Бүгүн бизде конокто Баткен облусундагы мыкты сүрөтчүлөрдүн бири, акын, жазуучу, театр артисти Сайдимар Султанмуратов. Каарманыбыз Баткен облусунун гербинин автору, облустук көркөм сүрөт жатак-мектебин жетектейт. Коногубуз чыгармачылыгы жана учурда чыныгы сүрөттөрдүн баалуулугу жоголуп баратканы тууралуу маек куруп берди.
– Сайдимар ага, Баткен эли сизди мыкты сүрөтчү, жазуучу жана театр артисти катары тааныйт. Бул үч тармакты бирдей алып кетүү кыйын эмеспи?
– Менин негизги кесибим – сүрөт сабагы боюнча мугалим. Акындык, артисттиктин баары ушул сүрөт тартуудан башталды. Сүрөт тартып жайлоодо отурсаң, ошол сүрөттөгү кооздукту ырга айланткың келет. Анан жүрөктөн чыккан ыр жаралат. Кээде бир окуяны сүрөткө түшүргөндө эргүү келип эки сап ыр жаратсаң, андан аркысы чубалыша келе берет. Аларды кагаз бетине түшүрүп коём. Кээ бир акындарга окшоп күнү-түнү отуруп ыр жаратпайм. Эки ыр жыйнагын чыгардым. Буюрса, үчүнчү китебимди чыгарганы турам.
– Көбүнчө кандай сүрөттөрдү тартасыз?
– Графикалык сүрөттөргө кызыгам. 2002-жылга чейин сүрөтчүлүк боюнча билимим жок болчу. Анан 2002-жылы гана Баткенде ЖОЖдун филиалы ачылганда ошол жерден жогорку билим алдым. Ага чейин билим албаганымдын себеби, 9 жашымда атам дүйнөдөн өтүп, апам бизди жалгыз өстүрдү. Мен үйдө эң улуусу болгондуктан, тиричиликке жардам беришим керек болду. Жогорку билимим жок болсо да, өзүмдөгү талантты өнүктүрүп келдим. Досторум «сен Сүрөт академиясында окуганыңда күчтүү сүрөтчү болмоксуң» деп көп айтышат.
– Анан кантип артист болуп калдыңыз?
– Мурда бизде театр жок болчу. 2006-жылы Апаз Жайнаков Баткенге келип, театр ачты. Ал мени ошол убакта башкы сүрөтчүлүккө жумушка чакырды. Мен макул болуп иштеп жүрдүм. Биздин театр Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бетин» коюп жатканда Мырзакулдун ролун аткарганга артист жок болуп калды. Мага «ушул ролду сен аткарып көрбөйсүңбү» дешти. Ошентип Мырзакулдун ролун жаратып артист да болуп кеттим. Ошол ролумдан бери актёрлукту да аркалап келем. Өткөндө «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» драмасы менен Уфа шаарына спектакль-концерт коюп келдик.
– Табиятыңызга кандай ролдор жакын?
– Ролду өзүң тандабайсың. Режиссёр сенин тулку боюңа, мүнөзүңө, жөндөмүңө карап роль берет. Сенин милдетиң – ролду жеткире аткаруу. Сахнанын өзүнчө бир сыйкыры, сүрү болот экен. Мен алгач чыкканда аябай сүрдөгөм. Сени зал толо адам карап отурат, адашууга акың жок.
Буга чейин түрдүү образдарды жараттым. Бирде мүнөзү катаал бай-манаптын ролун ойносом, кээде селсаяктын ролун аткарам. Жакындагы ролум дүлөй кишинин образы болду. Алты саны аман адамдын ролун жаратууга караганда дүлөйдүн образын жаратуу кыйын экен. Андыктан дүлөйлөрдүн психологиясын үйрөнүүгө аракет кылдым. Негизи эле мен театрга 40 жашымда, кеч аралашып калдым.
– Сиздин жолду улай турган балдарыңыз барбы?
– Азыр технологиянын заманы болуп жатпайбы. Бир уулум мектепте окуп жүргөндө жакшы эле сүрөт тартчу. Чоңоюп, окууга баргандан кийин дизайнерликке өтүп кетти. Азыркы жаштар колго тартылган сүрөттү анча баалашпайт. Сүрөт тартканды билгендердин баары дизайнерликти же башка кесипти аркалап кетишүүдө.
– Баткенде таланттар үчүн канчалык деңгээлде шарт түзүлгөн?
– Бизде сүрөтчүлөр үчүн эч кандай шарт жок. Көп жылдан бери сүрөт тартсам да, шарттын, колдоонун жоктугунан бир да сүрөт көргөзмөмдү өткөргөн эмесмин. Жакында сүрөт мектебинде иштеген окутуучулардын жана окуучулардын эмгектерин элге көрсөтүү максатында сүрөт көргөзмөсүн өткөрүүнү пландап жатам. Бул иште мени белгилүү скульптор Тургунбай Садыков толук колдоп, көмөк көрсөтмөк болду. Бизде Жазуучулар союзу бар. Сүрөтчүлөргө караганда жазуучуларда шарт жакшыраак десем болот.
– Эң алгачкы эмгегиңиз деп эмнени эсептейсиз?
– Алгачкы эмгегим – апамдын портрети. Мектепти аяктаганда тарткам. Ошол эмгегим менен апамды ыраазы кылгам. Апамдын үйүбүздүн жанында бешикте мени терметип отурганын тарткан элем. Арткы фондо жаңы жабылган ысык нан... Кийин ошол сүрөттү жаңылап, көп нерселерди кошуп тарттым.
– Сизге буйрутма менен «сүрөт тартып бер» дегендер болобу?
– Ооба, андай адамдар чыгат. Бирок учурда адамдар сүрөткө түшүп, чоңойтуп портрет жасатып алышат. Колго тартылган портретти сүйүүчүлөр күн сайын азайып баратат.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик.
Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg