САДАГА-БИТИРДИН АКЧАСЫ КАЙДА ЖУМШАЛАТ?

Фитир же болбосо кыргызча атаганда орозо битир – мал-мүлкү бар мусулмандардын муктаж адамдарга берген жардамы болуп эсептелет. Шариятта садаганын өлчөмү киши башына 1600 грамм буудай, арпа, курма жана мейиз же анын ордуна акча берилсе болору айтылат.

«МЕЧИТТЕРДЕГИ ИМАМДАРДЫ КӨЗӨМӨЛДӨШ КЕРЕК!»
Кээ бирлери «көбүнчө мечиттерге чогулган садага-битирдин акчасын ошол мечиттин имамы жеп коёт» деп ойлошот. Бирок мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар? «Алланы оозунан түшүрбөгөн адамдар акчага кантип азгырылсын?» деген ой келет. АБДЫЛДА аттуу Бишкек шаарынын тургуну имамдарга ишенбей тургандыгын төмөнкүчө айтып өттү:
– Биздин мечиттерде чогулган битир-садаганы муктаж адамдарга толук беришпейт. Акча салынуучу кутучага канча акча түшкөнүн эч ким билбейт. Аны ачып жатканда кимдер карап турат? Көзөмөлдөгөн киши барбы? Менин оюмча, далил болуш үчүн видеобайкоо бул жерде сөзсүз болушу керек. Болбосо булар чогулган акчаны жеп коюшат. Менин билишимче, муфтияттан жылда «3 миллиондун тегерегинде акча чогулду» деп маалымат беришет. Буга ишенбейм! Мисалы, Кыргызстанда 5 миллиондон ашуун киши жашаса, анын 3 миллиону мусулман дейли. Быйыл орозо битир киши башына 30 сомдон өлчөндү. Ошонун ичинен
1 миллиону эле 30 сомдон садага берсе, 30 миллион сом чогулуп жатпайбы. Мындан сырткары көпчүлүк колунда бар адамдар белгиленген акчадан ашыгы менен, мисалы, кээ бирлери миңдеген сомдорду да беришет. Анан кээ бир айылдарда имамдар «битир-садага бергиле» деп ар бир үйгө кирип доолап алышат, ушул туурабы?

«ОРОЗО БИТИРДИН АКЧАСЫНА МАШИНА САТЫП АЛГАН ЖОКМУН»
Ушундай ойлогон адамдар көп эле кездешет. Буга Бишкек шаарынын Ак-Өргөө жаңы конушунун тургундарынын нааразычылыгы далил боло алат. Аталган жаңы конуштун тургундары былтыр «мечиттин көп жылдан бери эмгектенген имамы элден садагага деп чогулган акчага машина сатып алды» деп чыгышкан жана ордуна башка адамды имам кылып шайлаш керектигин айтышкан эле. Бул тууралуу Ак-Өргөө жаңы конушунун имамы МУХТАР КОШБАК УУЛУ мындайча жооп берди:
– Бул мечитте 2001-жылдан бери имам болуп келем. Менде ар бир жылдагы битир-садагалар кайда жумшалгандыгы тууралуу далилдүү документтер бар. Ал эми машина тууралуу айтсам, Лейлекте үйүм бар эле, аны 2008-жылы сатканмын. Борбордон үй алайын десем үйдүн баасы кымбат болгондуктан, машина сатып алганмын. Орозо битирден өткөн жылкы орозодо 32 миң сом чогулду. Аны муктаж үй-бүлөлөргө таратып бердик. Ал эми быйыл битир-садагадан канча акча түшкөнү орозо бүткөндө эсептелет.


«ЧОГУЛГАН АКЧАНЫ МУКТАЖ АДАМДАРГА ТАРАТЫП БЕРЕБИЗ»
Элден чогулган акча кайра муктаж адамдарга коротулабы же мамлекеттин казынасына кетеби? Же болбосо ортодо пайда көргөн адамдар да барбы? Канча акча түшкөнүн ким эсептейт? Айылдагы мечиттерге чогулган акча кайда кетет? Быйыл канча чогулду? Жогорудагы суроолорубузга Кыргызстан мусулмандар иш башкармалыгынын башкы эсепчиси КУБАНЫЧ ЧУКУЕВ жооп берди:
– Мечиттерде садагадан түшкөн акчанын 10 пайызы облустук казыятка берилет, 40 пайызы борбордук казыятка жөнөтүлөт. 50 пайызы мечиттердин өзүндө калат да, имамдар муктаж адамдарга таратып берет. Анын ичинде мечиттин электр жарыгына болгон төлөм, мечиттеги кызматкерлердин айлыгы жана башкалар бар. Ал эми борбордук казыятка чогулган акчанын 40 пайызы республикадагы каттоодон өткөн медреселерге, Ислам университетине, майыптар үйүнө жумшалат. Мисалы, 2011-жылы борбордук казыятка жер-жерлерден 2 миллион 870 миң сом акча чогулду (бул жергиликтүү мечиттерден чогулган акчанын 40 пайызы). Анын 1 миллион 556 миң сому Чүй облусуна, 100 миң сому Нарын облусуна, 80 миң сому Ош шаарына, 80 миң сому Ысык-Көлгө, 24 миң сому Талас облусуна, 350 миң сому Жалал-Абад облусуна, 240 миң сому Ош облусуна, 175 миң сому Баткен облусуна тиешелүү дин окуу жайларына бөлүнүп берилген.
Ал эми 2012-жылдагы орозодо 3 миллион 927 миң 703 сом чогулган жана 780 адамдын арызы канааттандырылган. Алла ыраазы болсун, алар бизге ыраазычылыгын айтып, сүйүнүп калышты. Калган акча муфтийдин чечими менен Билим берүү жана илим министрлигинен каттоодон өткөндүгү тууралуу аныктама кагазы бар медреселерге бөлүштүрүлгөн. Бардыгынын отчёту бар. Акчанын кайда кеткенин атайын комиссия текшерип турат. Мечиттерде аксакалдардан түзүлгөн жамаат көзөмөлдөйт. Быйылкы битир-садагадан канча акча түшкөнүн азыр айтыш эрте, орозо бүткөндөн кийин жыйынтыгын чыгарабыз.
Жогоруда бир жаран «3 миллион мусулмандын 1 миллиону эле садага берсе, 30 миллион сом түшмөк» деп айтыптыр. Элдин баары эле мечитке келип битир бербейт да. Мечитке келбеген, намаз окубаган канча киши бар? Элдин жашоосу кыйын, садага-битир бере албай калгандары бар. Калп айта албайбыз, кээ бирөөлөр 1000 сом, 5000 сом таштап кетишет. Бирок колунда барлар аз болуп жатпайбы, болсо да алардын көбү мечитке келбейт. Ал эми кээ бирөөлөр мечиттеги урнага садага таштабай, өздөрү тааныган эле жетим-жесирлерге, майыптарга беришет.
Элден айланса болот, муктаж адамдарга, кыйналган коңшу-колоңдорго жардам бергендер көп. Мухаммед пайгамбар «эгерде шорпоң аз болуп калса, суусун көбүрөөк куй дагы, кошунаңа да бер» деп айткан. Кыйналган кошуналарга, элге жардам берип турушубуз керек. Шариятта тамыбызды бийик кылып салсак, анын көлөкөсү кошунанын үйүнө түшүп турса болбойт.

«КОЛУНАН КЕЛГЕНДЕР КӨБҮРӨӨК БИТИР-САДАГА БЕРСЕ БОЛОТ»
Муфтияттын Фатва бөлүмүнүн башчысы ЖОРОБАЙ ШЕРГАЗИЕВ битир-садаганын мааниси жөнүндө буларга токтолду:
– Быйылкы жылдагы эсеп менен Кыргызстанда ар бир жанга битирдин баасын 30 сомго бааладык (буудайдын баасы менен). Бул эң төмөнкү чек. Мисалы, кээ бир адамдарда андан көп берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Алар 30 сомдон жогору деле беришсе болот. Себеби биз мейиздин, курманын бааларын эсептеген жокпуз.
Битир-садаганы эмнеге беребиз? Биз орозо тутуп жатканда билип-билбей кандайдыр бир кемчилик кылып коюшубуз мүмкүн да. Ушул катачылыктардан битир-садага берсек тазаланабыз. Ар бир мечитте атайын кутуча бар. Ал кутучага орозо башталарда ошол мечиттин көзөмөлдөөчү комиссиясы мөөр басып коюшат. Качан орозо айы бүткөндө алар кутучаны ачып, чогулган акчаны муктаж адамдарга кол койдуруп, анан беришет. Битир-садаганын акчасы башка иштерге жумшалбаш керек. Мисалы, мечиттин суусуна, тогуна жана башкаларга. Мечитти оңдоп-түзөөгө өзүнчө мечитке жардам деп акча беришкен кайрымдуу адамдардан түшкөн акчадан которобуз. Кыскасы, садагадан канча акча түшсө, ошонун 1 тыйыны да муфтиятта калбайт, баары тең муктаж адамдарга бөлүштүрүлүп берилет.
Туура, кээ бир имамдар үйлөргө барып «битир-садага бергиле» дешет, бирок кыйнабайт. Бул мурдатан бери эле калыптанып калган нерсе болсо керек. Имамдардын «зекет бергиле» дегени шариятка деле каршы келбейт. Береби, бербейби ар кимдин өз ыктыяры.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
БИТИР-САДАГАНЫ ЭМНЕ МАКСАТТА БЕРЕСИЗ?

Эрмек Аттокуров, Бишкек шаары:
– Битир-садага бул – ваажип. Буюрса, быйыл да жылдагыдай эле үй-бүлө мүчөлөрүмө карата 2-3 күндүн арасында төлөйм. Социалдык түйүндөрдүн биринен ооруканада жаткан бир кыз тууралуу маалымат окугам, ошол кызга алып барам деген ниетте турам.

Анара Курманалиева, Ош облусу:
– Орозо битирди соопчулук үчүн берет деген эле түшүнүгүм бар. Негизи, орозодо битирди атайын мечитке барып жолдошум берип келет. Кудайдын үйүнө барып түшүп жаткан акчалар бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп калат деген жаман ой жок эле беребиз.

Бактыгул Докиев, Ысык-Көл облусу:
– Жеке эле Рамазан айында эмес, колдон келсе, дайыма битир-садага бергенге болот. Бул мусулман баласынын парзы жана эң чоң сооптордун катарына кирет. Чогулган акча жакыр үй-бүлөлөргө, жаңы салынып жаткан мечиттерге жумшалса керек.

Мадияра Рыскелдиева, Бишкек шаары:
– Колуңда болсо кедей-кембагалдарга битир-садага берген жакшы го. Кудай күнөөлөрүңдү кечирет. Мен да жыл сайын орозо айында орозо битир берип турам. Туугандарым, элибиз, негизи эле өзүмдүн жашоомдо тынчтык болсун деген максатта берем.

Жумабек Кошчубаев, Талас облусу:
– Зекет берүү – ар бир мусулман баласынын парзы. Кыргызда жакшы кеп бар «көйнөк берсең бул жайда, көлөкө болот тиги жайда, чапан берсең бул жайда, чатыр болот тиги жайда» деген. Анын сыңарындай, бул дүйнөдө жакшы иш кылсаң, тиги дүйнөдө сообу тиет.

Бегайым Нуркалиева, Нарын облусу:
– Жетишпегендерге, жетим-жесирлерге бир керегине жумшап алсын деп беребиз. Мечитке барып, имамга 11 кишинин битирин берип келдик. Жыл сайын мусулмандык милдет экенин билип, чын пейил, ниетибиз менен беребиз, Алланын ыраазычылыгы үчүн.

Төлөнбек Бакиров, Жалал-Абад облусу:
– Садага-битирди жыл сайын берем. Бул жылы үйүмдө 4 адам жашагандыктан, 116 сом бердим. Бир гана мечитке бербестен, жакыр жашаган адамдарга да берсе болот. Бирок мен жылда эле мечиттин имамына тапшырам.

koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Садага-битирдин акчасы кайда жумшалат?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
miniusha
2013-07-29 13:39:48
мм умуттоном бу жактан деп жеп кетпейт деп, а то жылда ле урдатып жиберишет...
0
Talastan
2013-07-29 14:43:14
Биздин молдо ар бир уйду кыдырып бергиле деп чогултуп кетет ошол туурабы?
0
sydykova.janna1989
2013-07-30 17:33:23
Talastan, туура эмес анткени адамдардын арасында курсагы тойбой жургон адамдар бар ошон учун ал китепте жазылган эмес ар бир Адам конулунон чыгарып беруулору керек ал имамдын кылган Ишин куноо деп эсептейм
0
Гулжигит
2013-07-31 14:56:58
Азыркы молдолорго ишенбейм!
0
uluk1982
2013-08-01 10:25:26
Гулжигит, анан кайсы молдолорго ишенесин!
0
Rostov-on-Don
2013-08-03 15:46:55
Мен корбогондон кийин ишенбейм деп айта албайм!
0
detective
2013-08-03 20:30:59
карасанар 2 молдо 2 башка суйлоптур, бири-бирине каршы.
бири-канча бир проценти мечиттин светине кетет,айлыкка кетет т.д
десе
экинчиси- мечиттин тогуна иштетпеш керек,атайын жардам акча толонот дептир.
кимисине ишенебиз??
негизи "Молдонун айтканын кыл,кылганын кылба" дейт го....
0
sultan.kg
2013-08-03 21:44:02
Бирин олуп бирин кал!
0
ALBIKA
2014-09-13 22:46:07
Мечитке эмес эле кайыр суранандардын колуна берем.
0
№ 560, 26-июль-1-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА