«АКЫЛДУУ ҮЙ» ЖУМУШУҢУЗДУ АЗАЙТАТ

«Акылдуу үй» (англисче – «smart home») – жогорку технологиялык түзүлүштөр менен жабдылып, автоматташтырылган заманбап үй. Мындай үйдүн артыкчылыгы – коопсуздук жана ыңгайлуулук. Төмөнкү макалада адамдын жумушун азайтууга жардам берген «акылдуу үйгө» саякат жасап көрөлү.

«АКЫЛДУУ ҮЙДҮ» БАШКАРУУ
«Акылдуу үйдүн» системин башкаруунун бир нече түрү бар. Системге туташкан сырттагы жана үйдүн ичиндеги бардык иштерди бир гана жерден башкарууга мүмкүндүк берет. Санап өтсөк:



Пульт аркылуу
. Системге туташтырылган объектилерди бир эле пульттун жардамы менен аткарууга болот.



Сенсордук экран аркылуу
. Системди башкаруу иши үйдүн кире беришиндеги дубалга орнотулган экран аркылуу башкарылат.



Үн аркылуу
. Мунун артыкчылыгы – эч кандай башкаруучу экран же пульттун кереги жок, үндү бийик чыгаруу жетиштүү экенинде.




Белгиленген убакыт аркылуу
. Системге туташкан иштердин мөөнөтү алдын ала туура белгиленет.



Интернет аркылуу
. Кайсы жерде жүрсөңүз да, үйүңүзгө көз салып, системди башкарууга мүмкүн.





Уюлдук телефон аркылуу
. Атайын орнотулган программанын жардамы менен үйдөгү системди ишке киргизүүгө жана өчүрүүгө жардам берет.

 

ЭМНЕСИ МЕНЕН «АКЫЛДУУ»?
Системге кошулган объектилердин ишин каалаган учурда мөөнөттүү иштөөсүн же өчүүсүн жөнгө салып турууга болот. Үйдө киши жок кезде жарыктын күндүз өчүп, түнкүсүн жанып турушун жана терезе пардалардын ачылып-жабылышын көзөмөлдөп турат, мунун өзү «үйдө адам бар» деген элес калтырат. Коопсуздук жагынан алганда, уурулардан сактайт. Газды же сууну бекитпей кеткен учурда үйдүн ичинде өрт же суу каптоо болуп кетүүнүн алдын алат.



Эшик, терезелер
. Үйдө киши жокто бардык эшиктер, терезелер автоматтык түрдө бекитилип, сигнализация ишке кирет. Үй ээлери келген учурда эшик, дарбаза кайрадан бир гана буйрук берүү менен өзү ачылат. Эгер үйдө киши жокто эшик же терезе ачылса, дароо үй ээсинин чөнтөк телефонуна кабарланат.

 



Камера
. Үй ээлери алыста жүргөн учурда камералардын жардамы менен үйдөгү абалды текшерип турууга мүмкүн.

 


«Электрондук күзөтчү». Үйдө киши жокто кимдир бирөө кирүүгө аракет кылса, иттин үнү жазылган систем ишке кирет. Ал чоочун адам алыс кетмейинче үрүп тура берет.



Газ
. Кээде газды өчүрбөй унутуп кетип, бөлмөгө газ толуп, коркунуч жаралган учурлар болот. Мына ошондо систем ишке кирип, газ түтүк буулуп, газ дароо токтотулат. Андан соң куткаруу кызматына жана үй ээсинин телефон номерине коркунуч тууралуу кабар жөнөтөт.

 



Суу
. Үйдө суу каптоонун белгиси билинсе, суу келүүчү түтүк бекитилип, куткаруу кызматына жана үй ээсине кабарланат.

 




Жарык
. Бардык жарык берүүчү лампаларды жөнгө салып, керектүү учурда жандырып, керексиз учурда өчүрүп турат. Үй ээлери жарыкты өчүрбөй уктап калса, ал түнү бою жанып тура бербестен, белгиленген мөөнөттө өзү өчөт.

 

Температура. Үйдүн ичиндеги температураны бир калыпта сактоо үчүн жылуулук жөнүндө кабарлап турат. Муну менен үйдүн ичи муздак болсо, буйрук аркылуу жылуулук берүүчү, ысып кетсе салкындатуучу электр приборлору ишке киргизилет.




Пардалар
. Терезеге тагылган пардалар да бөлмө ичи караңгы болсо ачылып, ачуу тийген күндүн нуру бөлмөгө түз түшүп турган учурда жабылат.

 

Мындан сырткары сыналгы, үналгы, DVD, үй кинотеатры, чайнек, электр меши, кондиционер жана башкаларды алыстан туруп пульт же үн аркылуу башкарууга болот. Ошондой эле аквариумдагы балыктарга маал-маалы менен жем берип турса, бассейндеги суунун абалын текшерип турат. Ал эми эртең менен эрте, белгиленген убакта аудиоаппараттагы музыканы иштетип, ойготкуч сааттын кызматын аркалайт.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ҮЙЛӨРДҮН ДА «МЭЭСИ» ИШТЕЙ БАШТАДЫ...
Жөнөкөй үйдү «акылдуу үйгө» айлантуу кызматы Кыргызстанга да жетти. Учурда Бишкек шаарындагы айрым фирмалар чет өлкөдөн үйдүн «мээсин» иштете турган ар кандай системдерди алып келип сатышууда. Алардын баасы да түрдүү. Мисалы, жарыктарды башкаруу үчүн түзүлгөн системдин баасы 20 миң сомдун тегерегинде турат. Ал эми электрондук кулпулоо, видеокөзөмөл, жарыкты жөнгө салуу жана пардаларды башкаруу бир системге туташтырылып, анын баасы 40 миң сомдун тегерегин түзөт.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
abaychik
2013-07-22 17:36:31
Укмуш го мындай онугуулор акыр заманды жакындатып жаткандай сезилет, жакында Кола жарым аралында тозокко жол ачылганын окуп журогум тушту эле...
-3
uvay
2013-07-23 10:53:32
abaychik, туура айтасыз булардын баары Акыр замандын белгилери.Ибадат кылгыла уурматтуу мусулмандар...
0
alymbek76
2013-07-27 15:56:11
uvay, доорубочу
0
ilgez
2013-10-22 13:44:30
alymbek76, дооругону корунбоду,
0
nurik9090
2013-07-23 06:37:20
жакшы екен жакты ушундай уй салгым келип кетти.
0
Aisuluu7
2013-07-23 14:33:37
Мына кызык.Жакын арада бул дагы чонток телефону сыяктуу баарына жеткиликтуу болот.
+1
E.COM
2013-07-24 16:38:23
Акыр заман эмес замандын оеуккону деп эсептейм
+2
marisamira
2013-07-25 11:29:23
Баардык нерсени акыр заманга тонкогон адамдарга тан каламда акыр заман келгенин бир гана алла таала билет озунорчоле вывод чыгара бербегиле чи
+2
prenses
2013-07-26 05:14:00
Biroolordun uiu ushundai,ehhh dep mechtaitetip koem konokko bargan sayin((.
+1
burma92
2013-07-28 11:39:51
40000 минге орнотуп анан айсайын 20000 минден светке толосом не выгодно болуп калатко
0
жоогазын
2014-03-31 16:13:33
burma92, ай сайын эмес биринчи жолу орнотуп жатканда 20 мин
0
omurbek9393
2013-08-30 02:02:45
Ушундай уйун болуп калса жыргайсында жалкоо да болуп бутосун.
0
Guzi_8989
2013-10-01 09:44:59
))))) жакшы экен, бул жалкоолор учун. Уйундо ушундай системалар орнотулса анда жашоонун кызыгы жок болуп калатго.
+1
kubankaz
2013-10-14 23:06:52
Алын жетсе кылып алып жашайбер бул нерсе дагы кийин артта калат
0
Adik74
2013-11-15 07:19:45
Адамдын мээсин да компьютер башкарган заман келет окшойт.
+1
bektursun2010
2014-01-06 10:45:48
Кудай бюрса коробуз да
0
jipara86
2014-01-08 18:43:34
aiabai jakty.
0
kapkarashka
2014-02-26 18:06:41
бирок бир чоң терс жагы бар!!! Свет жарыгы очүб калса эч нерсе кылалбайсын!!!
Бирок орусча айтканда МИР НЕ СТОИТ НА МЕСТЕ!
0
Chikmai
2014-06-18 23:41:26
akyr zaman akyr zaman deisiner al bloboit kudaidyn buirugusuz kachan sen olgondo oshol sen uchun akyr zaman!!
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан