16-июлда Нарын облусуна Бишкек-Нарын-Бишкек аба каттамы ачылып, жүргүнчүлөрдү тейлей баштады. Кеңеш айылында жайгашкан «Манас» Эл аралык аэропортуна караштуу «Нарын» аэропорту 1965-жылдан бери иш алып барып келген. Нарын шаарынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан аэропортко жүргүнчүлөрдөн суроо-талап түшпөй калгандыктан, Союз мезгилинен бери каттам үзгүлтүккө учурап келген. Мындан ары жумасына бир жолу, шейшемби күндөрү Бишкек-Нарын-Бишкек аба каттамы жүргүнчүлөрдү ташып турмакчы.
Ал эми 35 орундуу SAAB-340 үлгүсүндөгү учак «SKY Bishkek» авиакомпаниясына таандык. Жүргүнчүлөр билетти 2100 сомго сатып алышса болот. Келечекте жүргүнчүлөрдүн суроо-талаптарына жараша рейсти жумасына эки жолу аткаруу пландалууда. Мындан сырткары Бишкек-Казарман-Бишкек каттамын да калыбына келтирүү пландалып жатканы белгилүү болду.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg