«МЕН ӨЗҮҢӨ БОЛБОЙ КАЛДЫМ КОЛУКТУ...»

«Ак жоолукту кыйгач байлап наздана,
Мен өзүңө болбой калдым колукту...»
деген саптар кимдердин гана жүрөгүнөн орун албаган. Бул саптардын жаралышына эмне түрткү болгон? Ырдын автору, акын Жыпара Умарова окурмандар менен сыр чечишмекчи.

КОЛУКТУ
Сага деген мас жүрөгүм соолукту,
Кеч болсо да өз теңиме жолуктум.
Ак жоолукту кыйгач байлап назданып,
Мен өзүңө болбой калдым колукту.

Апакеңдин болбой калдым келини,
Болсо керек сүттөй аппак пейили.
Аттиң, арман, турмуш сырын чече албай,
Бүтпөй калды махабаттын сейили.

Турмуш, чиркин, өтүп барат карачы,
Адамдын да өзгөрөт ой-санаасы.
Күндүр-түндүр тынчсызданган апамдын,
Болбой калдың эрке күйөө баласы,
Болбой калдың сүйгөн күйөө баласы.

«ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗДҮ КАЙРА ТАБЫШТЫРГАН ЫР»
– Бул ырды студент кезимде, 20 жашымда «Өкүнүч» деген аталышта жазган элем. Азыркыга чейин менден кимге арналганын көп сурашат. Айрымдар «эже, сиз менин башымдан өткөн окуяны эле жазып коюптурсуз» дешет. Адам баласынын башынан нелер гана өтпөйт. Мисалы, «Болбой калдым колуктуну» жолдошума арнап чыгаргам. Жолдошум экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүздө бир себептерден улам эки ажырым жолго түшкөнү калган элек. Ошондо акыркы жолугушууга барганымда ушул ырымды ага окуп бергем. Тагдыр экен, ырымды уккан ал ошол күнү мени ала качып кетти. Ошентип, ырым аркылуу мен ага колукту болгом.
Ырда баяндалган кайрылуулар, өкүнүчтөр көпчүлүк кыздардын башынан өткөн жана өтө берет. Эсептеп көрсөм, быйыл бул ырдын жаралганына 25 жыл болуптур. «Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет» демекчи, ырым бүгүнкү күнгө чейин аялзаттын жүрөгүндө сакталып келе жатат.

«НАН ЖААП ЖАТКАНЫМДА КАПЫСЫНАН УГУП КАЛДЫМ»
– 1990-жылы Бишкекте Алыкул Осмоновдун 75 жылдыгына арналып «Ак боз ат» фестивалы өткөрүлгөн эле. Ага филология факультетинен мени жиберип калышты. Ошондо кыз-келиндер арасындагы сынакта бул ырым тандалып, «Кыргызстан аялдары» журналына жарыяланган. Ибрагим Жунусов ошол журналдан окуп, обон чыгарыптыр.
Бир күнү айылда нан жаап жүрсөм, мага тааныш саптар кетип жатат. Экинчи куплети ырдалып бүткөндө гана менин ырым экенин билип, жолдошум экөөбүз тең сүйүнгөнбүз. Бир да сабын өзгөртпөй ырдаптыр. Кыскасы, текстке обону, обонго тексти жарашыптыр.
Кийин бул ырды Ош драма театрында, Ибрагим Жунусовдун 20 жылдык кечесинде Токтобүбү Черикчиева ырдап чыкты. Тартынып, акыры концерттин аягында Ибрагим агай менен таанышканы барсам, «бул ыр качан чыккан, а сен эми таанышып жатасың» деп жылуу кабыл алып, ыраазычылыгын билдирген. Ал эми Токтобүбү Черикчиева менен жакындан тааныш эмеспиз. Бул менин ырым экенин деле билбесе керек. Ошентсе да Токтобүбү эжеге ыраазымын, ырды жогорку деңгээлде аткарып, элге жеткире алды.

ЭЛЕГИЯ
Сагындыңбы, мен да сагындым,
Кусалуу бир күнгө кабылдым.
Буйругу жок ушул тагдырга,
Таарындыңбы, мен да таарындым.

Жолугушуу болду арманым,
Жолукпайбыз эми, ардагым.
Жолду карап эми издебе,
Жалгыз аяк жолдо калганмын.

Кыйналдыңбы, мен да кыйналдым,
Мүдүрүлдүм, бирок сынбадым.
Жүрөгүңдү эзип жалгыздык,
Унуттуңбу, унута албадым.

Ыйладыңбы, мен да ыйладым,
Өзүмдү-өзүм алдап кыйнадым.
Жанга баткан жалгыздык ырын,
Ырдадыңбы, мен да ырдадым.

Обончулар акындын бул ырын гана эмес, «Элегия» деген ырын да обонго салып, ырдап жүрүшөт. Акындан саптарына көп сырларды каткан бул ыры тууралуу да суроону эп көрдүк.

«ЖОЛДОШУМ ДА, ЧӨНТӨК ДЕПТЕРИМ ДА КАЙТПАЙ КАЛДЫ»
– «Элегия» «Өкүнүчтөн» 10 жылдан кийин жазылган. Мен көбүнчө сагыныч туурасында жазгым келет. Балалыкты сагынуу, туулган жерди сагынуу, ата-энени сагынуу, жакын адамыңды сагынуу дегендей. Эргүү келгенде баракка түшүрүп калууга ашыгам. Ошондо ырларым бир да чиймеленбей, оңдолбой жазылып калат. «Элегиянын» да эки куплети дал ошондой болуп кыска убакытта оңдоо-түзөөсүз жаралган.
Жолдошум Аксыга, айылына кеткен эле. Жамгыр жаап жаткан. Үйдө жалгыз отурганымда эргүү келип, эки куплетин чөнтөк дептериме жазып койгом. Айылдан кайтып келген жолдошум Орусияга кетмек болуп калды. Бир убакта карасам, ал чөнтөк дептеримди таап алып ушул ырымды окуп отуруптур. Көрүп алып коркуп кеттим. «Кимге арнап жаздың?!» деп урушат го десем, унчукпай чөнтөгүнө салып, өзү менен Орусияга алып кеткен эле. Тагдыр экен, ошол бойдон экөө тең кайтпай калды. Бирок экөө тең жүрөгүмдө сакталуу.

«ЭЛЕГИЯНЫ» ЫЙЛАП ОТУРУП УККАМ»
– Алгач «Элегияга» Альбина деген студент кыз обон чыгарып, комуз менен ырдап жүрчү. Андан кийин Ибрагим Жунусов обон жазып, мага угузуп, «эми аранжировкасын жасатам» деп жүргөн. Агай саясатка аралашып кетип, ошол боюнча калып калды окшойт. Үчүнчү ирет Түмөнбай Колдошов деген жигит обон чыгарды. Экөөбүз капысынан көчөдөн кезигип калдык. «Эже, ырыңызга обон жазайын деп жатам» дегенинен макулдугумду бергем. Кийин «эже, кайырмасын, анан дагы бир куплет жазып бериңизчи» деп телефон чалды. Тамак жасап жаткан элем, бир ашканага, бир барагыма чуркап жатып чыгарып бердим. Азыр эргүү менен жазылган эки куплетти жатка билем да, берки экөөсүн жаттай албадым (күлүп).
Түмөнбай аккордеон менен ырдап чыгып, «Сагындыңбы, мен да сагындым» деген аталышта чыгармачылык концертин да берди. Түмөнбайдан Айпери Кулбаева алып ырдап, жакында клип да тарттырыптыр. Бул ырга үч жолу обон жаралды, үчөөнү тең ыйлап отуруп уккам.

Уулбү Каныбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
abaychik
2013-07-22 16:28:53
Экоо тен элдин журогундо кала турган чыгармалар, кайра-кайра уккандан жадабайсын, жолдошунуздун калган омурун сизге, балдарынызга берсин эжеке!
0
yalegenda
2013-07-22 21:28:30
эже бул ырды мин уксам да сиз жонундо биринчи жолу окуп-билип жатам козумо жаш алып окуп буттум чынында унутулгус ыр жараткансыз бактылуу болун!
0
asil-08
2013-07-22 22:46:11
абдан журоктун тупкуруно жете турган ырлар бар болунуз эжеке
0
nnn
2013-07-23 10:01:59
Жыпар эже биздин коллега аябай жакшы эже.Эч качан жамандык корбонуз, айыгып кетиниз!
0
Temari
2013-07-26 00:55:18
nnn, saga koshulam Nurkyyal
0
osh1991
2013-07-23 20:27:31
"Элегия " ырын Түмөнбай агайымдын аткаруусунда жандуу уккан кезде жан дүйнөмдөгү көр тириликтин азабын аңтарып, жашоомду жаңылап алам. Сөзүнө обону төп келген сезимдин музасы.
0
ХАНЗАДА
2013-07-24 11:54:31
0
honey005
2013-07-24 15:06:00
Жыпар абже дагы коптогон ырларыныз жарала беришин каалайм кудайым сизге ден соолук , куч кубат берсин!Ар дайым бар болунуз!
0
Aipery
2013-07-25 23:34:17
Эки ыр тен аябай маанилуу жазылган.Ишинизге ийгилик!
0
Zarema94
2013-07-25 23:44:13
jurok sezet degeni ushul bolso kerek...
0
upol92
2013-07-26 01:13:56
Менин эжекемго... Куйоонуз жашабаган жашты сиз жашаныз эжеке !! Бактылуу болунуз !!Иштеринизге ийгилик !!!♡♡♡:-@
0
kreml87
2013-07-27 04:28:44
Кандайдыр умут мн ич-ичимден сыздап,журогум ээзилгенче (колукту) ушул ырды уга бердим,уга бердим.Бирок,ото кеч болуп калганын эч тан алгым келбеди.
0
chaban_08
2013-07-27 10:09:32
Ээх эзилип кеттимго. Маегин окуп бир эзилсем ырын укканда бырчаланып эле кеттим „Элегия” деген ырын таппай журдум эле. Баары сонун журоктон чыккан ыр журокко жетет. Эн сонун !!!
*
Журогумду эзип жалгыздык
Унуттунбу унута албадым!
*
0
gulzinarzu-09
2013-07-27 11:35:42
Биздин эжекебиз. Элегияны блокнотторубузга жазып алып журчубуз
0
Nurik_UFC
2013-07-27 13:16:43
азаматсыз эже
0
Miss.ledi
2014-03-29 23:22:31
Эжеке сизди абдан сагындык. Атин бизди жана балдарынызды таштап кете бердиз. Эжеке жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торко болсун! Оо Аллахым Бейиштен оорун бере кор.
+1
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан