ТАГДЫР ОЮНУ-3

(Башталышы өткөн сандарда)

Аскат апасын тарткан. Айрыкча көздөрү ушунчалык окшош. Бой-келбети, сүйлөгөнү, жылмайганы атамдын өзү. Чоң энем атама да эмес, Аскат атын алып жүргөн атамдын эгизине окшош дейт. А мен үйдөгүлөрдүн эч бирине окшош эмесмин. Кыздар мени «сериалдагы корей актрисаларына окшошсуң» дешет. Билбейм, балким, окшош чыгармын... Күзгүнү тиктеп ойлонуп турганымда чоң энем бөлмөмө кирип, чачымдан сылай жылмайды.
– Менин кызым жасанып баштаган бейм...
– Чоң апа, эмнеге мен эч кимге окшобойм? Атама да, апама да...
– Ах, менин сулуу кызым, сен мага окшошсуң!
– Мен чын эле сулуумунбу?
– Албетте, азыр эле жакшынакайсың, бой жеткенде, тфү, тфү, көз тийбесин, кандай гана сулуу болор экенсиң. Бирок, чырагым, кеп сулуулукта эле эмес.
Менин мээрман чоң энемдин кандай абал болсо да бардык суроомо жообу даяр, дүйнөдөгү бардык нерселерди билгендей. Жаш кезинде бир топ шаарларды кыдырган экен, ар бир элдин салтын билет. Баарынан алакандары сонун! Шуудурак, анан жылуу. Атам мени ар дайым жатыркоо менен тиктейт эмнегедир. Чоң энемдин көздөрүндө мага түшүнүксүз бир нерсе бар. Аяныч десең ага окшобогон, тилинин учунда турган нерсени мага айта албай жаткандай, «ай, байкушум, ай, дагы кандай болуп кетер экен...» дегендей да бир кооптонууну байкайм.
Баса, Аскат тууралуу айтып келе жатпадым беле. Ал менден бир жашка улуу болсо да, кыйла эрте чоңойду. Баарынан жаманы, кыздар менен сүйлөшкөндү да эрте баштады. Экөөбүздүн ортобузду бөлгөн да кыздар болду. Жаңы окуу жылы башталган. Ал 9-класска, мен 8-класска кирген учурубуз. Аскат сабагы бүткөндө мени ар дайым күтөр эле. Эгерде бир жумушу чыгып калса, жок дегенде сумкамды көтөрө кетчү. Мени шылдыңдап «сен ушунчалык назиксиң, ал тургай сумкаң дагы сага оордук кылат, мен алып кетпесем үйгө жетпей каласың» деп айтчу.
Ошол күнү да мени Аскат күтүп турат деген ой менен класстан шашып чыктым. Ал болсо жок. Эки жагымды карап элеңдей түштүм. Балким, бир иштери чыгып калгандыр деп ойлодум алгач. Классташым Изат келип чыканактан алганда гана селт дей түштүм.
– Билем, кимди күтүп турасың, бирок Аскат эбак кеткен. Алардын сабагы жана эле бүткөн.
– Кайда кеткен?- дедим мен ого бетер алайып.
– Алардын классына жаңы кыз келбеди беле. Айым беле аты?.. Ошо менен баратканын көрдүм.
Жүрөгүм эмнегедир мага түшүнүксүз тыз этти. Куду бирөөнүн колу мыжып жаткандай... Көкүрөк тушумду кармап аргасыз туруп калдым. Мына сага чыккынчылык! Менин дүйнөм ошондо биринчи жолу аласалып, биринчи жолу өзүмө таандык деп эсептеген нерсем көз ачып жумганча башканыкы болуп калышы мүмкүн экенин билдим. Изат ого бетер:
– Аскат анын сумкасын көтөрүп кетти,- деди.
Эмне кылмак элем, шалдайып үйдү көздөй бастым, артымдан кыйкырган Изаттын үнүн араң уктум.
– Данек, кел, бүгүн чогуу кетебиз!
Башымды араң чайкап жолумду улай бердим. Изат болбой эле сумкамды колумдан жулуп алып жанымда келатты. Эмнелерди айтып жатты билбейм, мен Аскаттын чыккынчылыгын гана ойлоп бараттым. Ошол түнү Аскат үйгө түнөбөдү. Терезеден улам жолду тиктейм. Качан мотоциклдин «дүр-р» эткен үнү угулат, качан кирип келет деп сааттын жебесин карай берип тажадым. Ий-ий, келип калсачы! Ал дайым кеч келген учурда уурдана кирип менин уктап жаткан абалымды тиктеп туруп, үстүмдү жылуулап жаап, өз бөлмөсүнө өтчү. Кыйналып жатып уктап кеттим. 
Мен Айымды эртеси мектептен көрдүм. Чын эле сулуу кыз экен. Ошол убактан баштап Айым Аскаттын биринчи сүйүүсү, а менин айыгышкан душманым болду. 
Балалык сүйүү деп баа бербеген менен, ал адамдын жашоосунда чоң роль ойнойт окшойт. Айым үчүн Аскат таптакыр башкача болуп өзгөрдү. Кийимдерди тез-тез алмаштырып, көп убакыт чачын тарап, бирде мурчуюп, бирде күзгүдөн кетпей калганын байкадым. Телефону ар дайым колунда, «чыр» этери менен шак колуна ала салат. Эмнелерди сүйлөшөт билбейм, кээде жини келип чарт-чурт дей түшөт, бир топко чейин туталана, кабагы ачылбайт. Кызык, сүйүү деген ушундайбы? Ушинтип келеби? Мага кантип келер экен? Кээде Аскат кыйналса кошо кыйналып кетчү болдум.
– Аскат, сүйүү деген ушундайбы?- дедим бир күнү чыдай албай. 
– Ыя?
– Кыйналат окшойт, ээ, адам сүйүү үчүн?
Ал шалдая түштү. Бакырая тиктеп турган мени жанына отургузуп, бооруна кыса кучактап алды.
– Сен эмнеге Айымды жактырбайсың?
– Бой көтөргөн кыз.
– Ошого элеби?
– Айтор, мага жакпайт.
– Ал эле эмес, сулуу кыздардын баары бой көтөрөт. Алар сулуулугу үчүн кимдир бирөөнү кыйнашы керек. Ар дайым алардын кылык-жоругун көтөрүүгө туура келет.
– Не-а, мен эч качан бой көтөрбөйм,- дедим жан талаша. 
Аскат каткыра күлүп алды. Чачымды сылап, мурдумду чымчып койду.
– А сен сулуусуңбу?
Мен ызалана түштүм. Булкуна кучагынан чыкканга аракет кылдым.
– Тамаша, сен татынакайсың. Биздин класстан деле бир топ балдар сага кызыгып жүрүшөт. Бирок менден коркушканы үчүн унчуга алышпайт. А мен тууралуу ойлонбой эле кой,-
деп тунжурай түштү. Башка нерсени ойлонуп жатканы билинип турат. 
– Атам сени жакшы көрөт,- дедим эмнегедир. Бир нерсе деп айткым келди окшойт. Анын бактысыз, жалгыз отурганына түтпөй кеттим.
– А сенчи?- деди ал дагы деле тамашалай.
– Мен дагы.
Ушул учурда атам сыртка чыгып, биздин кучакташып сүйлөшүп отурганыбызды көрүп селдее түштү.
– Аскат, Айданек, силер эмне кылып отурасыңар? Уктабайсыңарбы?- деди сүрдүү. Атамдан аябай коркуп кетер элем, бул жолу да алайып кеттим.
– Ата, азыр киребиз.
Аскат менен атам көпкө сүйлөшүштү, талашып-тартышышты,  акыры Аскат шылкыйып, бир нерсеге көнгөндөй болду. Атам анын желкесинен жыттап алып үйгө кирип кетти. 
Ошентип, Аскаттын жашоосуна Айым аттуу кыз кирди. Сулуу, менменсине тиктеген бул кызга көптөр ашык эле. А мен эч кимди жек көрбөгөндөй жек көрдүм. Аскатты аны менен
бөлүшүүгө аргасыз болгонум үчүн болсо керек. Бир жанымды кыйнаган сезим бар эле. Аны айтып түшүндүрө албайм.
Кээде өтө оор болуп кеткенде үйүбүздөгү алманын башына чыгып алам. Аны чоң атам Аскатка жана мага арнап отургузганын чоң энем айткан эле. Кээде ар түркүн ойлор жанымды оорутканда ошол бактын башына чыгып алып асманды карайм. Бир жолу ошентип бактын башында отурсам үйдөн Аскат чыкты. Телефон менен сүйлөшүп келе жатып так эле мен отурган бактын жанына келсе болобу?!
– Айыма, кечээ кайда болдуң, эмнеге телефонду өчүрүп салдың? Ким менен жүрдүң? «Батарейка отуруп калды» деген шылтооңду качан коёсуң, айтчы?! Мени анча күйгүзбөчү. Айымка, мен... мен сени...
Безеленип жаткан Аскатты биринчи көргөнсүп каттым да калдым. «Сүйөм» деп айтканында кыйкырып жибербейин деп оозумду баса калдым. Мен эсимди жыйганча төмөндө Аскат сүйлөшүп жатты. Бир убакта телефонун жерге бир уруп ыргытты да, отура калып өксүп ыйлап жиберди. Менин Аскатым ыйлап жатты! Ал биринчи махабаты үчүн ыйлап жатты, а менчи? Эмнеге көз жашымды токтотоюн десем болбой ыйлап жатам? Ох, эмне мынча жүрөгүм ооруйт? Түшүнбөйм, өзүмдү түшүнбөйм. Карегимден өзүнөн өзү жаш куюлууда. Эмнеге ыйлап жатам? Бул эмне деген оору эле? Кеткиле, мага түшүнүксүз, бүдөмүк, мени эзген сезимдер! 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
sara90
2013-07-29 12:28:58
eeeeeiiiii kyzuktyn baary aldyda okwoit... emi kezek Askat mn Begimaidyn baldarynyn suiuusuno kelip ketti okwoit....daaaaagyy bir jumaaaaaa...... Super info bul chugarmanyn avtory kim jana kitebi bar beken kaidan satyp alsa bolot???
0
sara90
2013-07-29 12:29:44
(kezek kelip jetti okwoit )
0
Supsuluu
2013-07-29 14:20:44
суйуудон буткон оору олтурбогону менен эч качан айыкпайт деген бекер кеп эмес да
0
T.APIEV
2013-07-29 15:28:05
Бул жомоктун эмнеси кызык! Тан калам!Дагы бир жума качан отот дегендерге.мен учун убакыт учкан куш болуп жатат.Июль дагы бир ай токтоп турса да мейли эле.
0
patma.mahmud-kyzy
2013-07-29 17:49:20
Ой акыры откон санын жазбай жазат экенсиздер ээ бугун да откон санын кошуп жазса керек деп киргим келбей кирсем супер инфого жакшы откон санын кошпой жазыпсыздар. Чон рахмат СУПЕР АДИМ. Уландысын чыдамсыздык менен кутомун.
0
altyn1991
2013-07-29 18:27:11
sonun go bara bara kytzyk bolup baratat
0
gylnaz
2013-07-29 19:43:25
Абдан кызыктуу, ушуну кино кылып тартса.
0
azadahan
2013-07-29 22:28:47
Абдан кызыктуу чыгарма, акыры эмне менен бутот ээ?
0
Argymak007
2013-07-30 01:34:45
Бул да болсо, бироонун фантазиясы да. Кызды кореянкага окшотуп да салыптыр.)))
0
abaychik
2013-08-03 15:37:18
Argymak007, багып алган го может каристин кызыдыр эле.
0
aayjamalka
2013-07-30 03:16:34
Mynchalyk suiup okugan chygarmam bolboso kerek kim jazsada azamat
0
N.Bakazova
2013-07-31 15:25:17
ЭэЭхх, сонун чыгарма э? Ушунун китеби колумда болсо, кундоп-тундоп окуйт элем го, чиркин! Айла жок, сабыр гана керек.
0
Marjan.Murok
2013-08-01 12:01:05
aiym degeni nachar kyz go
0
tynara81
2013-08-01 14:39:51
Бул сериал болуп кызыктырып атат да, мындан кызык чыгармалар деле толтура го. Колунарга китеби тийсе кызыгы кетип калышы мумкун.
0
EMILI
2013-08-02 16:44:57
Супер сериал 2013)))
0
abaychik
2013-08-03 15:36:31
ухххх
0
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан