«Ата Журттун» үч депутатынын соту 16-июль күнү Жогорку Сотто каралмак болгон. Бул жолку отурум да кызыктарга бай болуп, күтүүсүз окуялар менен башталды. Соттук отурум башталганга чейин Жогорку Соттун имаратынын алдында депутаттардын тарапташтары журналист Рыспек Токтоналиевдин футболкасын айрып салышты. Ал жарандар ошол эле учурда камакка алынып, Биринчи Май райондук соту 47 жаштагы Ч.Байзакованы үч суткага камоо, 50 жаштагы К.Ташиеваны 300 сомго айыпка жыгуу чечимин кабыл алды.
Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 2-майында ушул эле депутаттардын иши каралып жаткан Биринчи Май райондук сот залында кесиптешибиз,
SUPER.KG порталынын кабарчысы Ширин Жумадиловага Жаннат Акматова деген аял кол көтөрүп, жулкулдатып, тилдеп, анын айынан 300 сом айып пул төлөө менен 8 саатка коомдук ишке тартылган болчу.
Ошентип, сот башталып, бирок депутаттар отурумга келбей коюшту. Алардын укугун коргоо үчүн келген жаңы жактоочулар иш менен таанышып чыгуусу үчүн сот 23-июлга калтырылды. «Жогорку Соттогу соттук отурумга жакын туугандарыбыздын кирбей калышына нааразы болгон тарапташтарыбыз жол тособуз, сотту болсо Ош шаарында өткөрсүн деп жатышат»,- деди депутат Талант Мамытов ошол эле күнү түштөн кийин маалымат жыйынын өткөрүп.
Акыркы учурларда бизде соттук отурумдар чуусуз өтпөй калды өңдөнөт. 17-июль күнү Апрель окуясы боюнча өтүп жаткан сот процессинде жабырлануучулар менен сот процессиндеги коопсуздукту камсыз кылып жаткан милиция кызматкерлеринин ортосунда мушташ чыкты. Айыпталуучуларды залга алып келишкенде аларды жабырлануучулар алдын ала даярдап келген таштар менен урушту. Андан соң дубалда илинип турган картиналарды жулуп алып ыргыта башташты. Ошондой эле отургучтарды талкалап, анын сыныктары менен коопсуздукту камсыз кылган жоокерлерди чапкылашты.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg