«Ак толкундар», «Кайдасың?» деген ырларды ырдаган Азизаны издегендердин саны көп болуп кетти. Чындыгында, Азизанын сахнадан четтегенине 3 жылга чамалап калды. Ырчы өзү «Кайдасың?» деп ырдагандай, «Каякта, эмне иш кылып жатасың?» деген сыяктуу суроолор менен ырчыны маекке тарттык.
– Азиза, кандайсың? Күйөрмандарың сени сахнадан кетип калдыбы деп тынчсызданып жатышат...
– Жакшы. Көрүнбөй калганыма үч жылга жакындап калды. Турмушка чыгып, боюмда болгондо эле сахнадан четтеп кеткем. Өзүмө көңүл бурайын, аял катары үй-жайды жайгарайын дедим. Анын үстүнө ызы-чуудан жакшы эле чарчаптырмын. Эми болсо ырдаганды сагындым. Учурда жаңы ырларды жаздыра баштадым. Орозо бүтсө, клип тарттырам деп турам.
– Кызыңды карап үйдө экенсиң да анда...
– Ооба. Кызымдын аты – Асел. Атын атасы өзү койгон. 1 жаш 6 ай болуп калды. Чынында эле балдай таттуу кыз. Кеч балалуу болгондор ушундай баласаак болуп калышабы, айтор, кызымсыз бир саат араң чыдайм. Андан ашып баратса өзүмдү жаман сезип, жүрөгүм туйлап, ыйлаганы кулагыма угула берет. Кызым үчүн көп нерселерден баш тартуудамын. Мисалы, той-топурдан. Мен аны бирөөгө ишенип таштай да албайм. Азыр «апа, ата, эже, нана» деп жаңыдан тили чыгып, күнүгө ар кандай кылыктары менен сүйүнтүп жатат. Акыл кире баштады окшойт, бир жакка чыгарда кийине баштасам эле бакыра баштайт, «кетпе» дегендей кылып. Кыскасы, кызыма байланып калган учурум.
– Эне болгондогу сезимдериң менен бөлүшө кетсең...
– Кызымды колума алгандагы абалымды айтып бере албайм. Калтырап, көзүм жашылданып, «Чын эле менин кызымбы, эне болдумбу?» деп денем чымыраган. Ага чейинки кыйналганымдын баары кызымды көргөндө унутулуп калды. Өзүмө келгенде дароо апама телефон чалдым, «Апа, сизге рахмат! Сиздин мени кандай жакшы көрөрүңүздү эми түшүндүм. Кадырыңызга эми жеттим» деп. Азыр турмушка чыга элек тааныштарыма тажрыйбамдан бөлүшүп коём. «Турмушка чыгып, эртерээк балалуу болгула» дегенде «ооба, билебиз» деп айткандарга «акылдуусунганыңар менен, аларды дагы деле түшүнбөй жатасыңар» деп калам. Анткени «жашың өтүп баратат, турмушка чык» дешсе бир кулагым менен угуп, экинчисинен чыгарып жиберчүмүн. Ал сөздүн ушунчалык терең экенин сезчү эмесмин.
– Ата-энеңдин төрүндө эркелеп жүргөн кезиңди сагынасыңбы?
– 18 жашымда турмушка чыгып, анан кыз кезимди сагынып жатам десем жарашмак. 30га жакындаганда үй-бүлө күтсөм, антип айтыш уят болуп калат го. Ага чейин ата-энеме жакшы эле эркеледим. Жаштыктын доорун ойдогудай сүрдүм. Ар бир жаш курактын өзүнүн кызыгы бар.
– Тасманы артка бир аз түрдүрөлү. Аселдин атасы менен кантип таанышып, кантип баш кошконсуңар?
– Жолдошум Эмир Сарпашевди эл жеке ишкер катары таанышат эмеспи. Биринчи Эмирге мен өзүм баргам. «Жердеш байкем экенсиз, менин чыгармачылыгыма колдоо көрсөтүңүз, клип тарттырып бере аласызбы?» деп. Анткени Эмирдин искусствону сыйлаарын, мага чейин деле бир далай адамдарга колдоо көрсөткөнүн билчү элем. Ошентип «Кайдасың?» деген ырымдын клибин тарттырып берди. Кийин «тааныштарымдын тою болот эле, ырдап берчи» деп чакырып жүрдү. Шайлоолордо да чогуу иштедик.
Анда мен анын жубайы болуп калам деп эч ойлогон эмесмин. Жердеш байкем катары мамиле кылчумун. Ал да мага ошондой эле жооп кайтарчу. Ортодон бир канча убакыт өткөндөн кийин жылдызыбыз келишип, бири-бирибизге арбалдык. Жылуу мамилебиз сүйүүгө айланды. 2010-жылы баш коштук. Эмирдин, менин досторум болуп жолдошумдун кичи мекени Токтогулдун Торкен айылына бардык. Кайын журтум жакшы кабыл алышты. Кайненем ак жоолугун салды. Ал жоолукту азыркыга чейин сактап жүрөм. Жолдошумдун ошол учурда маанилүү иштери болгондуктан, айылда айлап келиндик кызматымды кыла алган жокмун. Бир эле күн болуп, борборго келе бердик. Бир күн болсок да эртең менен эрте туруп кайнене-кайнатама ысык чайымды бердим. Азыр эми тез-тезден барып турабыз. Ата-энебиз кайним менен турушат.
– Үйлөнүү сунушун кантип киргизди?
– Жолдошум романтик эмес. Кесиби математик болгонгобу, баарын тарс-тарс жасайт. Мага сөйкө алып келип, ачык эле «мага турмушка чык, эми жаш бала эмеспиз» деди. Шаардын четине чыгарып алып, шакекти катып, мени издеткендей экөөбүз тең жаш эмес элек да.
– Кайниң Тайыр Сарпашев вице-премьер-министр эмеспи. Досторуң тамашалап «бул маселени Азиза чечсин, кайнисин жардамга чакырып болсо да» деп тийишип калышса керек...
– Мен ал кишини таптакыр жашоомо аралаштырбайм. Ал жөнөкөй адам эмес, эл башында тургандардын бири. Досторум ошентип тамашалашкан күндө да жооп бербей, унчукпай күлүп коём.
– Сахналаш курбуларың менен катташып жатасыңбы?
– Албетте, сахналаш курбуларым жашоодогу ата-эне, үй-бүлө, бир туугандардан кийинки эле жакындарым. Мурун бир баш болсок, азыр эки, үч баш болуп көбөйүп калдык. Ырчы досторум Назми, Роза, Айнура, Жанара – баары турмушка чыгышкан. Фарида эле калды. Катташам, сырдашам. Өзүбүз эле эмес, үй-бүлөбүз менен чогуу чай ичишебиз. Туулган күндөрдө, майрамдарда барып сөзсүз куттукташып турабыз.
– Турмушка чыккандан кийин кыздарды курбулары менен катыштырбай, айрым күйөөлөр тыйып калышат, бул жагдай силерде кандай?
– Жок, антип каршы болгон жок. Турмушка чыга электе эле менин ырчы экенимди, жашоомду билчү, курбуларымды таанычу. Турмушка чыгып эле, «болду, силер менен катышпайм» десем туура эмес болуп калат го.
– Жолдошуң Азиза деп эле чакырабы?
– Азиза, Азико деп эркелетет. Романтик болбогону менен, жылуу сөздөрүн дайыма арнайт. Майрамдарда белек-бечкегин көтөрүнүп келет. Мен да аял катары анын оюндагысын айттырбай түшүнүп, көңүлүн тапканга аракет кылам.
– Үй жумуштарынан кайсы ишке моюнуң жар бербейт?
– Баары маанайга жараша. Эгер маанайым «5» болсо, бардык жумушту катыра жасайм. «Тигини жасайм, муну анан кылам» деп бөлбөйм. Бирок пол жууп, чаң сүрткөндү көп жактыра бербейм.
– Кайсы тамакты канчалык аракет кылсаң дагы окшоштура албайсың?
– Тамак жасап жатканда бүт назарымды казанга бургум келет. Ошондо тамак өтө даамдуу болорун өзүмдүн тажрыйбамдан билем. Бирок кээде үйгө киши келгенде ага алаксып калып, бир аз ойдогудай жасай албай калам. Ойлоп көрсөм, лагмандын камырынан ката кетирет окшойм. Чоё албайм дебейм, чоём, бирок кээде бир жери жоон, бир жери ичке болуп калат.
– Адам өзүнө-өзү сын көз менен да караш керек эмеспи. Азиза кандай адам?
– Бат таарынам, бирок бат жазылам. Ак көңүлмүн, кек сактабайм. Чыдамым жок, шашмамын.
– Үйдөгү кассаны ким кармайт?
– Касса ортодо эле. Кирешенин 99 пайызын жолдошум таап келет, менин тапканым ыр жаздырганыма, сахнада кийүүчү формама да жетпейт. «Тойдон таап келген акчам, тийбе» дебейм. Эмир да "үйдөгү киреше алып келүүчү негизги адам менмин" деген сөздөргө жол бербейт. Керектөөлөрүбүздү кеңешип эле жасай беребиз.
– Жакшы. Ушуну менен сөзүбүздү аяктайлы, бактылуу бол.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg