АТТЕСТАЦИЯДАН КУЛАГАН МАИчилердин ПРЕЗИДЕНТИ САТЫБАЛДИЕВ ЭКЕН...

Жаз менен жарышып жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр «аттестация» аттуу элекке түшүшкөн. Өлкө боюнча МАИчилердин дээрлик 30-40 пайызы «өз жумушун билбеген» болуп чыкты. Анын жыйынтыгына нааразы тарап да өз жүйөлөрү менен актанып, атүгүл алар президент менен башкы прокурорго кайрылуу жасашты. Алардын айтымында, аттестация нормативдик-укуктук актыларды бузуу менен өткөрүлгөн.
Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талант Исаев өлкө боюнча 6000 МАИ кызматкери аттестацияга катышып, анын ичинен 186сы өтпөй калганын билдирди. Алардын 57си борбор калаадагы кызматкерлер экенин кошумчалап өттү. "Аттестацияда "Президентибиз ким?" деген суроого "Жантөрө Сатыбалдиев" деп жооп берген МАИчилердин деңгээлин кандай түшүнөбүз?"- деди ал.
Аттестация тестирлөө аркылуу өтүп, андан Бишкектеги кызматкерлердин 63 пайызы жол кыймылынын эрежесин билбей тургандыгы аныкталган. Учурда бош орундар үчүн сынак жүрүп жатат. Бул иш боюнча пикирин айткан укук коргоочу Олег Казаков «аттестация учурунда коррупция негизги ролду ойногон» деди. Ага Ош шаардык МАИ кызматкери Эльдар Назаров аттестациядан өтүү үчүн андан 1500 доллар пара сурашканын айтыптыр.
Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат болуп жатабы, айтор, Бишкекте кызмат көрсөткөн МАИчилер ала таякты "булгалагандан" башканы билбейт окшойт деген пикир жаралат. Негизи, 5 миллион калкы бар Кыргызстанда былтыр жол кырсыгынан 1056 киши каза болгон. Ал эми 85 миллион эл жашаган Түркияда ушул эле көрсөткүч боюнча 3000 адам мерт кетиптир. Демейде «карга карганын көзүн чокубайт» дечү эле, каргалар чокуша баштаганда акыйкаттык жеңсе деген илгери үмүт менен жашай туралы.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
kara-koz
2013-07-22 11:45:40
тобооо деги качан алга умтулабыз!оз жумушун билбегендерди айдаш керек
+3
Aidai2010
2013-07-22 18:55:27
Билимсиздер, булар акча алууну гана жакшы билишет.
+1
Aisuluu7
2013-07-23 13:58:36
Президентти Жанторо Сатыбалдиев деп айткан адам атайы кылганбы не, же чындап эле ушунчалык билимсизби?
0
doni89
2013-07-24 05:44:44
Приздентибизди тааныбагандан кийин МАИ кызматкери болбой калсын уят еле просто позор эх кыргыздар кырыгыздар акча алууну ойлобой бир аз билиминерди жогорулатсанар болотго.
0
PROS
2013-07-24 08:56:09
Жалган, керек болсо мектеп окуучуларынан бери саясатташып кеткенбиз, кантип эле билбей калышсын?! Чондор элди лох ойлобогулачы!!!
0
Эрнест Бөрүбаев
2013-07-25 12:25:14
Булар алганды болгонду кана билишет акмактар адамга кантип суйлошун билбеген манкурттар иштеп журушот уят уят уят
+1
gutler
2013-07-27 02:35:51
Кантип эле прездент Сатыбалдиев дешсин,тооба,не может быть. Атамбаев президент экендигин,садиктеги бала да билет. Калптын казаны кайнабайт.
+1
acer11
2013-07-31 13:20:38
gutler, садиктеги билим менен ишке орношконда.орто билимди буткондо пенцияга чейин иштемек.
0
nur8706
2013-07-27 17:00:37
ммм,булардын акча сураганы чындык менинда агам маичие иштейт еле алар сураган акчаны койо албай калып иштен кулады
0
adisbai
2013-07-27 22:05:32
дааа мынданда коп чыкмак акча бергендер берип калды ача бербегендер калып калды
0
enn07
2013-07-28 23:37:34
гаишниктердин баары ичтинби деп сурашат, хоть бироо барбы сен жединби деген анекдоттогудай булар акча алууну эле билишет. бир эле булар эмес эгер бийликтегилердин баарын ушинтип сурашса алар деле ушундай болушат
0
glamur
2013-08-04 18:06:40
баары бирдей эмес Маи кызматында жаакшысы да бар Исаев дин рейд малында алынган 1551 вв номери кайрадан ошто ваз 2107 машинасында журот тонировка 100процент Исаев байке андай места мыйзамда баары тен
0
glamur
2013-08-04 18:09:37
атецтацияда чындык болгон жок кээ бир маи кызматкерлери бирин бирине орун атайлап картан гаичилер моонотун 6 айга тапшыруу эгзаменин узартышты
0
aitowa11
2014-04-26 13:46:05
Ой тообааа кантип Сатыбалдиев десин )))
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан