Бийчи Атай Өмүрзаков эми кытайлыктардын көңүл чордонунда. Кытайдагы интернет порталдардын биринде Атайдын бийлери кароолор боюнча эң көп упай топтоп, бийчи алар уюштурган бий фестивалына конок болуп катышып келди.
Фестивалдын жүрүшүндө көрүүчүлөрдүн суроо-талабы менен өзүнүн репертуарынан бир бий аткарып бергенин да айтат Атай. Ошондой эле анын окуучуларынан куралган «Тумар КР» бий тобу жетекчисинин ийгилигин кайталап, «Чехия, Словакия таланттары» долбооруна катышып, жарым финалга жолдомо алышты. Балдарынын ийгилиги боюнча Атай «даярдыкты азыртан баштадык. Буюрса, жеңиш биз тарапта болот деген үмүтүбүз бар» дейт.