КЫЙМЫЛ-АРАКЕТИҢИЗ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Адамдардын табияты ушундай. Жашообузда көп нерсени жашырып келебиз. Бирок жашырган сырларыңыз кыймыл-аракетиңиз менен билинип каларына ишене бериңиз. Психологдор маалыматтын 20-40 пайызы гана сөз менен билинет дешет. Ал эми адамдын ички сезимин, коркконун, алдаганын, бирөөгө жаккысы келгенин кыймыл-аракети эле айтып турат.

Жылмаюу...

Тиштери кашкайып, көзүнөн нуру төгүлгөн жылмаюуну көрдүңүз беле? Эгерде көрсөңүз, жасалмасыз, чын дилден чыккан жылмаюу деп эсептесеңиз болот. Чыныгы жылмаюунун эталону катары принцесса Диананын жылмаюусун айтса болот. Ырчы кызыбыз Бактыгүл Бадыеванын дал ушундай жылмайып турганын бул сүрөттөн байкадык.
Ошондой эле жылмаюунун да жасалмасы, чыныгысы, баш ийүүнү билдиргени же келекени билдиргени болот. Эгерде оозун азыраак кыйшайтып, тишин көрсөтпөй жылмайса – бул сылыктыктын жана адептүүлүктүн белгиси. Ал жылмайып жатканда көзү эч кыймылдабай, оозу гана кыймылга келсе – жасалма жылмаюу. Көпчүлүк кызматкерлер жетекчисинин алдында так ушундай жылмайышат. Байкасаңыз, аялдардын 90 пайызы жылмайып сүйлөшсө, эркектердин 50 пайызы гана сүйлөшүп жатканда жылмайышат. Бул эркектердин өздөрүн күчтүү жана салмактуу көрсөткүсү келгени менен түшүндүрүлөт. «Жылмаюу – баш ийгендиктин белгиси болгондуктан, аялдар өзүнүн алсыздыгын жана баш ийүүгө даяр экенин жылмаюу менен билгизишет» дешет психологдор. Эркектер баш ийдирүүнү сүйгөндүктөн, ар дайым жылмайып жүргөн аялдарды жактырышса, аялдар тамаша айтса да жылмайбаган эркектерди жактырышат.

Колдор...

Көпчүлүк учурда колдорубуз кыймылдап турат эмеспи. Психологдордун айтуусунда, эки колун бооруна алуу – бул өзүн кимдир бирөөдөн же каалабаган, кызыксыз маектен алып качканы. Эгерде маектешиңиз эки колун бооруна алып алса, демек, сизди берилип уккан жок же көңүлү башка жакта. Аял киши эркек менен сүйлөшүп жатканда эки колун бооруна алып алса, демек, жактырбай турганы. Ал эми эркек киши эки колун бооруна алып алганы – абалдан чыгууга жол издеп жатканы. Айым эгер бир колунун үстүнө экинчисин коюп, анын үстүнө жүзүн таяп алса, демек, жаккысы келгени жана комплимент угууну каалап турган абалы. Ал эми эки колун аркасына кайчылаштыргандар – өзүнүн күчүн сезгендер жана өзүнө өтө ишенген адамдар. Көпчүлүк учурда 45-50дөгү ишкер адамдар ушул кыймылды көп кайталашат.
Актёр Нурдөөлөт Копоев “Супер-Инфонун” дебат-клубунда абалдан кантип чыгарын билбей турган учуру.

Ооз...

Ооз – адамдын эң кыймылдуу бөлү­гү. Айрым айымдар эркектерди ооздун кыймылы менен тузагына түшүргүсү келгенин билсеңиз керек. Ооз катуу кымтылып турса – бул өтө катаал, өзүнө-өзү ишенбеген ашыкча шекчил адам. Ал эми күч менен кымтылган эринди байкасаңыз, демек, аргасыз ачуусун басып турганы. Ал адамдын жанынан ошол учурда алыс болуп турганыңыз оң. Ал эми ашыкча сезимтал, ишенчээк адамдын оозу жарым ачылып турат. Адам жини келип турса, оозу үч бурчтук түргө келе түшөт. Көпчүлүк учурда адамдар оозунун алдыңкы бөлүгүн тиштеп алышат. Күтүлбөгөн жорук болгондо, депрессияга учураганда же өзүн алсыз сезип, бардык күчүн топтогонго аракет кылганда ушул кыймыл жасалат. Буга куудул кыз ­Назиранын эриндери күбө.
Эгерде оозун чоң ачып, көздөрү бакырайып кетсе, бул адам бир нерсеге өтө таң калып турат. Ооз эле ачылып, көзү чоңойбосо, жашыруун ич күйдүлүктүн белгиси болушу мүмкүн.
Ырчы жигит Акбар таң калып турабы же ич күйдүлүк кылып турабы, ким билсин...

Алакандар...

Алаканы ар дайым ачык адамдар – тынчтыкты сүйгөн адамдар. Эгерде сүйлөшүп жатканда сизге алаканын жайып сүйлөсө, демек, сизге өтө ишенет жана чын дили менен сүйлөп жатканы. Тескерисинче, колун шымынын чөнтөгүнө салып же алаканы менен столдун үстүн таянып турса, бир нерсени сизден жашырып жатат. Ал эми эки алаканын бири-бирине сүрүп алуу – адамдын өзүнө-өзү ыраазы болгону. Эки алаканын бириктирип, ээгинин алдына койгон кыймыл – өзүнө өтө ишенгендиктин белгиси. Өзүн-өзү кармап же эмоциясын көпчүлүктөн жашыргысы келген адам эки колдун манжаларын бириктирип алат.
Төмөнкү сүрөттөн көрүнүп тургандай, бул кыймылды Султан менен Мирбектен байкасаңыз болот.

Кадам...

Адамдын мүнөзү да басканына жараша болот. Бир калыпта, шашылбай баскан адамдын мүнөзү анын басыгындай салмактуу болот. Эгерде жерди ныктап басса – эч нерсеге карабай өз максатына умтулган адам. Чоң-чоң ташталган кадамдуу эркекти көрсөңүз, колдон чыгарбаңыз. Анткени алар эч жасалмасыз, эрктүү, күчтүү адамдар.
Тез шилтенген, кичине, мышыктын басканындай аяр кадамдуу адам – өтө майдачыл, амал­көй адамдар. Бутун сүйрөп баскан адамдар – табиятынан жалкоо жана токтоо, жоош адам.
Ырчы жигиттер Урмат менен Мирбектин кадамын карап, баа берсеңиз болот.

Чач...

Чач – өзүнө тартуунун бирден-бир куралы. Эркектер жактырган айымын көргөндө, өзүнөн-өзү желке чачын кашып же саамайын сылап алат. Эгерде чачы жок болсо, башын сылап алышы да мүмкүн. Бул көңүл буруунун жана жакындашуунун куралы.
Ал эми айымдар чачынын учун тиштеп, колуна ороп, учу менен өзүн кытыгылап жатканын байкасаңыз, демек, сизге көз салып жатканы. Анда алпаруучу Назира Айтбекова кимге көз сүзүп, тузагына тартуунун амалында болду экен?

Муштум түйүү...

Муштум – эрктүүлүктүн, ишенимдин, катаалдыктын белгиси. Аял киши муштумун түйүп алса, бардык күчүн топтоп, толкунданып жатканын билгизбөөнүн аракети деп билиңиз. Ошондой эле бир нерседен уялып кеткенде, аргасыз муштуму түйүлөт. Гүлнур эжекебиздин да концерттен кийин толкунданып кеткени көрүнүп турат. Эгерде эркек муштумун түйүп турганын байкасаңыз, демек, ал бир нерсеге өтө жини келип, өзүн араң кармап турат. Ал эми муштумду түйүп, бирөөгө сөөмөйүн өйдө кезеп турса – өзүнүн бийлигин жүргүзгүсү келгени.

Көз караш...

Эң табышмактуу жана көп сырларды каткан, албетте, адамдын көздөрү. Эгерде маектешип жаткан адам көзүңүзгө тике карап сүйлөбөсө – сүрдөп же алдап жатканы, адам көзгө эмес, эки каштын ортосуна карап сүйлөсө, демек, бул өзүнүн үстөмдүгүн көрсөтүүнү каалаганы. Көпчүлүк учурда тергөөчүлөр ушул көз карашты колдонушат. Эркектер жанындагы айымын көпкө караса – кызыгып жатканынын белгиси. Ал эми айымдар көз кыйыгы менен карап, эгерде көздөр кездешип калса тез тартып алып жатканын байкасаңыз, сизге кызыгып жатат деп билиңиз. Азыраак кылгырган көз караш жаштыктын жана атактуулуктун белгиси дешет. Буга актриса Элинанын көз карашы анык мисал.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
karyshkyr
2009-08-03 20:50:55
akbardi oozun emes kozun kosho karasak, al kuulanip jatat xe xe :P
0
jolira
2009-08-04 01:26:38
Жакшы,бирок булардын баарысы туура келе бербейт,анкени,мисалы,"эки колун бооруна алуу","алакандар","ооз"- бул баардык эле адамдардын конумуш адаты(привычка) да болушу мумкун.
0
№ 352, 31-июль-6-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан