Мындан бир нече жыл мурун «Талант-шоу» куудулдар тобунда чалдын ролун катыра ойногон Канат Шанаев аттуу куудул жигитти билсеңиз керек. Куудулдук өнөрү менен аты таанылган Канатты жакындан тааныштырабыз.
Толук аты-жөнү – Шанаев Канатбек Маматалиевич
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 21-январь
Жердиги – Жалал-Абад облусу, Сузак району, Барпы айылы
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы
– Канат, айтсаң, куудулдукка жаштайыңдан эле «чымының» бар беле?
– Ата-энемдин айтуусу боюнча, мен 3 жаштан баштап эле адамдарды туурап күлдүрчү экем. Эсимде, дезодорантты микрофон, чай ичкен столду «Ямаха», шыпыргыны гитара кылып, кошуна жашаган өзүм теңдүү балдар-кыздарды топтоп, концерт уюштурчумун. Көбүнчө Айчүрөк Иманалиева, Расул Маматкуловду туурайт элем. Кошуналар да ошондо эле «сен чоңойсоң куудул болосуң» деп айтышчу.
Бала кезде эркелеп, үйдөн бир сом бермейинче мектепке барчу эмесмин. Үйдө акча жок болсо ата-энем кошуналардан сурап же болбосо дүкөндөн карызга бир нерсе алып берип узатышчу. Аябай жалкоо болуп, оюнга жакын өстүм. Ошонун кесепетинен 6-класстан кийин окууну таштап, 3 жыл көчө таптап жүрдүм. 2003-жылы Кара-Суудагы №64-кесиптик лицейде окуп, аттестатты да ошол жактан алдым. Кудайга шүгүр, тамга тааныйм, эсептегенди билем.
– Чыгармачылык жашоого кантип аралашып кеттиң?
– 2005-жылы Баш-Булакта (Ошто) жолдун боюнда отурсам Талант Анарбаев машинасы менен келип токтоп калды. Менден кайсы жерде бензин сатыларын сурап, анан «Талант-шоу» деген куудулдар тобун ачып жатам, таланттуу балдар барбы?» деп сурады. Дароо эле «мен» дедим, өзүм ошондо сахнага чыксам деп кыялданып жүргөн элем. Эртеси бардым, өнөрүмдү текшерип, мени топко кабыл алган.
Беш жылдан кийин жеке концертимди Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында берүүгө жетиштим. 2010-жылы Июнь окуясынан кийин чыгармачылыгым токтоп калды. Бирок сахналаш достор, ага-карындаштар концерт бергенде чакырганда катышып, тойлордо тамадалык кылып жүрөм. Эми ушул күздөн баштап чыгармачылыкка жаңы дем менен киришип, Кыргызстанды кыдырып концерт берсемби деп турам.
– Абышкаларды туураганды кандайча өздөштүрүп калдың эле?
– Кудай берген талант болсо керек. Бала кезден эле абышкаларды эле эмес, кемпирлерди, кыздарды да туурачумун. Мектепте окуп жүргөндө жасап алган сакал-мурутум бар эле. Кеч киргенде ошол сакал-мурутумду жабыштырып, калпак, чапанды кийип, таенем менен чоң энеме тийишчүмүн. «Аяш, кандайсың?» деп. Кеч киргенде көзү «тартпай калчу» да (күлүп).
– Эми үй-бүлөң тууралуу айта кетсең...
– Келинчегим Гүлнура Баткендин кызы. 2009-жылы Ошто концерт коюп жүргөндө таанышканбыз. Досумдун сүйлөшкөн кызынын курбусу экен. Экөөбүз сүйлөшүп баштагандан кийин гастролдоп Баткендин Сүлүктүсүнө барып калдым. Мени менен барган артисттердин баары Гүлнуранын үйүндө жаттык. Ошондо эле кайненем менен кайнатама «кызыңарды алам» деп айткам. Алар күлүп-күлүп эле калышкан. Сыягы, мени тамашалап жатат деп ойлошту окшойт.
Гүлнура Ошто окучу, жуучулар келе бергендиктен, ошондо эле үйлөнүп алгансып үйүнө жиберчү эмесмин. Эки жыл сүйлөшүп, анан баш коштук. Мени 10 жашыма чейин чоң энем баккан эле. Үйлөнөрдө баары «Баткен алыс» деп каршы чыгышкан, бир чоң энемдин макулдугу менен үйлөнгөм. Азыр ар үч күн сайын чоң энемден кабар алып турам. Мадина аттуу кызым бар.
– Кызыктуу маегиңе рахмат, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.
– Силерге да рахмат.
Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg