Өткөн саныбызга жарыяланган Мирлан Баековдун маегинен кийин эле «Жоролор» куудулдар тобундагы Жылдызбек, Алтынбек, Эсенбек редакцияга келишиптир, «биздин да айтар сөзүбүз бар» дешип. Эске салсак, ырчы өз маегинде «Жоролор» тобу чачырап кеттик» деген болчу.
– «Мирландын маегинен улам келдик» деп жатасыңар. Эмне, нааразычылык барбы?
ЖЫЛДЫЗБЕК, топтун жетекчиси:
– Мирлан маегинде «Жоролор» тобу тарап кеттик» деп айтыптыр. Ал топтон чыгып кетсе эле биз тарап кетишибиз керек бекен?! Биз эч кайда тараган жокпуз. «Ар бир айдын алтысы» долбооруна катышып келе жатабыз. Тескерисинче, көбөйүшүп, театр болуп ачылсакпы деген ой бар.
– Мирландын топтон чыгып кетишинин себеби эмнеде?
– Мирлан башында азыр биз кандай жүрсөк ушундай эле болчу. Бир бөлкө нанды тең бөлүп жечүбүз. Акыркы кезде эле жылдыз болуп кетти. «Жүрү тиги жакка, бул жакка баралы» десек, такыр колу бошобой калат. Кийин чакырбай да калдык. Гастролго биз менен эмес, өзүнчө чыгып жүрдү.
– Бул нерсени ачык сүйлөшүп алдыңыздар беле? Мисалы, "Мирлан, сенин өзүнчө кетем деген оюң бар экен, мейли, иштей бер" деген сыяктуу?
АЛТЫНБЕК, топтун мүчөсү:
– Андай сөздөр болгон эмес. Мен Мирландын бул кадамынан бир нерсени түшүндүм. Адам баласы жокко чыдайт экен да, барга чыдай албайт тура. «Кызыл өрүк» дүң болгуча биз менен эле жүрчү. Анын минтип суу ичкен кудугуна түкүргөнү туура эмес. Иштесе өзү иштей берсин, биз жөнүндө сүйлөбөй эле койсун. Кыскасы, ал бизден жокчулуктан эмес, көпкөнүнөн кетти. Жаныбызды бага албай жүргөндө чогуу эле жүргөн, жаныбызды багып калганда кетип калды.
– Эсенбек, Мирлан сенин бөлөң экен. Бөлөңө таарынычың барбы?
– Ооба, карын бөлөбүз. Мики туура эмес ойлонуп алды окшойт. Бизден кеткенден кийин деле «топтон кеттиң беле?» деп сурагандарга «жок, чогуубуз» деп жооп бергенин укчумун.
Жылдызбек:
– Аты тааныла электе концерттерге Мирланды биз сүйлөшүп коштурчубуз. Бирибиз кийимин көтөрсөк, экинчибиз аккордеонун, үчүнчүбүз дискин ташычубуз. Белгилүүлүккө жете электе канчалаган кыйынчылыктарды көрдүк. Орусияда курулушта иштедик. Эсенбек дөңгөлөгүн сатып, биз башка нерсесин көтөрүп, «Кызыл өрүктүн» клибин тартууга жардамдашканбыз. Ырды эч бир радио жаратпай койгондо, тааныштарым бар экен, кадырыбызды салып жатып араң эфирге чыгарганбыз. Бизден ал эч жамандык көргөн эмес. Бизге кошулуп интермедия ойноп жүрчү. Ырчы болбосо куудул эле болмок.
– Гастролго көп чыкчу элеңер. Азыр үчөөңөр чыгып жатасыңарбы?
Алтынбек:
– Жакында эле Жылдызбек экөөбүз Сахалинге барып келдик. Ал жакка өзүбүздүн атыбыздан эмес, чыгармачылык колдоо менен бардык. Эсенбек болсо там салып бошобой калды.
– Мирландын «Жоролор» тобунан таанылганын көпчүлүк билет, концерт коюп жүргөнүңөрдө «ырчыңар кана?» деп сурагандар болдубу?
Эсенбек:
– Башында сурап жүрүштү, кийин унчукпай калышкан. Анткени афишабызда үчөөбүздүн эле сүрөттөрүбүз турат да.
– Башка ырчы алалы деген пландар барбы?
Жылдызбек:
– Мирлан кеткенден кийин Алтынбек экөөбүз ырчы болуп алганбыз. 6 ырыбыз бар. Арасында тамашалуусу да кездешет. Муну менен биз ырчы болуп кетели деген жокпуз. Концертте элди кечке эле күлдүрө берсек болбой калат го, ыр да керек. Ырлардын сөздөрү өзүбүзгө таандык.
– Келечектеги ой-пландарыңар кандай?
Алтынбек:
– Күзүндө Бишкекте жаңы сатиралар менен «Жоролордун жоруктары» деген концерт беребиз. Эсенбек экөөбүз саясатчылардын ак сакалынан жашына чейин 15тен ашыгын туурап жүрөбүз. Күзгө чейин булардын санын дагы көбөйтөбүз, анткени эл абдан жакшы кабыл алышууда. Бизден «саясатчылар өздөрү эмне дешти?» деп сурай беришет. Туураганыбызга айрым саясатчылар күбө болушкан, бирок азырынча биринен да реакция боло элек. Күзүндөгү концертибизде алардын баарын чакырабыз, буюрса.
Мирлан Баеков:«КОНЦЕРТТИН ЧЫГЫМЫН ТӨЛӨЙ АЛБАЙ КАЛГАНБЫЗ»
«Жоролор» тобу тараган жок деген 3 жигиттин маегинен соң Мирлан Баековдон "чачырап кеткенбиз" деп айтышыңа эмне түрткү болду?" деп сурадык.
– 2012-жылы жайында «Жоролор» тобунун концертин бергенбиз. Эл жакшы келген. 1-жолу тушоо кесүү концертин берип, тажрыйбабыз жок болгондуктанбы, түшкөн акчаны орто жерден жеп койгондор болгон. Ошондон улам концертке кеткен чыгымдарды толук жаба албай калганбыз. 2013-жылдын башында чыгымдарды кантип төлөйбүз деген маселенин тегерегинде төртөөбүз тең чогулдук. Ошондо Жылдызбек ачууга алдырдыбы билбейм, «тигиндей-мындай деп отурбай, анда тарайлы» деди. Алтынбек да «ошентсе ошентели, мен да тажап кеттим» деди. "Макул анда, кетсе кеттик" деп баарыбыз үйлөрүбүзгө тараганбыз. Андан кийин Алтынбек, Жылдызбек, Эсенбек үчөө үйлөнүү тоюма келип кетишкен. Тойдо деле топ жөнүндө кеп кылган эмеспиз. Мен ошону менен тарадык деген ойдо калгам.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg