19-июлда президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында жай айында ири мелдештерде ийгилик жараткан спортчулар менен жолугушту. Бул жолугушууга жаштар арасында өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпиондугунун, күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун, жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарынын, бокс боюнча Азия чемпиондугунун жана Казандагы Бүткүл Дүйнөлүк Универсиаданын байге ээлери барышты.
Аталган мелдештерде 1-орун ээлери 150 миң сом, 2-орунду алгандар 100 миң сом, 3-орунга илингендер 70 миң сом акчалай сыйлык алышты. «Силердин жеңишиңер Кыргызстандын тарыхында калат. Бул силердин гана эмес, жалпы элдин жеңиши»,- деди ажо. Бул сыйлыктар спортчуларыбызга шык берип, өлкө желегин желбиретүүгө болгон каалоону өрчүтөт деп ишенебиз.
Айбала Эргешов
sport@super.kg