Көгүлтүр экрандын жүзү, диктор Кыял Шаршеева 13-июлда балканактай уулдуу болуп, сүйүнүп жаткан чагы. Кубанычы менен бөлүшкөн эне «балама ыйык Рамазан айында жарыкка келгени үчүн Нурислам деген ысым ыйгардык» дейт. Белгилей кетсек, Кыялдын 3 жаштагы Айтаажы аттуу кызы бар. Бешик боосу бек болуп, кыргыздын чыгаан уулдарынын катарын толуктасын дейли.