РАМАЗАН – ЫРАЙЫМДУУЛУК АЙЫ

Орозо кармаган адамды карап Алла периштелерге мындай деп кайрылат экен: «Эй, периштелер, карагылачы менин пендемди. Өзүнүн каалоосун тыйып, ичпей-жебей, менин ыраазычылыгым үчүн кандай аракет кылууда».

ОРОЗО КАРМАГАН АДАМГА БЕРИЛЧҮ 5 БЕЛЕК
Мухаммед пайгамбар бир хадисте «Рамазан айында менин үммөттөрүмө 5 нерсе берилген. Ал нерселер башка эч бир үмөткө берилген эмес» деп айткан. Алар:
1.Рамазан айынын алгачкы түнү Алла өзүнүн кулдарына мээрими менен карайт. Эгер Алла мээрими менен караса, анда ал пендеге сый гана жарашат.
2.Орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Алла алдында атырдан да жагымдуу.
3.Орозо кармаган адам үчүн периштелер күнү-түнү «кылган күнөөлөрүн кечир» деп Алладан сурайт.
4.Алла бейишке «менин кулдарым үчүн даярдан, кооз бол. Алар жакын калышты» деп буйрук берет.
5.Качан орозонун акыркы түнү болгондо, орозо кармаган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет. Бул түн жөнүндө пайгамбарыбыздан сурашканда, «бул түн бир ай жумуш кылып, акырында маяна алган сыяктуу» деп жооп берген экен.

ОРОЗОНУН ПАЙДАЛАРЫ

  • Орозо адеп-ахлагыбызды жакшыртат. Орозо кармаган адам бирөө менен урушпайт жана бирөө жаман сөз айтса «мен орозомун» деп жооп кайтарат.
  • Орозо адамдын ырайымдуулук сезимдерин ойготот. «Ач кадырын ток билбейт» дегендей, орозо кармоо менен адам ачка жүргөндөрдүн акыбалын сезет.
  • Орозо адамга берилген сыйлардын баркын үйрөтөт. Орозо кармаган адам бардык нерселердин кадырын сезет. Кадимки аккан суунун баркын билет.
  • Орозо убагында ичип-желген тамак-аштар жакшы иштетилип, организм керектүү заттар менен толукталып турат.

Айбала Эргешов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
miniusha
2013-07-29 13:41:21
орозо айт жылат деп атты ле го, чечилдиби?
0
MaRmeLaDka
2013-07-29 14:12:06
уга элек экем, неге жылышы мүмкүн?
0
uluk1982
2013-07-29 17:53:25
орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун!! амиин!!
+1
alhamdulillah
2013-07-30 13:16:23
неге орозо башталарда жазбадынар орозо аякталарда жазганы неси
0
Marjan.Murok
2013-08-03 17:32:45
kudaiym buiursa emdigi jyly karmaim
0
detective
2013-08-03 20:36:50
мен дагы, кудайым буйюрса,буюрсунчу.
былтыры да ооруп калып тута албадым эле, быйыл Москвада болуп калдым. иштегенде кармаш кыйын экен((( кудайым озу кечирсин
0
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан