«ОН ЖАШ КИЧҮҮ ЖИГИТ 2 БАЛАЛУУ МЕНИ СҮЙҮП, АЛАМ ДЕП ЖАТАТ»

– Көптөн бери жүрөгүмдү өйүгөн маселе бар. Ошону жазып, адистен жооп алгым келет.
Мен медайым болуп иштейм, удаа төрөлгөн 2 балам бар. Күйөөм менен тил табыша албай, экинчи балам боюмда бар кезде кетип калгам. Ата катары келип, балдарга жардам бербейт. Учурда балдарым менен өзүмчө жашайм.Ажырашканыма быйыл 4 жыл болот. Бул убакыт аралыгында «мага турмушка чык» дегендер болду. Бирок аларга көңүлүм чаппады. Ойдогудай адам жолукпай жүргөн кезде бир бала мени жактырып, сүйүүсүн билдире баштады. Ал менден 10 жаш кичүү. Мен ага «кой, мунуң уят» деп жаныма жолотпой, сунуштарын кабыл албай жүрдүм. Бирок анын чындап жакшы көрүп калганын билем. Канчалык өзүмдөн ары түрткөнүмө карабай «мага турмушка чыгыңыз» дей баштады. «Сен жаңылышып жатасың, турмуштан ордуңду тапканга шашпа. Сен сүйүп калчу кыз кездешпей жаткандыр» десем да артымдан ээрчип жүрдү. Бир күнү «Сизсиз жашай албайм, эмнеге сүйүүмдү тебелейсиз?» деген СМС келди. «Жаш кыздар калбай калыптырбы, эрмектегениңди токтот» деп жооп жазып жиберсем, ызаланып барып асылып калыптыр. Дагы жакшы, ата-энеси көрүп, аман калды. Ошондон кийин коркуп, ага жылуу сөз менен түшүндүрүп, катуу айта албай калдым. Кечке чалат, телефонду албай койсом СМС жазат. Ошондой күндөрдүн биринде кечки убак дагы телефон чалды эле, алып, аны урушуп койдум. Ачуусу менен көчөгө чыгып, машинанын алдына өзүн таштаптыр. Бактыга жараша, аман калды. Кутулбайт экем деп ошондон кийин аны менен мамиле түзүүгө аргасыз болдум...
Азыр жолугуп турабыз, мен да ансыз жашай албачудай болуп баратам. Ата-энесине мага үйлөнөрүн айтса, катуу урушуп коюшкан. Алар макул болбой тургандыгы деле анык дечи. «Эч кимге айтпай никеге туруп жашай берели, анан башка жакка көчүп кетебиз» деп жатат. Эмне кылсам?

Элеанора, 29 жашта
Талас

«ТИЙБЕЙ АРМАНДА КАЛГЫЧА, МҮМКҮН, ЖАШАП КӨРӨСҮЗ...»
– Элеанора, эмне кылса болорун талдап көрөлү.

1-вариантта сиз ага турмушка чыктыңыз дейли. Эмнелер күтүлүшү мүмкүн?
1) Ал сизди сүйүп калган үчүн ага жашоо жомоктогудай сезилүүдө. Бирок сиздерде жаш курак айырмачылыгы 10 жыл. Ушундан улам анын жана сиздин кызыкчылыктар төп келбеши мүмкүн. Анткени ал өз баласы жок болгондуктан, ойноп-күлүүнү, сизден толук көңүл бурууну талап кылат. А сиздин 2 балаңыз бар. Көңүлүңүз менен убактыңыздын көбү аларга арналат. Ушундан да чатактар чыгышы мүмкүн.
Башында балдарга жакшы мамиле жасаганы менен, 5, 10 жылдан кийин аларга кандай мамиле жасайт деп ойлойсуз? Ата болуп бере аларына көзүңүз жетеби? Ойлонуп көрүңүз.
2) Ал сиз менен турмуш куруп, 3-4 жыл жашагандан кийин башканы сүйүп, сизден баш тартышы да мүмкүн. Баамыбызча, ал сыртка чыгып, жашоону көрө элек. Элге көп аралашса, башканы таап кетип калышы ыктымал.
3) Өзүнө өзү кол салган адам менен жашоо өтө оор. Анткени ал ушундай жол менен өзүнүн каалаганына жеткенге көнө түшкөн. «Айтканын кылбай койсом өлүп калат» деп өмүр бою коркуп жүрөсүзбү? Өз жашоосунун жоопкерчилигин башкаларга артып, аларды күнөөлүү сездиртип, кандай болсо да максатына жеткенге далалат жасайт. Бир нерсе болсо, сизди күнөөлүү боло тургандай абалга калтырат. Анын жашоосуна болгон жоопкерчиликти өзүнө тапшырыңыз. Сүйгөн адам эч качан сүйгөнүнө тоскоолдуктарды жасабайт. Сыягы, ал адамдын сезимдери чыныгы сүйүүдөн эмес, өзүмчүлдүктөн келип чыккан.

2-вариантта сиз ага турмушка чыкпай калдыңыз дейли. Эмне болушу мүмкүн?
Өкүнүч. «Аны менен турмуш курсам, мүмкүн, бактылуу болор белем...» деген арман өмүр бою калышы мүмкүн.
Эмне кылыш керек?
Айтылгандарды талдап көрүңүз. Мүмкүн, тийбей коюп кийин арманда калгыча, ага турмушка чыгып жашап көрөсүз... Бирок жолдошуңузга куулук менен мамиле жасап, анча-мынчаны сыр билдирбей балдарга көңүл бурдуртууга жетишүүңүз зарыл. Бул оңой эмес. Бирде ары карап ыйлап, бери карап күлүүгө туура келет. Көп энергияны, нервди талап кылат.
Эмнеси болсо да акыркы чечим сизде.

Каарманыбызга психолог АЙЗАДА КАБЫЛБЕКОВА жооп берди.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
idx81
2013-08-09 18:41:45
Бактылуу болгула!
0
Ibragim06
2013-08-09 22:22:15
Сиз ошол жигиттин мүнөзүн жакшылап сынап үйрөнүңүз.Турмуш курганга шашпай сүйлөшө туруңуз.Анан ата-эненин ыраазычылыгысыз жашоо туура эмес.
0
Aikokul85
2013-08-10 02:20:34
Озунделе жаш экенсин тенин табылып калаар барибир жаш балада анын, кыялы жаш да сени алгандан кийин сенден да жаш кыздарды энсейт да,ото кызыл бат онот дешетко.
0
ledifech
2013-08-10 17:24:25
Суйуу жашка карабайт деп коюшат эмеспи... Бирок Ата эне ыраазы Кудай ыраазы деген соз бар.
0
kantos
2013-08-10 23:53:41
бирок суйуу кары жашка карабайт да этияттык менен мамиле кылыш керек Айзада эже туура талдаптыр
0
tynchtyk11
2013-08-11 20:54:05
Кунаажын козун сузбосо, Бука жибин узбойт.
Жаш баланын башын айлантпай Элеанора, жаман жагын корсотсо, бала озу эле алыстайт. Элеанора, жаш баланын тагдырын бузба!!!
-1
azia9393
2013-08-12 01:06:28
ата эне каршы болсо анда эч качан бактылуу боло алышпайт биринчиден ата эне ыраазы болуш керек деп ойлойм))))
0
liko
2013-08-12 08:02:48
siz 29 jawta bolsonoz, al 19 jawtagy balaby? toobo 19 jawta suyuunu emes adam ozunu taba albait go
0
lovemam
2013-08-15 12:21:30
Ал балжарына каращабы же дагы биржи торогондо таштап кнтсечи?
0
jypawra
2013-09-09 16:45:46
суйуу келе берент кете берет, жашоо улана берет.
0
jyldyza0000
2013-09-20 21:16:03
жакшы ойлонбосонуз,Ал жигитти учунчу бала кылып тарбиялап каласыз деп ойлойм
0
anara85
2013-10-04 17:37:29
мен журогунузго кулак салын дейт элем,журогунуз эменени кааласа ошону аткарганыныз туура!
0
nazmar
2013-10-30 16:46:16
ал бала азыр копту коро элек анан ошого бул эжесин коруп жакын болупда коргон да ошого жашоо кызыктуу экен ушул эжем менен деп ойлоп ататго менимче,ойу кыскада
0
jek1646
2013-12-08 10:34:27
болбойт лучше исчез болуп кетиш керек унутат анан кийин
0
kushbak79
2013-12-08 14:21:39
Мисалы мен өзүмдөн 9 жаш улуу аял менен жашап көрдүм.Ал мени ысытма-суутма кылып алган экен.1,5 жыл жашадык,анан мен аны таштап кетип калгамын.Азыр аялым менден 14 жаш кичүү,кудайга шүгүр бир ширин кызыбыз бар.Менин кеңешим ал баланы тынч кой,баары айып сенде Элеонора.Сен бир деме дебесең ал бала сага жакын жолобойт эле мага окшоп!
0
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан