Бүгүнкү күндө медицинада адамдын органдары жана ткандары өмүрдү узартууда эң баалуу сырьё. Бирок бейтаптардын баарына ал органдар жете бербейт. Ушундан улам адамдарды уурдап, союп, органдарын көмүскө базарда сатуу күч алды. Орган сатуу дүйнөнүн бардык өлкөсүндө тыюу салынган кылмыш катары эсептелет. Андыктан бүгүн биз орган сатуунун күнгөй жана тескей жагы тууралуу сөз козгойбуз. Башкача айтканда, орган сатууну жарнамалоо үчүн эмес, маалымат катары бермекчибиз.
Бир адамдын денесинен 200гө жакын денени калыбына келтирүүчү продукт чыгарылат. Мындайча айтканда, 1 адамдын денеси 200 адамдын ден соолугун калыбына келтирүүгө жарайт.
ОРГАНДАРДЫ САКТАГАН БАНК
АКШнын Виржиния штатында органдарды сактоочу дүйнөдөгү эң ири банк «Лайв нет хелз» бар. Бул банкта өз эрки жана туугандарынын макулдугу менен каза болгон миңдеген адамдардын дене бөлүктөрү сакталат. Алар ооруканаларды орган менен камсыздап турат. Алгач келип түшкөн денени текшерүүдөн өткөрүшөт. Жарамдуу болсо керектүү бөлүктөрүн кесип алышып, микробдордон арылтып, -200 градус муздактыктагы муздаткычтарда сакташат. Адамдын башкы органдары: жүрөк, боор, өпкө жана бөйрөк эң көп дегенде 72 саатка гана чыдайт. Бул убакыт аралыгында аны тийиштүү адамга салып калууга жетишпесе, анда алар жараксыз.
Ал эми дененин башка бөлүктөрүн тоңдуруу жолу менен көп жылдар бою сактаганга мүмкүн жана алар ар кандай ооруларды айыктырууга жарайт. Мисалы, жүрөктүн сыртынан каптап турган чел кабыгы баш мээнин чел кабыгын жасоого колдонулса, буттун сөөктөрүн омуртканы жаңылоого колдонушат. Жыл сайын дене мүчөнүн миллиондогон бөлүктөрү дүйнөнүн ар тарабына жөнөтүлөт.
ЭҢ КЫМБАТ ОРГАНДАР
Жүрөк, боор, бөйрөк жана өпкө. Бул органдар – адамдын кыймылдаткычы. Аталган органдарга муктаж болуп кезек күткөндөрдүн санын кыскартууга мүмкүн эмес. Алсак, кезекте тургандар Англияда 9 миңди, Германияда 14 миңди, Кытайда 2 миллион адамды түзөт. Ал эми Кыргызстанда мындайлардын саны 250гө жетет.
ОРГАН САТУУГА КАТУУ ТЫЮУ САЛЫНГАН
Дүйнөнүн бардык мамлекетинде орган сатууга катуу тыюу салынган. Бирок АКШ, Кытай, Израиль сыяктуу өлкөлөрдө донордун өзүнүн жана туугандарынын макулдугу менен анын органдарын башкаларга салууга мүмкүндүк берчү мыйзам чыгарган. Кыргызстанда оорукчанга ата-энеси же бир туугандары гана мыйзамдуу донор боло алат.
Өнүккөн мамлекеттерде органын алмаштырууга муктаждар өз мекенинде кезек күтүүгө аргасыз. Ошондой эле өмүрү аз калган жана операциядан кийин өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүгү 5 жылдан ашпай турган сыркоолорду медициналык борборлор кабыл алышпайт. Мындай бейтаптарга дарыгерлер бейишке даярдануусун эскертишет. Себеби орган жетишсиз. Өз өлкөсүндө кезек күтүүдөн ажырагандар акча сарптап чет өлкөдөн орган сатып алууга өтүшөт. Мындан улам орган сатуу бизнеске айланып, орган сатууга каршы чыккан мыйзамдар тебелендиде калууда.
Интернетте «каалаган органды кезексиз, каалаган учурда сатып алууга мүмкүн» деген жарыялар толтура. Мында авиабилеттен тартып дарылануучу оорукананы тандоого чейин көмөк берүүчү туристтик агенттиктер да бар. Бирок бул иштердин көпчүлүгү мыйзамды бузуу менен жүргүзүлөт. Дүйнөдө мыйзамсыз орган сатуу боюнча эң чоң борборлор болуп Косово, Кытай, Бангладеш жана Түштүк Африка өлкөлөрү саналат. Аталган өлкөлөрдө кесилип алынган органдар АКШ, Канада, Евробиримдиктеги мамлекеттерге жөнөтүлүп турат. Мындан сырткары Италияда дагы мыйзамсыз орган сатуу иши чоң бизнеске айланганы далилденген. Италиянын Апеннин жарым аралында акыркы 35 жыл ичинде 9800 өспүрүм дайынсыз жоголгон. Алардын дээрлик 95 пайызы бала багып алуу агенттиктеринин жардамы менен ташылып келген. Иликтөөнүн жыйынтыгында Италияга келген балдар «ден соолугун чыңдоого» деген шылтоо менен ооруканаларга жөнөтүлүп, ошол жерден союлуп, органдары сатылып турган.
2012-жылдын май айында Израилдин полициясы тарабынан Европада орган сатуу менен алектенген 10 уюшкан кылмыштуу топ колго түшүрүлгөн. Алардын негизги курмандыктары Молдавия, Казакстан, Орусия, Украина жана Беларустун жарандары болгон. Израилдин өзүндө болсо палестиналыктар, израилдик арабдар жана түпкү ата журтум деп көчүп барган орустар орган саткандардын курмандыктары болушат.
Кытайда атууга кеткен кылмышкерлердин органдары кесилип алынат. Маалыматка таянсак, аталган өлкөдө жылына 10 миңге чукул аял-эркек өлүм жазасына тартылат.
МЫЙЗАМСЫЗ ОРГАН САТКАНДАРДЫН АЗАБЫН ТАРТКАН ООРУКЧАНДАР...
2004-жылы АКШда адамгерчиликтен аттап өткөн кылмыштын бети ачылган. Адамдын сөөктөрүн мыйзамдуу сатуу менен алектенген «Биомедициналык ткандар кызматы» деген компания «коррупцияга тийиштиги бар» деп текшерүүгө алынат. Жыйынтыгында аталган компания Нью-Йорктун сөөктү жерге берүүчү кеңселери менен иштешип, ал жактагы СПИД, рак, сифилис, сарык менен ооруп көз жумгандар көмүлгөн көрүстөндөрдү ачып, сөөктөрүн ажыратып алып турушкан. Сөөктөрдүн ордун кагаздан жасалган түтүктөр менен толтуруп коюшкан. Сөөктөргө «медициналык жактан таза» деген жалган документтерди жасап, рак оорусуна чалдыгып 95 жашында каза болгон адамдын сөөгүн деле жаш адамдын сөөгү деп сатышкан. Мындай сөөктөр аталган компания аркылуу эч нерседен шек санабаган 10 миң адамдардын денесине салынган.
АДАМДЫ СОЮУ АНГЛИЯ МЕНЕН АКШДА БАШТАЛГАН
1820-жылдарда медицина тармагы абдан кирешелүү болуп, өнүгүүгө бет алган. Ошол учурда Нью-Йорктогу жана Лондондогу медициналык окуу жайларда медиктерди даярдоодо өлүктөрдү союп окутуу башталган. Окууга керектүү жаңы денени түндө көрүстөндөн казып келип турушкан. Көп акча табууну каалагандар билек түрө киришип, жумушунан тапкан айлыктан он эсе көп каражатка ээ болушкан. Бирок алынып келген өлүктөрдү сактоочу жайлар болбогондуктан, ал тез эле керектен чыккан. Ушуга байланыштуу АКШда өлүм жазасына тартылгандарды жана өздүгү такталбай калган өлүктөрдү союуга уруксат берилген.
Эң алгачкы орган которуу операциясы 1954-жылы АКШда жасалып, бейтаптын бөйрөгү алмаштырылган. Бирок орган алмаштыруу 1970-жылдардан соң гана кулачын кеңири жая баштаган.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg