Төбө чачты тик тургузган бул окуя Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айлында болуп өткөн. Өз канынан жаралган баласын бычак менен бырчалап өлтүрүп, сөөгүн туш-тарапка көмүп салган аял тууралуу айылдын тургундары коркуу менен эскеришет.
Кыңыр иш кырк жылда...
Мындан беш жыл мурун Тоң районунун Тоң айлында, көл жээгинен өлгөн кишинин башы табылат. Андан көп өтпөй эле айылдык иттер кишинин колун сүйрөп жүргөнү тууралуу милиция кызматкерлерине маалымат жетет. Ошондон баштап бул сөөк кимге тиешелүү экенин аныктоо максатында иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Бирок табылган кол болгону 30-40 жаштардагы эркек адамдыкы экени гана аныкталып, анын ким экени, эмне болуп каза тапканы табышмак бойдон кала берген.
Мындан бир аз убакыт мурун “мен өз баламды өлтүргөм” деген ат көтөргүс айыпты моюнга алып, милиция кызматкерлерине Элмира аттуу аял кайрылат. Анын айтымында эне-бала ортосунда жаңжал көп чыкчу. Бул жаңжалдын баары ичкиликтин айынан эле. Дайыма ичип келген энени уулу кыжырдана тыйган сайын, мындай уруш-жаңжалдар күндөн-күнгө күчөй берет. Ушундай күндөрдүн биринде Элмиранын уулу Каныбек торпогун он миң сомго сатып, шаарга кетмекчи болот. Акча тууралуу да ич-ара жаңжал чыгат. Кечке жуук эч нерсе менен иши жок, уктап жаткан баласын эне бычак менен жүрөк тушка малып алат. “Эне, бул эмне кылганың?” деген баласынын түшүнүксүз көз карашына “унчукпа” деп муунтуп баштайт. Энесинен мындай жорукту күтпөгөн уулу каршылык көрсөткөнгө шайы да жетпей көз жумат. Сөөк муздагыча целлофандан атайлап баштыкчаларды тигип чыгат. Астына целлофан төшөп, уулунун денесин мүчөлөп, ар бир мүчөнү тигилген баштыкчаларга салып, канын желим бөтөлкөлөргө куюп көл жээгин кыдырып ар кайсы жерге көмүп салат. Алардын баарын бир күндө эмес, күнүнө бирден баштык алып чыгып көмүп келчү экен.
Айыл тургундарынын айтымында ...
Айылдыктар бул кемпирди “жинди Элмира” деп коюшат. Жада калса жаш балдарга “Жинди Элмира келатат” десе тып басылып калышат дейт. Кызыл кыштан салынган заңгыраган үйдү көргөндө, самсаалап кийинип, көчөдө бөтөлкө чогултуп, ар кимди сөгүп-сагып жүргөн аялдын үйү экенине ишенбейсиң. Бирок көп жылдан бери көргөн-билген кошуналардын айтымында, бул үйдү Элмира бөтөлкө чогултуп жүрүп тапкан акчасына салдырган. Ал эле эмес, күйөөсү жок жүрүп төрөгөн эки эркек баласын да тырмыша тиричилик кылып жүрүп эрезеге жеткизгенин айта кетишти. “Ошондой эле кош бойлуу келиндердин боюнда көтөргөнү эркек же кыз экенин жазбай айтып, анча-мынча сыркоологон жаш балдарды көргөн эмчилик да жайы бар болчу”,- дешип кошумчалай кетишти.
“Өпкө-боорун бышырып жептир”
Өз жазасын күтүп жүргөн Элмира учурда экинчи уул-келини менен чогуу жашайт. Биз келини Берметти (аты өзгөртүлүп берилди) бул окуя тууралуу кепке тарттык.
– Болгон окуя тууралуу эмне айтып бере аласың?
– Кайненем өзүн психикасы бузулган адамдай алып жүргөнү менен, үйдө таптакыр башкача. Сопсоо эле жүрөт.
Бир үйдө турганыбыз менен, эки бөлөк жашайбыз. Эртең менен туруп кетет да, кечинде келип жатып алат. Тамак -ашты да эки бөлөк ичебиз. Мен тамак жасап, идишке куюп коём. Аны күйөөм кайненемдин бөлмөсүнө алпарып берет. Жолдошум жумушка кеткенде абдан корком. Анын үстүнө чиедей үч балам бар. Бизге айткандары боюнча, өлтүргөн баласы спорт менен машыккан, ичпеген, чекпеген бала экен. Менин күйөөм дагы аракты бир ичсе, жумалап ичип кетет. Жолдошумдун айтымында, кайненем экөөнү ошол каза болуп калган баласы тартипке салып турчу экен. Кайненем убагында райондук оорукананын өлүкканасында иштептир. Ошондон улам кандан коркпой, мындай мыкаачылыкка барды го деп ойлойм. Баарынан да баласын өлтүргөндөн кийин целлофандан атайлап баштыкчаларды тигип, ага денени мүчөлөп, анан салыптыр. «Ичеги-карынын 10 сантиметрден кескилегем»,- дейт. Анан өпкөсү менен боорун кадимкидей бышырып жептир. Бул эми өзүнүн айтымында.
Баласын өлтүргөнгө чейин кыйкырынып-өкүрүнүп эле баарыбызга тынч жашоо берчү эмес. Эми көп унчукпай калды. Анын үстүнө акыркы күндөрү терилери укмуштай сыйрылып, өңү бузулуп баратат. Милицияга барып кылган кылыгын айтып берүүсүнө, баласы түшүнө кире бергени себеп болуптур. Түшүндө баласы: “Апа, менин денемди чогултуп койчу”,- деп сурана берет экен. Негизи, үйдүн ичинен кандайдыр бир үндөр чыгып, идиш-аяк калдырай берет.
– Кылган ишин моюнуна алгандан кийин камалган жокпу?
– Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Жакында эле милиция кызматкерлери келишти. Аларга уулун кантип өлтүрүп, кайсы жерде денени мүчөлөп, баштыкчаларга салгандыгын көрсөтүп берди.
– Мындай адам менен чогуу жашап, өз өмүрүңөрдү тобокелге салып жаткан жоксуңарбы?
– Милиция кызматкерлери мага “Жалгыз калба”- деп эскертип кетишкен. Бирок башка үйүм жок, кайда барып жашамак элем? Жаш балдарым бар. Ал эми күйөөм керээлден-кечке талаада жумушта.
Мына окурман, бул жашоодо ушундай түшкө кирбеген окуялар да кездешет. Бул маалымат милиция кызматынан эмес, жогоруда айтылгандай, Элмиранын келининен алынды. Бул келин менен сүйлөшүп бүтүп, кетип баратсам, жолдо колуна баштык сүйрөп, өзү менен өзү сүйлөшүп келаткан кемпирди көрдүк. Сот кандай жыйынтык чыгарары азырынча белгисиз.
Бахияна Сатылганова
koom@super.kg