Кыргыз өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева айыл өкмөт башчыларына, акимдерге, мэрге жаңы конуштарды электр жарыгы, таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду оңдоого сарпталчу акча каражаттарын карап чыгууну жана планга киргизүүнү тапшырды. Облуста бүгүнкү күндө 4600 түтүн жаш үй-бүлө там салып, жаңы конуштарда жашап жатышат. Алардын басымдуу бөлүгү Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата райондорунда.
Буюрса, эми жаңы конуштардын жашоочуларынын жашоо шарты жакшы жолго коюла баштамакчы.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg