ЧЕРДИ ЖАЗГАН БИЛЬЯРД

Бильярд учурда жаш-кары дебей кызыгып ойногон оюндардын бири болуп саналат. Оюндун негизги максаты – кийдин жардамы менен столдун үстүндө чачылган шариктерди уячаларга киргизүү. Бул оюндун бир кызыгына кирип кетсең, баш тартуу кыйын экендиги анык...

Тарыхынан

Бильярд Азияда жаралганы талашсыз. Бирок ушул күнгө чейин Индияда же Кытайда биринчи ойлонуп табылганы такталбаган бойдон келет. Ал эми бул оюн Европага, атап айтканда, Англия жана Францияга XV-XVI кылымдарда тарала баштаган. Оюндун аталышы туралуу да көптөгөн ойлор бар. Алардын бири боюнча оюндун аталышы "billart" деген француз сөзүнөн алынып, “жыгач таяк” дегенди түшүндүрөт. Башка варианты боюнча, "ball-yerds" деген эки англис сөзүнөн туруп, “топ” жана “таяк” деген маанини берет. Алгачкы бильярд столдору менен учурдагы столдордун ­айырмасы асман менен жердей. Учурдагы оюндун негизги куралы болгон кий ал учурда жөнөкөй гана таякча болчу. Оюн шариктери болсо пилдин сөөгүнөн жасалып, бир топ эле салмактуу келген.
XVI-XVII кылымдардан баштап бильярд столдоруна өзгөрүү кире баштаган. Шариктер кирүүчү жыртыкчаларга (лузаларга) атайын торчолор тагылат. Стол үстүндө шариктердин жакшы түртүлүп, жылуусу үчүн бильярд столунун четтери каучук менен бекитилип, койдун жүнүнөн жасалган кездеме менен каптала баштаган.
Орусияга бильярдды Батыш Европадан Пётр I алып келген десек болот. Ошол мезгилден тарта бул оюн аябай популярдуулукка жетип, ар бир эс алуу жайдан бильярд столун көрүүгө болот эле. Ал эмес XIX кылымда Орусияда оюндун эрежелери камтылган атайын китепче (автору профессионал бильярдчы Ерыкалов) чыккан. Спорт түрлөрүнүн арасында алгачкы дүйнө чемпиондугу дал ушул бильярд боюнча өткөн (1873). АКШда өткөн ошол тарыхый мелдеште франциялык Гарнье аттуу бильярдчы чемпион аталган.
Кийинчерээк бильярд оюнуна спорттун бир түрү катары маани бери­ле баштаган. Учурда бильярд сүйүү­чү­лөрдүн клубдары, “ФИДЕ” – бильярддын иштерин жөнгө салып туруучу дүйнөлүк федерацияда ачылган. Ал 1998-жылы Япониянын Нагано шаарында уюшулган.

Эрежелеринен

1. Эс алуу жайларында бильярд столдору бири-биринен алыс турат. Ошентсе да коңшу столдогу оюнчу шарикти мээлеп жаткан учурда жанынан өтүүгө болбойт. Ошондой эле коңшу столдо болуп жаткан оюнду тигилип кароого да тыюу салынат.
2. Шарды согууга мээлеп турган учур – эң негизги учур. Бул убакта коңшу столдогу оюнчу шарды атууга даярданып жатканда, аны сүйлөп же дагы башка нерселер менен алаксытууга болбойт.
3. Алкоголь ичимдиги куюлган бокалды столдун үстүнө коюп же столдун өзүн таянып туруу жаман адат катары кабыл алынат.
4. Эч качан бир оюнчу мээлеп жатканда анын атаандашы тешикченин (лузанын) жанына турбашы керек.
5. Бильярддын атайын формасы жок болсо да, кийимге чоң маани бе­рүү зарыл. Кийимдин тыкан болуп, столдун булуң-бурчуна жабышпоосу керек.
6. Бильярдда бардык спорт түр­лөрүндөй эле “таза оюн” (“Fair play”) деген түшүнүк бар. Шарды туу­ра эмес атып алсаңыз, сөзсүз түрдө бул тууралуу сиз менен ойноп жаткан адамга билдиришиңиз керек. Эгерде туура эмес атканын көрүп калсаңыз, оюнчу катасын моюнуна алгыча атууга шашылбаңыз.
7. Атаандаш аткандан кийин шариктер токтомоюнча, мээлөөнүн кажети жок.

Бильярд оюнунун түрлөрү

  • Карамболь (француз бильярды)
  • Орусча бильярд
  • Американка (эркин пирамида)
  • Москва пирамидасы
  • Динамикалык пирамида (невалык)
  • Снукер (англис бильярды)
  • Пул (америка бильярды)
  • Новус (скандинавиялык бильярд)

Бильярд шарын согуунун түрлөрү

Клапштош – шарды жөнөкөй, түз уруу
Накат – акырын тоголотуп уруу
Оттяжка – шарды кайра өзүңө тоголонуп келгендей кылып согуу
Перескок – шарды секиртип атуу

Эгер «үйгө бильярд орнотом» деген оюңуз болсо...

Эң биринчиден, бильярд коюлуучу бөлмөнүн полунун 1 чарчы метри 200 килограммдан жогору салмакты көтөрө тургандай бышык болуусу зарыл. Ошондой эле маани берүүчү нерсе, полдун түздүгү талап кылынат. Андан сырткары, бөлмөнүн нымдуулугу жогору болбошу кажет. Бөлмөгө берилүүчү жарыкты да туура тандаш керек. Колдон келсе, бильярд үчүн лампаларды алып, аны столдун үс­тү­нөн бир метр бийиктикке илип койгон ыңгайлуу.

Бильярд тууралуу кызыктуу фактылар

“Кикс” деген термин бильярдда “ийгиликсиз сокку” деп түшүн­дү­рүлсө, музыка дүйнөсүндө “жогорку нотадагы үндүн үзүлүп кетиши” дегенди да түшүн­дүрөт.
Владимир Маяковский менен Михаил Булгаков бильярд оюну боюнча элдешкис атаандаштардан болушкан. Бир жолу Маяковский бильярддан көп суммадагы акчаны уттуруп жиберип, жарыкка чыга элек “Ыр кантип жазылат?” деген статьясынын гонорарын койгону да айтылып келет.
Голливуд актёру Том Круз “Акчалардын өңү” (“Цвет денег”) тасмасына тартылууда бильярд оюнунун оор түрлөрүн өзү аткарган. Ушундан улам режиссёр Мартин Скорсезе актёрдун мыкты бильярд оюнчусу экенине баа берген.


Бильярдды сүйгөн белгилүүлөр эмне дейт?

Назми, ырчы

– Бильярдды кайдан үйрөнгөнсүң, турмушка чыккандан кийин ойноп жатасыңбы?

– Бильярдды студент кезден баштап эле ойноп келем. Бул оюнга кызыгып калышыма Марат деген байкем себепчи болгон. Ал досторун таппай калганда эле мени ээрчитип алчу. Анан ырдап жүрүп, гастролдо жүргөндө кесиптеш балдар менен ойноп, тажрыйба топтогом. Азыр турмушка чыксам дагы бильярдды таштаган жокмун. Анткени жолдошум да бильярдга кызыгат, мыкты ойнойт. Андыктан экөөбүз дайыма мелдешип ойноп турабыз. 200 сомдон “ставка” коюп алабыз.


Канат Бегалиев, балбан

– Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, кү­рөштөн тышкары бильярд боюнча да профессионалдык мелдештерге катышат белеңиз?

– Бильярд мен үчүн мелдештерге даярдануумдун бир бөлүгү болуп саналат. Анткени аны мелдештерге барар алдында оюмду топтоп, ашыкча ойлонуудан алыс болуш үчүн гана ойнойм. Ар бир спортчу мелдеш алдында кабатырланып, түрдүү ойлор менен алпурушат. Мына ошондойдо ойду бир жерге жыйнап, “күйүп” кетпөө абдан маанилүү. Бильярд мени дал ошондой ойлордон арылтып, жардам берет. Ошондуктан бильярд боюнча профессионалдык мелдештерге катышуу оюмда да жок.


Зайлан Адамов, бильярдчы

– Бильярддан иштеп тапкан акчаңыз өзүңүзгө жетеби? Бильярдды үйрөнүүнү каалагандарга кеңешиңиз?

– Албетте, миллион, миллиардды ойноп таба албайсың. Бирок, кудайга шүгүр, жакшы эле табам. Айта кетсем, бир жолу Москвада 3 сааттын ичинде 50 миң рубль утуп алгам. Анан дагы Алматыда өткөн Дүйнөлүк кубокто 1500 долларга ээ болгонумду айта алам. Ал эми бильярдды мыкты ойноону каалагандарга бир гана кеңеш берем: “Ойногула, бирок эч качан мактанбагыла!”. Бул оюнда мактанууга болбойт, мактанган адам дароо эле утулуп калат. Бильярддын ушундай анты бар.


Бек Борбиев, обончу жана аткаруучу

– Эл арасында сизди Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген бильярдчысы” деп айтып калышат. Бильярдга канча убакыт жана канча акча коротосуз?

– Ха-ха, Эмгек сиңирген бильярдчы болгондой кыйратып деле ойной албайм. Бирок бул оюнга бир топ эле кызыгуум бар. “Кыйынмын” деген оюнчуларды деле утуп койгон күндөр болгон. Эми мен жумасына 2-3 жолу ойноп турам. Оюн кызыктуу болуп кетсе, убакытты деле карабай калабыз. Бир барганда капчыгымдан 200-300 сомдой эле коротом. Көбүнчөсү утуп алам.


Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jolira
2009-08-04 01:52:02
Менин эми бильярдга кызыгуум арта баштады!:-)))
0
№ 352, 31-июль-6-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан