АТАМБАЕВ АНГЛИЯГА ТАП БЕРДИ

Бул аптада элдин оозунда президент Алмазбек Атамбаевдин Улуу Британияга айткан сыны болду. Аны күтүп тургансып, кошмо штаттар да Курманбек Бакиевдин уулу Максимге карата тиш кайрай баштады.
Кыргыз өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Улуу Британиянын «Гардиан» гезитине интервью берип, Англияны сынга алды. Анда президент англиялыктар Максим Бакиевге баш паанек бергендиги үчүн уяларын айткан. Анткени М.Бакиев Кыргызстандын тоноочусу экенин билдирген ажо: «Британия Муаммар Каддафи менен Башар Асаддын балдарына баш калкалоо берди беле? Анда эмне үчүн Кыргызстанга карата башка стандарт колдонулуп жатат? Англия Кыргызстандагы демократияны өнүктүрүүгө жардам беребиз дейт, бул калп. 20 жыл оппозицияда жүрүп, демократия үчүн күрөштүм. Мен билген эмесмин, демократия жөнүндө айтылган кооз сөздөрдүн артында жалган болорун. Демократияны негиздеген Англия бизге каршы барганы түшүнүксүз. Саясатта ушундай уятсыз, коррупциялашкан иштер болорун күткөн эмесмин»,- деген.
Мындан көп өтпөй АКШ 10-майда Британияда кармалган Максимге козголгон кылмыш ишин жаап, өз аймагына экстрадициялоо жөнүндөгү кайтарып алган сунушун Кыргызстанга карата пайдалангысы келдиби, айтор, анын банктарындагы эсептерин жаптырып салыптыр. АКШдагы жабылган эсептин суммасы 74,4 миллион долларды түзөрүн экономика министри
Темир Сариев
билдирген. Министрдин айтымында, Максимдин бир эсебинде 5,4 миллион доллар, экинчи эсебинде АКШда баалуу кагаздарды сатуу менен тапкан 9 миллион доллары болгон. Мындан сырткары Американын коммерциялык банктары мыйзамсыз киреше көргөн деген доомат менен 60 миллион долларлык эсептердин иштөөсү токтотулду. Алар бул сумманы Кыргызстандагы Максим Бакиевге тиешелүү болгон банктар менен иштеп, пайда көргөн деп айыпталууда.
Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү Максим Бакиевге таандык деп табылган акчалар анын Кыргызстанда уурулук жол менен тапкан каражаттарынын аз гана бөлүгү экенин айтып келатышат.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев Нарынга болгон иш сапарында 2009-жылы Максим Бакиев биринчи миллиард долларын Москвадагы казинодо майрамдаганын билдирген эле.
Учурда өкмөт жана прокуратура мына ушул каражаттарды Кыргызстанга кайтаруу аракетин көрүп жатат. Мындан сырткары Башкы прокуратура Латвия жана Улуу Британияга экс-ханзааданын эсептерин жабуу тууралуу кат жолдогон.
Чындыкты орой айтса да, тике карап түз оюн билдирген, улуу державага тең ата сүйлөгөн эл башчыбызга коомчулук «бали» деп айтары бышык. Буга чейин мындай күчтүү мамлекетке эмес, тең тайлаша алар Тажикстанга да сөз айта алчу эмес эле жетекчилерибиз. Эми журт башчысына кайрат тилеп, коңшулардын мизин кайтарган эрк берсин дейли.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (58)
toolos.85
2013-07-24 14:44:34
Атамбаев Азамат!
-6
Ananasky
2013-07-24 18:33:52
Атамбаев бироого тап бергенди коюп кыргызстан учун эмне иш кылып жатамын деп ойлонсун .
+4
Shah
2013-07-24 22:13:27
Хандын башын Хан гана жей алат желген башты кайра кайра жей берген Ханга таандык иш эмес! Кыргызда жакшы соз бар курошто жыгылганды жыкпайт деген.Эми аларга кайра кайра асыла берсе кадыры эле тушот го.
0
Adobek
2013-07-25 09:46:02
Эн туура айтыптыр
-1
Adobek
2013-07-25 09:48:30
Англия улуу держава болсо озуно, а бул жерде чындык, калыстык жонундо оз ойун айтып жатат,
0
zhanymka
2013-07-25 19:44:23
Adobek, эн туура айтасын,мен да кошулам
0
Mir82
2013-07-25 14:58:36
Биздин чондор бийликке келгенде эле эскилер жеп кетти тоноп кетти деп шылтоолой беришет,мен негедир ээч эле ишене албай турам оздору эле шайлоолордо канчалаган акчаларын чачып ийип барып таза иштеп аткандарына...
+4
samara.akyl
2013-07-26 12:06:47
ииийий бир шумдукпузда адамдарга тан калам!мынча эмне Атамбаевди жамандап?биздин мандайга жазганы ушул.же эмне ажобузга лондондун ажосу иниси же бажасы беле барып Максимди жулуп келгендей,бизге эч нерсе жакпайт деги,баарын жамандай беребиз ажо дагы колунан келгенин кылып жатат.онугуп онуш биздин колубузда анан озубуз жакшы жумуш таап албай же жалкоолонсок,пара сураса и.т.д баарын адого шылтайбыз ушактайбыз жадаган жоксунарбы 2тонкоруштон андан коро колдоп кучтоп турсак онолот элекго отуруп алып
0
admin_media
2013-07-26 13:27:29
samara.akyl, detective,
Жеке айтышууларга тыюу салынат! Темадан алыстабайбыз.
0
allan
2013-07-26 13:33:39
Чондор карапайым элге калп эле отчет беримиш болбой эле билген намаздарын окуй беришсин!Аларсыз деле эл озулорунун жашоосун кылып жатышат.Элге тийишпей Англия,Америка болуп журо бергиле!
0
Ura1972
2013-07-26 15:18:06
Жогорудагы Атамбаевди жактырбай суйлогондор! Ушул киши жасаган иштердин бироосун жасап туруп анан сын жургузолучу. Бекер отуруп алып суйлой берет экенбиз да. Ар ким оз ишин сындасын.
0
aizi85
2013-07-26 16:31:24
Эмнеси болсо да биз озубузду озубуз багып жатабыз пешенебизге росия бар экен андан коро ошол жака отуп кеткенибиз жакшы беле кыргызстан эч качан онолбойт 100% кепилдик берем биздин чондор бардыгы озум олбойундон
0
sadykbek
2013-07-27 19:28:09
карызды качан бересин Алмаз деген чыгар Англичандар. Ты кто такой давай досвиданя деген да. Медведов учурашпай ушинткен
0
ramashka
2013-07-28 08:24:24
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев,азамат!
-3
aika2009
2013-07-28 22:32:04
ramashka,иииии
0
Nuraiym.marasilova
2013-07-28 16:27:58
Эн башында Бакиев кеткенде, биздин "Убактылуу окмотту" ким шайлады озу ??? Оздорун оздору шайлады, эл шайлаган жок. Баарынар эн баштан жакшылап анализ кылып коргондо, азыркы жазган созунорго окунмоксунор. Башкаларга "тап" бергенден коро озунун чимиригин тартып алсын биринчи. Бакиев канчалаган мектептерди курду, 1-4 класстарга бекер тамак берди, куралдуу кучторун толуктады, дагы канчалаган жакшы нерселерди жасады. Элдин акчасын жесе да "озуно керектуусун" гана жеди.
0
enn07
2013-07-28 23:39:22
иии кыйратыптыр. тим эле тоону томкоруптур
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан