ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 15 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ. КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?

«Ажал айтып, кырсык күттүрүп келбейт» дейт элибиз. Жакында Жети-Өгүз районунда болгон жол кырсыгынан 15 киши көз жумуп, 6 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

«АВТОУНАА СААТЫНА 60-70 ЧАКЫРЫМ ЫЛДАМДЫКТА БАРАТКАН»
23-июлда Каракол шаарынан Богатыровка айылына бет алган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобус жолдон чыгып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Жыйынтыгында айдоочу менен кошо 15 адам каза болгон.
Ошол кырсыктан аман калып, учурда облустук ооруканада дарыланып жатышкан бейтаптарга жолуктук. Чырак айылынын тургуну АКЖОЛТОЙ КАСЕНОВдун айтымында, кырсык төмөнкүчө болгон:
– Мен Чырак айылында жашайм. Каргашалуу күнү эртең менен Каракол шаарына базарга келгем. Базардан тамак-аш сатып алып, үйгө баратканбыз. Кичи автобустагы орундуктар толуп, 5-6 адам туруп баратышкан. Мен унаанын эң акыркы орундугунда элем. Байкашымча, автоунаа саатына 60-70 чакырым ылдамдыкта бараткан. Жон-Булак айылынан чыга бериште унаа жол жээгине чыгып, маңдайдагы бакты барып сүздү. Анан эсимди жоготуп коюптурмун. Бир маалда мурдума кандын жыты келип, эсиме келсем, бутум катуу ооруп жатыптыр. Көзүмдү ачып эки жагымды карасам, үстүмө адамдар кулап, үйүлүп жатышыптыр. Аңгыча эле кимдир бирөөлөр мени көтөрүп чыгышып, бир унаага салып ооруканага алып келишти. Бутум сыныптыр. Дарыгерлердин жардамы менен учурда абалым бир аз жакшы болуп калды.

«ТАРС» ДЕГЕНДЕН БАШКАСЫ ЭСИМДЕ ЖОК»
АЙЗАТ СУПАТАЕВА:
– Окуя болгон күнү Кабак айылына, төркүнүмө бараткам. Унаанын орто жагында отурган элем. Бир маалда катуу «тарс» деген үн чыкканын билем, башкасы эсимде жок. Кантип ооруканага келгенимди да билбейм. Башым жарылып, колум, жамбашым сынып кетиптир.

 

 


«ИНИМДИН АРТЫНДА ТӨРТ БАЛАСЫ ТОМОЛОЙ ЖЕТИМ КАЛДЫ»
Маркум айдоочу Жаныбек Асановдун агасы ЖЕҢИШБЕК АСАНОВ:
– Жаныбек бир тууган иним эле. Көп жылдан бери жол каттамда жүргүнчүлөрдү ташып иштечү. Инимдин жүрүм-турумун айылдын элинен сурасаңыздар болот. Тамеки чекчү, бирок ичимдик такыр иччү эмес. Кырсыктын кандайча болгону бизге да белгисиз. Кичи автобус сүзгөн терек жол жээгинде экен. Балким, бир нерседен буйтадыбы деп да ойлоп жатабыз. Ден соолугу жакшы эле болчу. Ушуга чейин бир жерим ооруду дегенин уккан эмесмин.
Үч айылдан бир күндө 15 кишинин каза болушу абдан өкүнүчтүү. Бири-бирибизге өкүрүп барып, куран түшүрүп жатабыз. Андан башка эч айла жок. Ошол күнү келиним да инимдин жанында экен. Иним менен келинимдин аркасында төрт баласы томолой жетим калды. Үч эркек, бир кызы бар, улуусу былтыр мектепти аяктаган, кенжеси 3 жашта.

«СӨӨКТӨРДҮ ПРИЦЕПКЕ ЖҮКТӨП КЕЛИШТИ»
Күтүүсүз кырсык канчалаган адамдарды жакынынан ажыратып, не деген көз жаш суудай агууда. Оорулуулардын ал-абалын билүү үчүн Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын башчысы ТОКТОБАЙ МААНАЕВге кайрылганбыз.
– 23-июлда кырсыкка кабылган 19 адам ооруканага жеткирилген. Бирок алардын 12си ооруканага жетпей эле каза табышкан. Ошондой эле каза тапкан дагы бир адамды туугандары кырсык болгон жерден дароо үйүнө алып кетишкен. Баарынан өкүнүчтүүсү, каза болгон адамдардын сөөктөрүн автоунаанын прицептерине жүктөп келишти. Тилекке каршы, 24-июль күнү дагы бир жабырлануучу ооруканадан көз жумду. Аларды акыркы сапарга узатканы жакындары үйлөрүнө алып кетишти. Облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан Нуржан Абдрахманова 31-июлда каза болуп калды. Травматология бөлүмүндө 3 эркек, 1 аял жана 5 жашар кыз дарыланууда. Алардын ал-абалдары жакшы, бир-эки күндө үйлөрүнө чыгарылат.

 

«АЙДООЧУНУН ЖҮРӨГҮ ТОКТОП КАЛГАН»
Бул окуяга байланыштуу Ысык-Көл облустук жол-кайгуул кызматынын башчысы Насипбек Калмурзаев кызматтан кетти. Байланышканыбызда ал мындан ары ишин Ош шаарында улантарын билдирди.
Кырсык тууралуу Каракол шаардык жол-кайгуул кызматынын бөлүм башчысы МИРЛАН БОЁНОВ буларга токтолду:
– Кырсыкка кабылган автоунаа 23-июль күнү эртең менен Караколдун муниципалдык автобазасынан текшерүүдөн өткөн. Тиешелүү документтеринин баары толук болгон. Автоунаа мыйзамдуу түрдө каттамга чыккан. Айдоочусу өмүр бою автобазада автобус айдап жүргүнчүлөрдү ташып жүргөн экен. Иш тажрыйбасы 21 жыл болгондугу аныкталды. Ушул убакытка чейин башка жол кырсыгына кабылбаптыр.
Ал башкарып жүргөн кичи автобус 18 орундуу, айдоочунуку менен 19 орундуу экени далилденди. Ошол күнү 19 орундуктан тышкары 3 киши туруп баратышкан экен. Айыл жергесине каттаган кичи автобустарга беш адамга чейинки жүргүнчүлөрдү орундук жок ташууга уруксат берилген.
Бүгүнкү күндө аталган факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу, бул жосун бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе) кылмыш иши козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жаракат алгандардын айтуусу боюнча, кичи автобустун ылдамдыгы жай эле болчу. Дарыгерлердин алдын ала маалыматына таянсак, айдоочунун жүрөгү токтоп калган. Тергөө убагында маалым болгондой, айдоочу ичимдик иччү эмес. Экспертизадан дагы ичимдик ичкендиги аныкталган жок.

«ОШОЛ КЫРСЫКТАН СОҢ 8 КИЧИ АВТОБУС ТОКТОТУЛДУ»
– Жүргүнчүлөрдү ташуучу айдоочулар айдоочулук күбөлүгүн алгандан кийин 2 жыл иш тажрыйба топтоп, андан кийин «Д» категориясы берилет. Ансыз айдоочуга жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат эмес. Ар бир жүргүнчү ташыган айдоочуга бир жылда бир жолу 40 сааттык программа менен жолдо жүрүү эрежелери тууралуу кошумча сабак өтүлөт. Анын негизинде транспорт инспекциясынан күбөлүк алышат да, анан жүргүнчүлөрдү ташууга жол берилет.
Каракол шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу 5 автобаза бар. Жол кырсыгы катталгандан кийин атайын комиссия түзүлүп, ал комиссия ар бир автобаза менен тиешелүү иш алып барууда. Каттамга чыккан кичи автобустардын айдоочуларынын документтерин, автобустун техникалык абалын текшерип, аныкталган кемчиликтердин негизинде протоколдор түзүлүп, абалы өтө эле начар, тиешелүү кагаздары жокторун атайын унаа токтотуучу жайга коюп жатабыз. 24-июлдан бери айып аянтчасына 8 кичи автобус токтотулду.

Кырсыктын эмнеден улам болгону тергөөнүн жыйынтыгында билинет. Бирок канткен күндө да каза болгондорду кайтарып ала албайбыз.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aruuzat88
2013-08-05 15:13:35
Аллахым отуп кеткендердин арты кайырлуу болуп,жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
aigulai
2013-08-06 10:21:14
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
uvay
2013-08-06 16:22:36
Жаткан жерлери жайлуу болсун!аябай капа болдум...
0
fariuri
2013-08-07 16:23:12
Жаткан жерлери жайлуу болсун,жаратканым Аллах бейиштин торунон орун берсин,окуп алып козумон жаш токтобой жатат.(((Жаратканым Аллах эли жериме тынччылык,токчулук,ыйман ,ден соолук,ырыскы берсе экен!
0
Aikokul85
2013-08-10 02:43:22
Жайлары жаннатан болсун,окуп алып аябай журогум ооруду.
0
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан