«2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу» Самат Эркинбеков:«ОРУСЧА БИЛБЕЙМ ДЕП АРДАНБАЙМ»

Бүгүнкү каарман өзү жаш болсо да, жашоого олуттуу карай билет. Ошол эле учурда азил-чыны аралаш тамашалары менен маекти шаңга бөлөй алат.

Толук аты-жөнү – Эркинбеков Самат Эркинбекович
Лакап аты – Башында Акылай болсо, эми Дүрүдүм байке
Туулган жери – Токмок шаары, Он-Бир-Жылга айылы
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 16-март
Бою – 169 см
Салмагы – Айткандан уялат

«СЫРТЫМДАН БЕКИТИП КЕТИШЧҮ»
Самат өзү чүйлүк жигит болгону менен, балалыгы Кыргызстандын булуң-бурчунда өткөн. Ата-энеси медицина кызматкерлери болгондуктан, бирде Ошто иштешсе, бирде теңир- тоолуктарга кызмат өтөшкөн. Тентектиги элде жок Самат кичинесинде чочуркоо дегенди билчү эмес. Көчөдө ойноп жүрүп бейтааныш адамдарды ээрчип кете берип, көп токмок жеген.
– Ошто жашап жүргөн кезибизде бир орус аялды ээрчип кетип, аз жерден ата-энемди инфаркт кылып коё жаздап, 5 саат дегенде араң табылыпмын. Анан да апамдар зарыл жумуштары чыкканда мени үйгө калтырып, сыртымдан бекитип кетишчү. Тынч отура албаган жаным, үйдө узун аркан бар болчу, аны менен балкондон түшүп, балдар менен ойноп, үйдөгүлөр келер маалда билмексен болуп кайра кирип отуруп калар элем.

«ГҮЛ ЧЕЛЕКТИ КӨТӨРҮП БУРЧТА КӨП ТУРГАМ»
Ошентип, үй-бүлө кайрадан Чүй бооруна отурукташып, Самат айтмакчы, Ак-Өргөө сity конушунда жашап калышат. Ал убакта Самат 6 жашка чыгып, мектеп босогосун аттоого камынып, керек болсо балалык сүйүүсү ойгонуп, кыздарга көз кырын сала баштаган кез.
– Кошунабыздын татынакай кызы бар болчу, аны көрсөм эле уялып, ошол эле кезде аны менен ойногум келчү. Азыр эстесем, көрсө, ал менин «тоок сүйүүмдүн» ойгонгон кези экен да.
Мектепте жалаң «5ке» окубасам да, активист болчумун. Анан анча-мынча тентектик кылуу жагынан да артта калган эмесмин. Классташ кызымдын чачы узун болгондуктан, дайыма төбөсүнө түйүп алар эле. Аны көрсөм эле чымчыктын уясын элестете берчүмүн. Бир жолу сабактан семичкени чагып улам классташымдын «уясына» таштай бердим. Коңгуроо болуп, ал ордунан тура бергенде семичкенин кабыктары чачылып кетти. Байкуш ыйлап калды, абдан боорум ооруган ошондо. Мындай тентектиктеримден улам өзүмдөн чоң гүл челекти көтөрүп бурчта турган күндөр далай кайталанды.

«СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫМ ЭЛЕ БУЮРСУН»
Эл көзүнө көрүнө баштагандан тарта Саматтын күйөрман, сүйөрман кыздары көбөйгөн. Бирок ал жеңил ойлуулук кылып ар бири менен мамиле түзүүдөн качат.
– Тийишип, «менин жигитим бол» деген кыздар көп. Бир жолу түнкү саат үч жарымда бир кыз чалып «Самат, тоюмда тамада болуп берчи» дегенинен уктап жатсам да «Каякка барыш керек, эмне болгон той?» деп олуттуу сүйлөп кирсем, «тамашалап койдум, сени менен таанышайын дегем» дейт. Жиним келип «Чоң кыз, саат канча болду, уялбайсызбы?!» деп телефонумду өчүрүп салгам. Учурда сүйлөшкөн кызым бар. Мага ошол эле буюрсун.

«АТА-ЭНЕМДИ ЖОКТОТПОЙ, ООКАТ КЫЛУУ – БИЗДИН МИЛДЕТ»
Тагдыр ташы бир калыпта тура бербейт эмеспи. Үч уул, бир кызды эрезеге жеткирип, алардын сыйын көрөр убакта Саматтын ата-энеси бул жарык дүйнө менен мезгилсиз кош айтышат. Ата-энесинен эрте айрылуу биздин каармандын балалык күлкүсүн жууп кеткен...
– Атам менен апам мындан эки жыл мурун оорудан каза болуп калышты. Атам абдан тамашалап, какшыктап, куудулданып сүйлөгөн киши болчу. Мен аны жазбай тарткам. Апам болсо абдан боорукер жан эле. Үйдүн кенжеси болгондуктан, тентек кылсам да мага болушуп турчу. Бул жагынан бир туугандарым мени аябай эле пайдаланышты го. Идиш сындырып алышса да каратып туруп калп айтып, мага шылтап коюшчу. Эми оор күндөр артта калды. Ата-энебизди жок дедирбей, оокат кылып кетүү – биздин милдет.

«НАН ТААП ЖЕГЕНГЕ ҮЙРӨНДҮК»
Саматты биз «Тамашоу» долбоорунан улам тааныйбыз. Таланты режиссёрлордун да көз жаздымында калбай, «До+Фа» тасмасында башкы ролду аткарып, клиптерде образ жаратууга да жетишкен.
– Менин ушул деңгээлге жетүүмө «Тамашоунун» эмгеги зор. Командадагы балдар менен кандай гана кыйынчылыктарды көргөн жокпуз. Тамашаларды иштеп чыгуу үчүн кыштын күнү сыртта даярданган учурлар болду. Ошол эмгегибиздин акыбети кайтты. Долбоордон өз ордубузду таап, тойлордо тамадалык кыла калып, ырчылардын концерттерин алып барып, наныбызды таап жегенге үйрөндүк. Анан да былтыр "Супер-Инфонун" "Жылдын супер күлкү жаратуучусу" наамын алганым мага жаңы дем-күч тартуулады. Абдан толкунданып, ыраазы болдум.
Тамашаларымдын көпчүлүгүндө орус тилин билбеген жигиттин образында эмесминби, бул менин фишкам. Орусча түшүнөм, анан сүйлөөгө келгенде эле кыйнала берем, буга эч арданбайм. Эң негизгиси, өз тилимди жакшы билем.

Асел Асанова
(Айрым сүрөттөр Саматтын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Ушул убакытка чейин орусча үйрөнүп калышым керек эле..."
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
danilka
2013-07-23 22:28:18
Аябай таланттуу балаго, ийгилик сага
0
sariwka
2013-07-23 22:44:37
Ушул баланы корсом кулкум келе берет. Саматка караганда Доорон деген ат жакшы жарашат экен
0
mahabat.
2013-07-24 01:06:04
ушунчалык сонун жигит.жонокой таланттуу элине керектуу.бактылуу бол.омурлуу бол.
0
Riskul
2013-07-24 02:26:28
Molodets baaryn katyra suiloptyr, ech tartynbai oz oiyn jakshy jetkirgen. Iigilik saga onorun orkundoi bersin, el a oozunan tyshpo demekchimin. Maga munozu jagat jonokoi jigit.
0
azia.zet
2013-07-24 03:47:53
Азаматсын Самат, ийгилик онорун оркундой берсин. Дурудум байке.
0
nurlan_82
2013-07-24 12:41:21
ха ха чын доорон деген ат эле жарашат экен
0
TasmaOSH
2013-07-25 00:54:27
Азаматсын ийгилик
0
Zhuzi050789
2013-07-25 13:44:21
САМАТ сага ийгилик!
0
ya_samat
2013-07-26 18:02:24
АЗАМАТСЫН САМАТ!!!!!! сени кудайым колдосун.
0
enn07
2013-07-27 03:54:05
орусча билбегенине арданба. керек б.со кыргызча билбеген адамдар ардансын. а так азамат, красавчик.
0
princessa0712
2013-07-27 17:18:32
Алга ар дайым
Ь
0
Darya93
2013-07-28 10:21:16
САМАТ сага ийгилик.Онорун оркундой берсин.Бактылуу бол...
0
nuch
2013-07-28 19:17:19
Ичинде кири жок,ак конул бироодон кколунан келген жакшылыгын аябаган элпек, ыймандуу жигит экендигин байкоого болот. Сага узун омур жана чыгармачылык ийгилик каалайм. БАР БОЛ!!!!!!
0
Nurzada88
2013-07-31 11:37:24
Азаматсын эч талыкпастан, бут тосуларга карабастан иштей бер! Онорун болсо орго чап дейт эмеспи кыргыз элимде.
0
KyzJibek
2013-08-07 13:09:02
Азаматсын Самат! Ийгилик каалайм!
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан