ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (22-июлдан 28-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Жеке мамиле: Белгиленген жолугушууга чыкпай койсом не болот деп жатасызбы? Күмөн санабаңыз, бул тагдырдын жакшы белеги. Иш жаатына келсек, идеяңыз ишке ашарына аз калды. Жаман адаттарды таштоого аракеттенүү кажет, анткени ден соолукту калыпка келтирүү кыйын. Бейшембиде маанайыңызды түшүрө турган кырдаал чыкса, ал эми ишембиде олжолуу болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жеке жашоодо мамилелер туюкка кептелсе, анда аны жандандыруу оңбу же аягына чекит коюу керекпи, ойлонуп көрүңүз. Иште баары сыдыргыга салгандай жакшы болот. Шейшембиде түшкөн сунушту четке какпаңыз, пайда алып келет. Бейшембиде жакшы адамдардын арасында болуп, жан дүйнөңүзгө майрам тартуулайсыз. Жума күнү чырдашуунун ордуна «сиздики туура» деп кутулуңуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Сиздин адамды өзүнө тарткан сыйкырдуу күчүңүзгө каршы туруу кыйын. Андыктан жактырган адамыңызга эркелеп, белектүү болосуз. Иште жаңы орунга өтүүгө каршы болбоңуз, айлыгыңыз да көбөйөт. Ден соолук жаатына келсек, жеңил тамактарга өтүп, денедеги керексиз заттардан арылчу мезгил. Жекшембиде самаган буюмуңуз колго тиет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сүйүктүүңүзгө учурда жакшы мамиле жана колдоо керек. Кыйынчылыкта көтөрмөлөңүз. Иште жамааттагылардын чечимине каршы чыкпай туруңуз. Компьютердин маңдайында кечке отуруудан көп оорулар жараларын эске алып, убак-убагы менен басыңыз, сейилдеңиз. Шаршембиде кандай гана маселе болбосун, сиздин пайдаңызга чечилбейт. Андыктан мекемелердин босогосун аттабоо оң. Жума күнү сыйлык же акча аласыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Сүйүүдө да жашоодогудай күтүлбөстүктөр болот. Андыктан өзгөрүүлөргө даяр туруңуз. Иште шартты жакшыртуу маселесине аралашууңуз күтүлүүдө. Баш жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын козголуусунун алдын алып, ысыкта жол жүрбөңүз. Бейшембиде кокустан учтуу нерсени (мык, ийне) басып алуудан, жекшембиде ушакка илинбөөдөн сактаныңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жактырган адамыңыздын чындап жакшы көрөрүн сынап көрөйүн деп аша чаап албаңыз. Иште акча көбөйбөгөнү менен, аракетиңиз оозго алынат. Ызы-чуудан качып, жекече эс алууну каалап жүрсөңүз, ылайыктуу мезгил келди. Шейшембиде оор нерселерди көтөрбөө, жума күнү эл көп топтолгон жерге барбоо сунушталат. Бир нерсе уурдатасыз же жалган жалаага кабыласыз. Жекшембиде бирөөлөр бир маселеңизди чечишүүгө убада беришет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сүйүү жаатында күтүлбөгөн телефон чалуу жан дүйнөңүздү бушайман кылат. Мүмкүн, мамилени биротоло чечишесиздер. Иште жетекчилик менен жылуу мамиле түзүлөт. Келбетти бир калыпта кармоо үчүн таттууларды жебеңиз. Шаршембиде чала тааныштан белек албаңыз, жаман ою болушу мүмкүн. Жума күнү сапарга чыгуу, жекшембиде туугандардыкына баш багуу күтүлөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жактырган адамыңызга жакшы көрөрүңүздү ачык билдириңиз. Ал тартынып  сүйүүсүн айта албай жүрүшү мүмкүн. Аптада жекече иш баштагандарды ийгилик жылоолойт. Шейшембиде конок келет, бейшембиде акча кыйынчылыгы жаралат. Ишембиде сиздин жакшылыкты көп көргөн адамдын сыйына татыйсыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сизди баалаган адам сезимдерин билдирип, жолугушууну сунуштайт. Иште болбогон нерсеге тырчый берүүнүн кажети жок, болбосо чыр жаралат. Нервдик чыңалуудан арылуу үчүн дары чөптөрдү ичүү сунушталат. Сизге дүйшөмбүдө киного же театрга баруу, бейшембиде жаңы буюм сатып алуу сунушталат. Шаршембиде жолдо жүрүү коопсуздугун сактоо керек. 

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жеке жашоодо таарынуулар, түшүнбөстүктөр артта калуусу керек. Жарашуунун урматына майрам уюштуруңуз. Иште бир көйгөйдү чечүүдө бирге иштешкендерден көмөк сурайсыз. Чачка жана териге кам көрүп, балдан маска жасаңыз, массаж алыңыз. Шейшембиде үйдөгүлөр менен акылдашпай бир ишти жасап жибербөө кажет. Бейшембиде эски тааныштар жолугат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бойдокторго болочок түгөйүн табууга ылайыктуу апта, анткени тандоо көп болот. Иште көбүрөөк акча табууга мүмкүнчүлүк чыгат, колдонуп калыңыз. Кечки алтыдан кийин тамактанууну токтотуу менен ашыкча салмактан арыла баштаңыз. Достор менен баарлашуулар, сырдашуулар көп болот. Шейшемби – оор күн. Акча алмаштырбай, жолго чыкпай туруңуз. Жума күнү тойдун коногу болууңуз ыктымал.

БАЛЫК(20.02-20.03)
Бир көрүп жактырып калууга ишенчү белеңиз? Аптада буга сизди жашоо өзү ишендирип коёт. Иште жаңы тапшырма сиз ойлогондой кыйын болбой чыгат. Эс алууга кенен убакыт таппай жатсаңыз, жок дегенде сейилдеңиз, китеп окуңуз. Шаршембиде маданий жайлардын бирине барууңуз, жума күнү карыз алууңуз күтүлүүдө. Ишембиде жакындарыңыз имарат же чоң буюм сатып алуу көйгөйүңүздү чечип беришет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан