Акыркы убактарда таксисттердин өмүрүнө кол салган фактылар көп катталууда. Тилекке каршы, мындай окуялардын аягы көп учурда кейиштүү аяктап калат. Жакында Бишкек шаарында ушундай кылмыш катталып, таксист көйнөкчөн туулган экен, аман калып, кылмышкерлер колго түшүрүлдү.
КЫЛМЫШ ВИДЕОРЕГИСТРАТОРГО ТАРТЫЛЫП КАЛГАН
Тоону томкоро турган, билеги күчкө толгон жаштардын оңой акча табуу үчүн түрдүү кылмыштарга барышы, атүгүл адам өмүрүнө кол салуусу кадыресе көрүнүшкө айланып бараткандай. Үстүбүздөгү жылы 21-июлда түнкү саат бирлер чамасында Бишкектеги такси кызматтарынын бирине такси кызматын пайдалануу үчүн чакыруу келип түшөт. Оюнда жаман нерсе жок Кайрат аттуу таксист чакырылган Фрунзе көчөсүнө барганда медициналык бет кап кийген 20-25 жаштагы кыргыз жигити «бери айда» деп ишарат кылат. Айдоочу ал айткан жерге барганда дагы бир кара чүмбөтчөн кылмышкер кошулуп, экөөлөп айдоочуну муунта башташат. Жан далбастап каршылык көрсөткөн айдоочуга бычак да сайышат. Ал каршылык көрсөтүп жатканда кылмышкерлердин бири өзүнүн колундагы бычактан жараат алган. Таксист кылмышкерлерге каршылык көрсөтүп качып чыкканга үлгүргөндө, кол салгандар ал жерден автоунааны айдап качышат.
Унаанын ичинде болгон күрөш видеорегистраторго тартылып калган. Аны бир нече мүнөттөрдөн кийин кылмышкерлердин бирөөсү көрүп калып ыргытып жиберет. Ал эми таксист алгач милицияга, анан кесиптештерине кабарлайт. Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери менен таксисттин кесиптештери көргөн ыкчам аракеттердин натыйжасында көп узабай Алишер Жакыпов жана Калысбек Орозбаев аттуу жигиттер колго түшүрүлгөн.
«АВТОУНААНЫ ТЕТИКТЕРГЕ САТУУНУ КӨЗДӨШКӨН»
КАРИМА АМАНКУЛОВА, Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери:– 2013-жылдын 21-июлунда саат 1:20 чамасында Бишкек шаарындагы Биринчи Май РИИБине курал колдонуп кол салуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Кылмыш болгон жерге барган Биринчи Май РИИБинин тергөө тобу окуянын чоо-жайын иликтеп, кылмышкерлердин изине түшөт. Изи сууй электе бул кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну Алишер Жакыпов жана Ысык-Көл облусунун 20 жаштагы тургуну Калысбек Орозбаев кармалды.
Шектүүлөр кылмышын мойнуна алып, алардын үстүнөн Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (курал колдонуу менен кол салуу) жана 172-беренеси (мыйзамсыз бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылуу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр автоунааны тетиктерге сатууну көздөгөнү аныкталды. Учурда алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Айбала Эргешов
koom@super.kg