АБДЫ КАДЫРМАТОВ ПЕТРОСЯНДЫН МАКТООСУНА ТАТЫДЫ

14-июль күнү казак жергесинде «Аалам азили» аттуу эл аралык фестиваль болуп өттү. Фестивалда Кыргызстан, Орусия, Беларусь, Өзбекстан жана Каракалпакстандын куудулдары өнөрлөрүн тартуулашты. Кыргызстандын атынан куудул Абды Кадырматов катышып, кыргыз-орус тилдеринде тамаша тартуулап келгенин айтат. «Фестивалда Орусиянын Евгений Петросян, Карен Аванесян аттуу белгилүү куудулдары менен жүз көрүшүп, маектешип келдим. Петросян талантымды баалап, мактоо сөздөрүн айтып, мени сүйүнттү. Катышуучулар он мүнөттүк кыскача тамаша тартуулап, баалуу белек, дипломдорго ээ болдук»,- дейт куудул. Ошондой эле Петросянды Кыргызстанга чакырганын, ал "мен картайып башка өлкөгө көп чыкпай калдым. Ошентсе да бул сунушту ойлонуп көрөйүн" деп айтканын кошумчалады.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
perulan
2013-07-22 11:09:30
Негизи кыргыздар таланттуу талантыныз ташкындай берсин
0
lazy_boy.kg
2013-07-22 16:46:13
ооо бул менин жердешимго ийгилик сизге
0
monchok
2013-07-23 13:32:58
lazy_boy.kg, Жердешинби? кайсы жерден болот бул байке?
0
erkesh
2013-07-23 18:47:29
ЭРКЕКТЕР-2деги ушул байкеби,ролун мыкты аткарган
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан