Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 2013-жылдын 5 ай аралыгында 58 МИҢ бала төрөлгөн.
Эгемендүүлүктү алгандан берки 22 жылдын ичинде Кыргызстандан 1 МИЛЛИОН киши чет өлкөгө чыгып кеткен, анын ичинен 650 миңи Орусияга барып, 45 миңи орус жарандыгын алышкан. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.
Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылган Турсунбек Акундун парламенттин токтомундагы өзүнө тиешелүү 3 пунктту жокко чыгаруу боюнча жазган арызынын негизинде соттук отурум 16-АВГУСТТА болот.
1-августтан баштап Кыргызстандагы айыл өкмөт башчыларынын маянасы ЭКИ ЭСЕГЕ көтөрүлүп, 3500 сомдун тегерегинде болорун Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашев билдирди.
Башкы прокуратура 2010-жылы Ат-Башы райондук жарандык абалдык актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Ш.А. өзүнө жана башка адамдарга мүлк өткөрүп алуу кызыкчылыгын көздөп жасалма НИКЕ КҮБӨЛҮГҮН даярдаган деген шек менен кылмыш ишин козгоду.
Өлкөдө үстүбүздөгү жылдын 5 ай ичинде 20 МИҢ жаран никеге турса, 3 МИҢ жаран ажырашканын Улуттук статистика кызматы маалымдады.
17-июль күнү ӨЗГӨН ШААРЫНДА МАИ кызматкерлерине кол көтөргөн өзбек улутундагы жергиликтүү эки жаранга кылмыш иши козголду.
КУРМАНАКУН МАТЕНОВ Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
120 миңге жакын 3 фазалуу электр энергиясын пайдалануучуларга карата 1-октябрдан тартып БАА КЫМБАТТАЙ турганын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев кабарлады.
15-июлда президент Алмазбек Атамбаев «КРнын Аскердик доктринасы жөнүндө» ЖАРЛЫККА кол койду.
17-июлда Кара-Буура районунун тургундары Казакстанга кетчү «БЫСТРОТОК» суу каналын ачышты.
Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты АЛТЫНБЕК АРЗЫМБАЕВДИ "ири көлөмдөгү алдамчылык кылмышына шектүү" деп Бишкектин Биринчи Май райондук соту 1 айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Учурда Ош шаары боюнча 20 442 ЖАРАН пенсия алат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
2013-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда ВИЧке чалдыккан 4830 АДАМ каттоодон өткөн.
Жалал-Абад облусундагы "Кыргыз Петролеум Компани" мунай чыгаруучу ишканасы жыл башынан бери 38 МИҢ ТОННА мунай өндүргөн.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nasyrkg
2013-07-22 23:20:57
Айыл окмот бул окмот м-н элдин ортосундагы акчаны жепичкен афера жасаган бир иши жок.
0
kyrgyzz
2013-07-27 16:05:45
elektr energi9 kimbattasa dagy kotoruluw 4ygyp ketet. 3 fazalu energi9ni toktotup salsa onduruw alsyrait onduruw toktoi bawtasa ekonomikaga taasir tiygizet kalp ele eldi kysa berbegile4i bizdin okmot! anan + - taryn izildep kordunorbu? je emne uwul ele kaldyby alar 3 faza koldonobu je 220 koldonobu ak4asyn tolop atat da ak4any tuura boluwturo albaisynar anan dagy ele eldi kysa bawtaisynar... minte bersener dagy kotoruluw bolot. Anys dele kenedei KUM TORdu 4e4e albai atasynar !!!!!!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.