Желп эткен жел жок жайдын аптабы кимди болбосун кыйнап жиберет. Ошондон улам жылдыздардын учурда кантип эс алып жатышкандарын, буга чейин кайсы чет өлкөдө эс алгандарын билүүгө ашыктык. Жана да «Кыргызстанга бир айда чет өлкөдөн канча турист келет да, мекендештерибиздин канчасы эс алганы чет өлкөгө кетет?» деген суроонун жообун табууга аракет кылдык.
Бактыгүл жоголуп кете жаздаган
Жайында эс алуунун ордуна репертуарына жаңы ырларды кошуу максатында чуркап жүргөндөрдүн катарында Бактыгүл Бадыева бар. Буга чейин ырчы Дубайда, Кытайда эс алып келген. Дубайда адашып кетип, өзү айтмакчы, аз жерден жоголуп да кете жаздаган. Тил билбегендиктен, оруска окшош адам көрсө эле адашып калганын түшүндүргөнгө аракет кыла берген. Бирок эч майнап чыккан эмес.Адашып жүрүп, көчөдөн айдоочусун көрүп калып, сүйүнгөнүнөн “ааай!” деп кыйкырып, айдоочунун жүрөгүн түшүрүптүр.
«Диск сатып байыйм» деп күйгөн Самат
Өзүнөн да чачтары популярдуу Самат Дөөлөтбаковдун банкта иштээрин билсеңиз керек. Ал иштеген банкта июнь айынан августка чейин текшерүү болот экен. Ошол себептен ырчы текшерүү аяктагандан кийин эс алууга чыгып, он күнгө Ысык-Көлгө барууну пландап жатат. Баса, ырчы көлгө үйбүлөсү менен барат. Самат буга чейинки эс алууларын Европа өлкөлөрүндө, Түркияда өткөргөн.
2002-жылы Германияда жүргөнүндө акыркы 300 долларына белек алуу үчүн соода борборун кыдырып жүрүп, компакт-дисктерди көрүп калган. Андай диск көрө элек жаны “Кыргызстанга алпарып сатып, байыйм” деген ой менен эки коробка алган. Бишкекке келгенде өзү алып келгендей дисктер көптөн бери сатылып жатканын жана өтө эле арзан баада экенин көрүп жаны кашайган.
Монголдордун жүрөгүн түшүргөн Токтобек
Токтобек Асаналиев учурда көлдөгү пансионаттардын биринде үйбүлөсү менен эс алып жүрөт. Бир жумадан кийин Ат-Башынын жайлоосуна сапар алууну пландаштырып жаткан ырчы буга чейин АКШнын шаарларында эки жолу, Монголияда он беш күн эс алып келген. Монголиядагы сапарында жергиликтүү калк ырчыны сыйламакка өздөрүнүн салты менен койду башка чаап өлтүрүшөт. Койдун жаны чыга электе жүрөгүн сууруп алышып, колдору менен мыкчып киришет. Көз алдындагы окуяны жактырбаган ырчы: “Биз койду антип сойбойбуз”,- деп 10 долларга бир кой алып келип, бычагы менен мууздап кирет. Аны көргөн монголдор Токтобекти мыкаачы катары көрүп, жүрөктөрү түшүп калган.
Ильяз Күмөндөрдүн байпагын жууп...
Ильяз Абдыразаков жай мезгилинин башында Ат-Башыга барып, кымыз ичип эс алып келген. Ал эми учурда чыгармачылыктын үстүндө баш көтөрбөй иштеп жатат.
Ырчы өткөндө Түркияга Күмөндөр Абылов менен гастролдоп барып, “эки иштен бир иш” деп концерт бүткөн соң шаар аралап, бир нече күн эс алган. Бул жактагы агалары: “Күмөндөр байкеңди сыйлап кой. Жумуш кылыш керек болсо, айттырбай жаса”,- деп катуу эскертишкен экен. Ырчыга ал жактагы сапары Күмөндөр агасынын байпагын жууганы жана түрк кыздарга тил билбесе да, чала-була сүйүүсүн арнаганы менен эсинде калыптыр.
Урматтын фобиясы – суу
Үйүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан Урмат Усеновдо эс алуу деген жок. Туура кылат. Неля тигинтип ай-күнүнө жетип турса, анан кантип көлгө кетип калмак эле? Урмат буга чейин чыгармачылыктагы достору менен Дубайда, АКШда эс алып келген. Дубайда жүргөнүндө ырчынын фобиясы суу экенин билген жанындагылар Урматтын ары жагына, бери жагына чыгып жатып, океанга ыргытышкан. Туздуу суу оозу-мурдуна кирген ырчы какап-чакап жээкке араң чыккан.
Бекчоро казактарга сумкасын уурдатып...
«Буга чейин чет өлкөдө эс алдың беле?» деген сурообузга Бекчоро сөзүн: “Казакстан деле чет өлкөгө кирет да, туурабы?”- деп баштады. Көрсө, ырчы досторунун чакыруусу менен эс алганы Алматы шаарына барганда унутулгус окуяга кабылган экен. Автобекеттен түшкөндө эле ырчынын документтери, акчасы, кийим-кечеги салынган сумкасын казактын “тентектери” уурдап кетишкен. Бекчоро түнү менен автобекетте отуруп таң атырат. Ошондон кийин ырчы Алматыга баргандан коркуп калганын жашырган жок. Учурда Бекчоро эс албай эле “Ай чырай” аттуу ырына клип тарттырып жатат.
Азат япон жигитине айланганда...
“Айшитерү” ырына клип тарттырып бүткөн ырчы Азат Болотбектин «Соң-Көлгө барып келсемби» деген пландары бар. Ырчы мындан эки жыл мурун Москвада эс алып келген. Достору менен борбордогу ресторандардын биринде отурса, татынакай официант кыз тейлеп калат. Биздин жигит официанттын көңүлүн өзүнө буруу үчүн япон жигити боло калып, кызды кыргызча эле шылдыңдай баштайт. Аны жанындагы достору орусча которуп киришет. Официант кыз Азаттын мамилесине чыдабай, коопсуздук кызматкерин чакырып келет. Оюндан от чыкканы жатканын көргөн ырчы официант кыздын жагып калганын айтып, араң кутулган.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg