Кезектеги биз кеп кыла турган үй-бүлө искусствону бийик тутуп, жылдан-жылга бийликтин маданиятты четке түртүп койгондой жүргүзгөн саясатына нааразы болуп келет. Уулу Түгөлбайдын өнөрлүү болуп чыкканынан улам анын келечегинен көптү үмүттөнөт.
Нарын районуна караштуу Байгазак айылынын тургундары Кермакуновдордун үй-бүлөсүн тааныгандар көп. Үй ээси Эсенбек Кермакунов Ак-Кыя айылдык клубунун жетекчиси. Уулу Түгөлбай жергиликтүү, республикалык жана эл аралык ыр сынактарында жеңиштерге жетишип келет. Эсенбек мырза азыр саясий, социалдык маселелерден улам бийлик айыл жериндеги искусствону колдобой калганынан кеп баштады.
– Клубдун жетекчиси болуп 14 жылдан бери эмгектенем. Жубайым экөөбүз тең Нарындагы педагогикалык окуу жайдын музыка бөлүмүн аяктаганбыз. Аспаптарда ойноп, көп эле жаштар жана белгилүү адамдар менен иштештик. Азыр «айылда чогулуш болот» же «мектеп окуучулары майрамдык кече өткөрөт экен» дегенде гана клубдардын эшиктери ачылып калганы өкүндүрөт.
Бардык эле айыл өкмөттөрдө кадрлар тартыш. Мисалы, айрым айылдарда таптакыр башка адистикте же орто билим менен деле штатка алынып иштеп жүргөн клуб жетекчилери бар. Кээ бир клубдардын абалы мышык ыйлагыдай. Музыкалык аспаптар, үн күчөтүүчү аппараттар, микрофондор жок. Биз айылда шыктуу, идиректүү балдардын бар экенин көрүп эле жүрөбүз. Аларды түртмөлөп, бир нерсе үйрөтүп алалы деген менен, музыкалык аспап жагынан аксап калабыз. Мындай маселелерди мамлекеттик деңгээлде колго алууга мезгил жетти.
Эсенбек мырза көйгөйлөр менен катар таланттуунун баары айыл жергесинен суурулуп чыгарын жана алардан уучубуз куру эмес экенин белгиледи. Ата-энеси менен келген ТҮГӨЛБАЙды да кепке тарттык.
– Түгөлбай, сахнаны алгач качан аттадың эле?
– Мен ырдоого, музыкалык аспаптарда ойноого кызыгам. 2007-жылы, 3-классымда «Жаш талант» фестивалынын райондук жана облустук этаптарында 1-орунду жеңип, республикалык сынакка катышкам. Кийинки жылдары да катышып жүрүп, 2009-жылы жеңип, май айында Түркиядагы жаш таланттардын сынагына катышып келгем.
– Кичинеңден эле чет өлкөгө чыгып баштапсың, келечекке кандай пландарың бар?
– Келечекте Кыргызстанды дүйнөгө искусство жагынан тааныткан адам болгум келет. Быйыл 9-класска көчтүм. Атам 9ду бүткөндө борбордогу Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга жөнөтөм деп жатат. Мен көбүнчө улуу адамдардын обондорун аткарып, салттуу музыкага басым жасайм.
– Өзүңдү дагы кандай сынактарда сынап көрдүң эле?
– 2010-жылы обончу жана аткаруучу Жумамүдүн Шералиевдин 95 жылдык мааракесинде райондук жана облустук этапта катышып, экөөндө тең 1-орунга жетишкем. Быйыл дагы Бишкекте өткөн Жумамүдүн Шералиевдин «100 жылдыкка 100 нуска» деген республикалык деңгээлдеги кароо-сынагынан лауреат болуп келдим. Ага жалаң чоң, атактуу ырчылар, жалпы 500дөй өнөр ээлери катышты.
Түгөлбайдын ата-энеси Эсенбек мырза менен Аэлита айым кош жылдыз сыңары эл арасында мукамдуу обондорду аткарып жүрүшөт. «2 кыз, 2 уулду тарбиялап жатабыз. Белгилүү обончу жана аткаруучу Асек Жумабаев жолдошумдун таятасы болот. Уулумда ошол кишинин каны болсо керек деп калабыз»,- деп айтып өттү Түгөлбайдын апасы.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg