ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ГРУППАЛАШ КУРБУЛАРЫМДЫ ИЗДЕЙМ»
– 1998-жылы ОшТУнун ТЛП-2 группасын аяктаган Гүлзат Сулайманова, Кыял Бекешова жана Асыл, Жаңыл аттуу курбуларымды издейм.

Зульфия, тел.: 0554 01-05-53

«БАЛАМДЫ 14 ЖЫЛДАН БЕРИ ИЗДЕП КЕЛЕМ»
– Уулум Рифат Рахманбердиев атасы менен 1999-жылы 1-майда Папан суу сактагычына балык уулоого кетишкен эле. 5-майда балам жок, жолдошум өзү келди. Аларга кошулуп кайним барган эле. Анын айтымында, баламды издеп таппай калышып, «үйгө кетип калган го» деген ой менен келе беришиптир. Милицияга кабар берип издеттик, табылбады. Жолдошум ичкиликке берилип кетип, ошондон бир жыл өткөн соң каза болду. Кайрылбаган жерим калбады. Баламдын тирүү же өлүк экенин билбегендиктен, издөөдөн үмүтүмдү үзбөй келем. Уулум тууралуу билгендер болсо, кабарлап койсоңуздар.

Гүлшат Чербаева, тел.: 0778 95-08-87

«ТААНЫШЫМДЫ ИЗДЕП  КЕЛЕМ»
– 1969-жылы Алайда туулган Бекболот аттуу таанышымды издейм. Аялынын аты – Чолпон. 2008-жылы Ноокатта прокурордун жардамчысы болуп иштеген. Азыр Бишкекте турушат. Бекболотту көптөн бери издеп келем. Аны тааныгандар болсо, табууга жардам беришиңерди өтүнөм.

Арстанбек Эрматов, тел.: 8926-07-07-827

«Кайдасыңар, курбулар?»
– ОшМУнун педагогика факультетин 1996-жылы бүтүргөн группалаштарым Бурул Чаканова, Гүлнара Мамажунусова жана Зулкумар Каракожоеваны издейм. Курбуларыма жолугуп, студенттик куракты эскерип отургум келет.

Кенже Стамалиева, тел.: 0770 35-01-02

«ДОСУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Мен 1963-жылы Оштун (учурда Жалал-Абад облусу) Кербен шаарчасында туулган Сүйүтбек Базарбаев аттуу досумду издейм. 1986-1987-жылдары Таш-Көмүрдө чогуу иштегенбиз. Досум, гезиттен бул катты окусаң, байланышка чыгарсың же досумду тааныгандар болсо, мага чалып койсоңор.

Таластан Жылдызбек, тел.: 0773 20-08-31

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 47-43-43

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Poliglot
2013-08-05 11:36:22
Саламатсыздарбы. Биз 1914-жылы Ысык-Кол районунун Чон-Орукту айылында торолгон аталаш агабыз Сатыбалдиев Сагындын балдарын жана неберелерин издоо салабыз. Ал Улуу Ата Мекендик согушта сол бутунан жарадар болгон жана "За отвагу! За взятие Берлина!" медалын алган. Небере чоборолору болсо 0773600472 номерине Сатыбалдиев Монолдорго кайрылуунарды суранабыз.
0
Shekerbek
2013-08-05 14:20:36
Мен Сузак районунун Карача айылында 1988-ж 12-октябрда туулган Акунова Наргиза деген кызды издеп журом !
0
admin_media
2013-08-05 14:43:19
Урматтуу колдонуучулар издөө үчүн главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыздар.
0
STARS-BOYS88
2013-08-12 02:08:40
Саламатсыздарбы!мен да учурдан пйдаланып Баткен областынын Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну,1984-ж туулган Нургул аттуу кызды издейт элем,менин билишимче 2004-жылдан бери бишкекте апасы эжеси Жыпар жана синдиси болуп,7- микр рн да жашашат болчу,кимде ким билген болсо nar.yn@mail.ru дареги боюнча билдирип коюунарды отунот элем,
0
admin_media
2013-08-12 11:04:17
STARS-BOYS88,
Саламатсызбы! Билдирүүңүз гезит бетине чыгышын кааласаңыз koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
0
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан