып, бирок бул ирет, тескерисинче, өкүлгө өзгөчө ыйгарым укук берүү жагы айтылган. Маселе мамлекеттик деңгээлге көтөрүлүп, ЖКнын бардык фракцияларынын ар биринен экиден депутат комиссиянын курамына кирген. Ошол комиссия 5-июль күнү Баткен облусунда болду.
«БИРИНЧИ ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮ КЕРЕК»
Атайын комиссия Баткендеги облустук, шаардык, райондук мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, айыл округ жана айыл башчылары менен жолугушту. Анда депутаттар элдин суроолоруна жооп берип, облустагы көйгөйлүү маселелер менен таанышып, сунуш жана ой-пикирлерин угушту. Облустун жоюлушуна каршы болгон эл нааразычылыктарын билдиришти.
Сейтмурат Калыков, Баткен районунун акими:– Баткен районунун көпчүлүк айылдары эки республика менен чектешкен. Баткендеги көйгөйлөрдү аныктап, чек араны тосууну ушул айылдардан баштасаңыздар жакшы болот эле. Анткени Көк-Таш, Таш-Тумшук деген айылдарда эки улут аралаш жашайт. Бир үйдө кыргыз болсо, экинчиси – тажик. Эки кыргыздын баласы урушса эч нерсе болбойт, а кыргыз менен тажиктин балдарынын айтышуусу эки элдин достугуна доо кетирип, жаңжалдын чыгышына алып келиши мүмкүн.
Бел-Бөжөй жолу, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолу бюджетке киргизилбей калды. Таянда да чек ара заставасын курууга акча каралбай жатат. Мындан башка социалдык маселелерибиз көп. Бирок эң биринчи чек ара маселесин чечип, биздин коопсуздугубузду карап берсеңиздер.
Гүлчехра Тажибаева, Баткен шаарынын тургуну:
– Буга баарыбыз каршыбыз. Баткен облусун жоюп, Лейлек жана Баткен райондорун республикага түз баш ийүүгө өткөрүү менен эле маселе чечилип калбайт. Тажикстан менен такталбаган чек арабыз 650 чакырым болсо, анын 500 чакырымы ушул эки райондун аймагында. Облуста 460 миңдей калк жашайт.
Облусту түзүү чечими 1999-жылы Баткен коогалаңынан кийин Баткен көйгөйлөрүн тез арада чечүү, коңшулар менен тең ата деңгээлде сүйлөшүү максатында кабыл алынган. Бирок айрым депутаттар анын тарыхын билбей туруп облусту жоюу сунушун киргизүүдө. Бул сунуш облустун тургундарынын артынан бычак сайгандай эле болду. Эгерде облус жоюлса, анда Баткен облус статусун жоготуп, биздин облустук жетекчилер чек аралаш аймактар менен түз сүйлөшө албай калат. Кокус чек ара чыры чыкса, өкмөттүн өкүлдөрү Баткенге убагында келе албай, кыйла убакыт кетет.
Жоюунун ордуна облусту чыңдоо жана жергиликтүү бийликке кошумча ыйгарым укук берүү керек, ошондо гана маселелер чечилет.
Жеңиш Айдаров, Баткен шаарынын тургуну: – Облусту жоюу тууралуу айтып жаткан депутаттарга кошула албайм. Менин жеке пикиримде, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө вице-премьер деген ыйгарым укукту бериш керек. Антпесе облустун аймагында чыр чыккан учурда мындагы күч кызматтары губернатордун көрсөтмөсүн кайсы бир деңгээлде уккан менен, толук анын көрсөтмөсү менен иштешпейт. Алар Бишкектен министрлер, чоңдор менен сүйлөшүп, ошолордун көрсөтмөлөрүн аткарышат.
Бишкекте турган министрлер кокус бул жакта чыр чыкса, ал эмнеден чыкканын жана кантип өнүгүп жатканын так, даана билишпейт. Ошондуктан облустук жетекчинин ыйгарым укуктарын күчөтүү керек.
«ЖОЮУ ЭМЕС, ОБЛУСКА КӨҢҮЛ БУРУЛСА ДЕГЕН МАКСАТТА АЙТКАМ»
Курмантай Абдиев, ЖКнын депутаты:– Баткен облусунун тегерегинде бир топ маселелер көтөрүлүп, алардын чечилишине аракет кылып жатабыз. Бирок бардык эле маселелер чечилип калат дегенден алысмын. Баары келип каржы маселесине такалууда.
Эки районду борборго каратып, Кызыл-Кыя менен Кадамжайды Ошко кошолу деген пикирди мен айтканмын, бирок облусту жоёлу дегенден алысмын. Баткен облусуна болгон мамиле өзгөрсө, көңүл бурулса экен, айтылып эле калып кетүү кайталанбаса деп, маселени бир аз курчутуу үчүн ушундай мааниде айтканбыз.
Комиссиянын курамына 10 депутат кирген. Биз бул жерге сунуш-пикириңиздерди угуп, көйгөйлөр менен жеринен таанышып, кайсы маселени планга киргизүү керек экенин билүү үчүн келдик. Мен ушул айдын аягында дагы келем. Сиздерден түшкөн сунуш-пикирлерди, маселелерди анализдеп, анан сиздер менен жолугабыз. Чек арага байланышкан кооптуу маселелер ушул Фергана өрөөнүнө келип такалат. Эки өлкө менен чектешет, чек ара тилкелери такталган эмес. Экөө менен тең маселе чечилбей бир ордунда турууда.
Жолугушуунун соңунда ЖКнын депутаттары «облус жоюлат» деп кабатырланууга негиз жок экенин элге бир нече жолу кайталап айтышты. Келген депутаттар айтылган бардык маселе боюнча ар кимиси өз жоопторун айтып, чындыгында эле облус жетекчисинин укуктарын кеңейтип, кошумча укуктарды берүү керектигин баса белгилешти.
Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg