ПЛАСТИКТЕН ЖАНА ЖЫГАЧТАН ЖАСАЛГАН ЭШИК-ТЕРЕЗЕ КАЙСЫНЫСЫН ТАНДАЙСЫЗ?
Азыркы мезгилде Кыргызстанда пластиктен жасалган эшик-терезе рынокту каптап, жыгач материалдан жасалган эшик-терезени сүрүп чыгарууда. Пластиктин ыңгайлуулугу менен катар ден соолукка зыяндуулугу да бар экенин көпчүлүк биле туруп, аны пайдалануудан баш тартышпайт. Пластик менен жыгач эшик-терезенин айырмасы кандай, салыштырып көрөлү.

ПЛАСТИКТЕН ЖАСАЛГАН ЭШИК-ТЕРЕЗЕ
Артыкчылыктары:
-
Жылуулукту жакшы сактайт, себеби жылчыгы жок.
-
Көчөдөгү ызы-чуу добуштарды өткөрбөйт.
-
Өрткө туруктуу. Курамына отко күйбөй турган кошулмалар кошулгандыктан, өрт каптаса дароо күйүп кетпейт. Эгер бөлмөнүн ичинен өрт чыкса, терезе бир нече убакытка чейин күйбөй ордунда туруп, сырттагы абанын үйгө киришине тоскоолдук кылат. Бул өрттүн күчөп кетүүсүнөн сактайт.
-
Узак мөөнөткө кызмат кылат. Тактап айтканда, 50 жылга чейин колдонууга жарайт.
-
Тазалык. Үйгө чаңдын кирүүсүнө бөгөт коёт.
-
Нымга туруктуу. Жаан-чачын, кар, суу тийсе көөп кетпейт. Андыктан суу менен коркпостон жууп-тазалаганга болот.
-
Чирибейт. Нымдуулуктан пайда болгон микроорганизмдерден зыян тартпайт.
-
Жыл сайын сырдап туруунун кереги жок.
Кемчиликтери:
-
Ден соолукка зыяндуу. Пластиктин курамында хлор, коргошун, кадмий, хром өңдүү уулуу заттар бар. Булар бир аз ысыкка туруп калса активдешип, абага тарай баштайт да, адамдын иммундук системин төмөндөтүп, боор-өпкөнүн сезгенишине, тукумсуздукка жана рак ооруларынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
-
Аба өткөрбөйт. Жылчыксыз болгондуктан, аба алмашпайт, үйдүн ичи үп болуп кетет. Бул ден соолукка терс таасирин тийгизет. Жагымсыз жыт пайда болсо, ал үйдүн ичине сиңип калат. Андыктан күнүгө 4-5 ирет терезени ачып, үйдү желдетип туруу зарыл.
-
Нымды пайда кылат. Жогоруда айткандай, аба өткөрбөгөндүктөн, үйдүн ичи бууланып, дубалда жана шыпта тамчылардын чогулушуна шарт түзүп, көгөрүүгө жеткирет.
-
Бетине түшкөн тактарды, чийилип калган издерди кетирүүгө жана сынып калган бөлүгүн жаңылап оңдоого мүмкүн эмес.
-
Пластиктеги кыймылсыз электр заряддары чаңды дайыма өзүнө тартып турат.
-
Катуу ысыкта жумшарып, көлөмү бир аз чоңоёт жана өтө катуу суукта көлөмү кысылып, тартылып кетет. Бул жаракалардын пайда болушуна жеткирет.
ЖЫГАЧТАН ЖАСАЛГАН ЭШИК-ТЕРЕЗЕ
Артыкчылыктары:
- Экологиялык жактан ден соолукка зыяны жок.
- Аба өткөрүмдүүлүгү жогору. Үйдөгү абанын тазарып, алмашып туруусуна жакшы шарт түзөт жана бууланып, нымдуулуктун пайда болушуна жол бербейт (саздак жерде жайгашкан үйлөрдү эске албаганда). Жагымсыз жыттар тез эле сыртка чыгып кетет.
- Добуштарды өткөрбөйт. Бирок пластик терезеге салыштырмалуу көрсөткүчү төмөнүрөөк.
- Суукка туруктуу, калыбын жоготпойт.
- Көп жылга кызмат кылат. Жыгачтын түрүнө жараша 50 жылга чейин колдонууга жарайт. Эгерде эмен жыгачынан жасалган болсо, 90 жылга чейин жарактуу.
- Сынып, чийилип же так түшүп калган бөлүгүн кайрадан жасап, жаңылап коюуга мүмкүн.
Кемчиликтери: 
-
Өрткө туруксуз. Кокус өрт чыкса күйүп, айнектери сынат. Мындан сырттагы аба үйдүн ичине кирип, өрттүн күчөшүнө жол ачат. Бирок күйүп кеткен күндө да, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.
-
Нымга туруксуз. Жаан-чачын, суу, кар тийсе ным тартып көөп, грибок басып, чирий баштайт.
-
Ысыкка туруксуз. Кургап кетсе жаракалар пайда болот. Андыктан жыл сайын сырдап же майлап туруу керек.
-
Айнек салынган көзчөлөрдү маал-маалы менен бүтөп турбаса, көчөдөгү чаңдын үйгө кирүүсүнө жол ачылат.
БИЗДИН ТАНДОО...

Жогоруда пластиктен жана жыгачтан жасалган эшик-терезенин сапатына баам салдык. Жалпысынан алганда экөөнүн тең артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Алсак, күнүмдүк турмушубузда колдонууга пластиктен жасалган эшик-терезе ылайыктуу көрүнөт. Себеби тазалоодо суу менен каалашыңча сүртсөң да коркунуч жок. Кышында үйдөгү жылуулукту үнөмдөйт. Себеби кышкысын эшик-терезе аркылуу үйдөгү жылуулуктун 30 пайызы сыртка агылып кетет. Бул жагынан алганда пластик алдыда. Бирок баарынан кымбат ден соолук экени талашсыз.
Пластик эшик-терезелерди өндүрүүчүлөр анын ден соолукка эч кандай зыяндуулугу жок экенин айтып келишет. Ал гана эмес, дүйнөгө белгилүү европалык ишканалар да эч кандай зыяны жоктугун белгилешет. Анткен менен мына ушул дүйнөнүн эң алдыңкы технологияларын колдонгон Европа мамлекеттеринде пластиктен жасалган эшик-терезелерди ишканаларга, кеңселерге гана орнотушат. Ал эми жеке турак жайларга жыгачтан жасалган эшик-терезелер салынат. «Эгер эч кандай зыяны жок болсо, анда эмне үчүн өзүлөрү жеке турак жайларга колдонушпайт?» деген суроо жаралат.
Андыктан тандоо өзүңүздө, окурман!
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
озунорго жакканын койгула достор!!!!!
ата бабаларыбызда пластиксиз жашап келишкен жыгач эшик терезелерге эмне жетсин
suhrab.kg, Ата бабаларыбыз интернетсиз жашап келген. азыр баардык керектүү маалыматты интернеттен окуп жатасызбы? Ата бабабыз антип жашаган минтип жашаган деп жүрө беришибиз керекпи? Заманга жараша өзгөрүү болуш керек, албетте оң жагына!
Эгер уйдо вентиляциялык системаны орнотсо, анда пластиктен айнек орнотсо болот! ошол эле учурда андай система жок болсо, анда жыгачтан айнек орнотуш керек! Иштин баары аба откоруудо болуп жатпайбы!
бизде пластиктин жаманы сатылат. Мен да койуп кордум бирок кийин алмаштырганы туура келди. Пластиктин турлору бар. Жыгачтан да пластикке окшотуп жасайт. Ошонусу жакшы экен. Уйун когорбойт, ачсен ачпасан да аба алмашып турат. Бирок пластиктин катарына кирген материялдардын баары зыян келет. Мисалы; пластик айнектер, обшивкалар жана уйго орнотулуп жаткан канализация трубалар баары зыян экен.
каражататыка карайт озу эн мыктысы пластик терезе
каражыгачка эле жетпейт эгер ден соолугунду жана балдарындын келечегин ойлосон!
каражыгачка эле жетпейт эгер ден соолугунду жана балдарындын келечегин ойлосон!
мага баары бир пластик жагат.ар дайым кыйшайтып ачып койсон эч нерсе болбойт,,
авторго суроом бар. европадагыдай пластикке окшогон терезелер Кыргызстанда жасалабы?
Негизи ата- бабалар пластик эмес жыгач деле колдонгон эмес. Ар бир жаны технологияны кыргыздар ушинтип кабыл алабыз. Илгери комур жаккан мешти канча сындашкан билесинер да же уккансынар. "Кокуй башты оорутуп жиберет экен" деп. Пластик деле ошондой нерселердин бири. Негизи пластик арзан жыгачка караганда. Бир соз менен айтканда жалкоонун буюму.
Турцияда калктын эн томонку катмары пластик эшик,терезелерди уйлоруно орнотушаткен,озунуздор анализ чыгарыныздар эми...
evropada dele jawoo4u uiloruno plastik tereze-ewikter kop ele koiulgan.
Jıgachtan da dal plastik terezenin kalıbınday kılıp bizde da jazashat. 2 katmar aynek, ichi metaldan koyup syrty hygach, eki katmardan turat. aylampa, rezina baary dal ele plastıktıkındey. Men ozum jıgachtan jazalgan plasstik koydurgam Bishkekte. daregi: eski tolchok, jıgach bazardın ichinde. bir emes ondogon sehter bar. baasy birok arzan emes. mkv 120 doll tegeregi.
Urmatuu redaksia, mon4o jonundo paidalu malymattardy jazgyla4yyyyyyy suran4??????????
Kuvanio,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук))