Көк-Сай эли Казакстанга кеткен сууну кайрадан тосуу тууралуу чечимге келип жатышат. Бул тууралуу чек ара маселеси боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы Эмир Парпиев билдирди. «Казактар берген убадасын аткарган жок. Жайыттын бир гана жерин ачып коюшту. Ошондуктан жакынкы 2-3 күн аралыгында Казакстанга кеткен суу кайрадан жабылат»,- дейт Парпиев.
Гульназ Атантаева
talas@super.kg