– Ата-энемдин бирге жашап жатканына 20 жыл болот. Үйдө менден башка иним да бар. Акыл-эс киргени алардын чатагына ортоктош болуп келем. Болор-болбос нерсеге эле урушуп, анан күчөтүп ийишет. Атам жумуштан келгенден көп өтпөй бир нерселерди сүйлөнүп, апамды кажып, апам да куру калбай жинге тийчү сөздөр менен жооп кайтарып, уруш уланат. Кичинебизде атамдын апама кол көтөргөн учурлары болгон. Биз чоңоюп калганда анысы калды.
Кээде карап отуруп, кимдики туура да, кимдики туура эмес экенин ажырата албайсың. Мындай караганда апам боорукер, жумшак мүнөздүү эле жан. Атам деле интеллигент, бизди жакшы бакканга аракет кылган адам. Апам атам жокто сонун эле отурат, анан ал келди дегиче кабагы бүркөлө баштайт. Атам да апам жокто күлүп-жайнап отурат да, апам жанында бир топко болуп калса, куйкасы курушат. Ошондуктан иним экөөбүзгө ата-энемдин биринин гана үйдө болгону жагат. Экөө урушуп кирди дегиче биз сыртка чыгып кетебиз же ал досунукуна жөнөйт, мен курбумдукуна барам. Башка үйдө түнөп калган күндөрүбүз да болду. Иним экөөбүз эмне кыларыбызды билбей калдык. Мен 11-класска, иним 8-класска көчтү. Ата-энемдин чатагын кантип койдурууга болот?
Айзуура, 16 жашта
Бишкек
«АЧЫК СҮЙЛӨШҮП КӨР»
– Айзуура, ата-энени балдары оңдой албайт. Экөөнүн ортосундагы көнүмүш болуп калган уруштарды өздөрү каалабаса токтотууга кыйын. Жашоодо бири-бирин жакшы көрбөй, бирок балдар үчүн деп аргасыз жашаган ата-энелер бар. Мисалы, аялы «балдарды чоңойтконго, үй-жай кылганга өзүмдүн алым жетпейт, эптеп жашай берейин» деп жашоого аргасыз. Эркек аялын жакшы көрбөйт, бирок балдарын кыйып кете албайт. Алар сыртынан жакшы үй-бүлө көрүнгөнсүгөн менен, чыныгы жашоолору башка. Үйүнөн уруш үзүлбөйт.
Силердин да ата-эне урушуу менен балдарынын психикалык жактан жабыр тартканын сезбей жатышат. Силер чоңоюп калыпсыңар. Ата-энеңерди кандай болсо, ошондой кабыл алууга аракет жасагыла. Алардын уруштарына көңүл бөлбөй, өз жашооңордо эмнени кааласаңар ошону кыялданып, өзүңөрдү, алаксыткыла.
Ата-энеңдин кимиси менен ачык сүйлөшө алсаң, ошонусу менен ачык сөзгө келип, алар урушканда силер кандай абалда боло турганыңарды айт. Аларды күнөөлөбөй, жөн гана сезимдериңерди айтсаң, ойлонуп калышар. Бир-эки жолу сөз козго, оңолбосо, кайра-кайра айтуунун кажети жок. Ортолоруна кийлигишкениң үчүн күнөөлүү болуп калышың мүмкүн.
Каарманыбызга психолог АЙЗАДА КАБЫЛБЕКОВА жооп берди.
Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө кырсыкка кабылып, күнөөкөрдү жазалагысы келет. Айрымдар сүйгөнүнөн айрылып жанын коёрго жер таппай, бирөөнүн кеңешин уккусу келет. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Психологдун кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg