Алмазбек Раимкулов:«ЖАШ КЕЗДЕ ЭЛЕ АССОЛГО ЖЕТЕМ ДЕП МАКСАТ КОЙГОМ»

«Алмазбек Раимкулов менен Ассоль Молдокматова ажырашты» деген кеп желдей тарап, элге дүң болду. Бирок көп өтпөй түгөйлөр мурункудай эле кол кармашып бактылуу өмүр сүрүп жатканына күбө болдук. Кид Даймонд деген ат менен бокс аренасында белгилүү спортчу 13 жылдан соң мекенине кайтып келди.

– Алмаз мырза, 13 жылдан соң мекениңизге келишиңизге эмне себеп болду?
– Америкадан керектүү илим-билимди алдым. Кайда жүрсөм да өз элиме кызмат көрсөтөм, ошол пландарды ишке ашырам деп келдим. Кудай буюрса, келечекте баарын ишке ашырып, Кыргызстанда эле калайын деген ойдомун.

– Сиздерди «ажырашып кетиптир» деген кеп эмнеден улам чыкты деп ойлойсуз?
Алмаз Раимкулов: – Өзүңүздөр көрүп турасыздар, биз бассак-турсак эгиздер сыяктуу дайым биргебиз. Эч жакка жалгыз чыкпайбыз. Бул кепти угуп өзүм таң калдым. Кыргызстанга жаңы келип досторума жолуксам эле «жакшы элесиңби, баары тынчпы?» деп мага боор оорушат. «Эмне болду?» десем, «сени камакка отургузуп, ажыраштырып салышты» дешет. Мен кызуу кандуумун, «андай болгон эмес» деп дароо туталанып кеттим. Чынында, биз жубайым экөөбүз мындай нерселерге көнүп калдык. Болгону туугандар, ата-энелерибиз жаман болушту. Азыр эле апам «тынччылыкпы, тополоң чечилдиби?» деп Америкадан чалды.
Ассоль Молдокматова: – Биз мунун артында ким турганын, эмне максатта жасап жатканын жакшы билебиз. Бизди ажыраштыргысы келгендер айта беришсин, ага көңүл бөлбөйбүз. Эки эл алдындагы адамдар болгон соң сөзсүз түрдө миллиондогон адамдардын көңүлүн бурат. Көпчүлүк Алмазды «миллионер» деп ойлошот. Чынында, андай эмес. Экөөбүз анын жумушунда, жашоосунда кризис болуп турган чакта жолуктук. Бир учурда 5 жумушта иштеп жатып, жолдошумду кыйынчылыкта колдоюн деп, үй-бүлөм үчүн эки жыл бою эки айда бир жолу өзүмдүн эсебимден Лос-Анжелеске барып турдум. Андан сырткары мага жөн салды асылгандарды жеңип, буюрса, үй-бүлөмдү сактап, бекемдей алдым.

– Үйлөнүп жатканда «Голливуд жылдыздарын чакырып күзүндө элге той беребиз» деп жаттыңыздар эле, эмне болду?
Алмаз: – Алгач атактуу Голливуд актёр, актриса, спортчуларын алып келип Кыргызстан менен тааныштырайын. Анан андай пландар, буюрса, болот.

– Экөөңүздөр кандайча таанышып калдыңыздар эле?
Алмаз: – Мен жалгыз жашоону баштагандан кийин интернет аркылуу сүйлөшүп баштадык. «Долбоорлор кандай жүрүп жатат, биз жакка качан келесиз?» деп Ассолго жазып турдум. Аны көптөн бери билчүмүн, ал мен сыяктуу патриот адам. Ошол тема бириктирди окшойт бизди.
Ассоль: – Патриоттук эле эмес, башка нерселер да бизди жакындатты. Экөөбүздүн мүнөзүбүз аябай окшош. Өжөрбүз, аракетчил, тез туталанып кетмейибиз бар. Эсимде, 18 саат бою скайп аркылуу сүйлөшкөн күндөр болгон. Уйкум келип баштаганда, «Алмаз, уктагым келип жатат» десем «макул уктай бер, мен сени карап отура берем» дечү. Эгер адамдар бири-бирине кызыктуу болбосо мынча сүйлөшмөк эмес (күлүп).

– Бири-бириңиздерди кайсы сапатым менен багынттым деп ойлойсуздар?
Алмаз: – Биринчи жолу телефондо сүйлөшкөндө эле Ассолдун ички дүйнөсү, ачык-айрымдыгы мени арбап алды. Атактуулугуна караган эмесмин.
Ассоль: – Мага болсо Алмаздын чечкиндүүлүгү жаккан. Эгер бир нече секунд арасында ал чечкинсиздик кылып койсо, азыр башкача болмок беле, биз бирге болбойт элек, балким. Алмаз, «болду, мага турмушка чыгасың, эч жакка кете албайсың» деди. Ошону менен тагдырыбыз чечилип калды (күлүп).

– Алмаз мырза, Ассоль айымдын колун кантип сурадыңыз эле?
– Мындан эки жыл мурун Ассоль Нью-Йоркко сынакка барып калды. Сынактан утуп, Майамиден кетип жатканда «Лос-Анжелеске келип кет» десем, аял киши да, өзүнчө назданат. «Бара албайм, кетишим керек» дегенинен «макул, анда 10 жылдан кийин Кыргызстанда көрүшүп каларбыз, буюрбаса айла жок» десем, «макул» деп жооп жазып жиберди. «Кой, болбойт» деп учакка киргенге чейин телефондон сүйлөштүк го (күлүп). Келгенде телефондон сүйлөгөн Алмаз жок, толкунданып бир башкача болом. Кийинчерээк, мариачи деп коёт, мексикалык ырчыларды чакырып, таң атпай саат 6ларда Ассоль жайгашкан мейманканага алып келип серенада ырдатып, «менин жубайым бол» деп сунуштагам.

– Серенада ырдатканыңызга караганда романтик окшойсуз?
Алмаз: – Билбейм, мен өзүмдү романтикмин деп эсептебейм. Бирок сүйгөндөн кийин катылган таланттар да ачылып кетет окшойт (күлүп).
Ассоль:« Алмаз романтик эмес, баарын ичине каткан, түнт жигит болчу. Сен жашообузга кирдиң, балам романтик болуп калды» деп апам көп айтат. Анткени качан Америкага учуп барбайын, аэропорттон бир кучак гүл менен тосуп алат. Кыргызстанга келсем достору гүл менен күтүп турган болот. Анан да Лас-Вегаста үйлөнгөнүбүздө жолдошум бүт жакты роза менен кооздогонун көрүп аябай кубангам.

– «Ассоль айымды 19 жашымдан бери тымызын жактырчумун» деп айткан экенсиз. Ошол бойдок кезде эмнеге сөз айтып аракет кылган эмессиз?
Алмаз: – Кантип сүйлөшөсүң, ал кезде эми чыгып келаткан спортчу, араң эле мастер болсом? Бирок Ассоль радиодо иштеп жүргөндө чалып үнүн угуп унчукпай трубканы коюп койгон күндөр болгон. Ошондо эле «эч нерсе эмес, баары бир сага жетем» дечүмүн.
Ассоль: – Ал кезде мен радиолордун биринде иштечүмүн. Дайым эле «Алмаз деген жигит чалып жатат» деп айтышат, алсам унчукпай коюп салат. Кийин сүйлөшө келгенде ал жолдошум экенин билбедимби (күлүп).

– Алмаз мырза, өзүңүздүн балдарыңыздан кабар алып турасызбы?
Алмаз: – Келгениме бир жумадай болуп калды. Эгер апасы балдарымды бекитип алып качпаса эле жолугам. Кандай болгон күндө да атасымын. Динара менен тагдырыбыз эки башка болуп калды. Ага балдар күнөөлүү эмес. Азыр балдарыма эсеп ачып койгом. Ай сайын акча салып турам. Кудай буюрса, бой жетип калганда, «мен жаман болсом да алып койгула» деп берем.
Ассоль: – Балдар эч качан ажырашуунун себепкери болбошу керек. Алар менен мамиле түзүш шарт. Мага чейин булар эмне себептен ажырашканын билбейм, аралашкым келбейт. Алмаздын балдары деле менин балдарым.

– Өзүңүздөр качан бала жытын искейин деп жатасыздар?
Алмаз: – Кудай буюрса, футболдук команда кылабыз дебейинби (күлүп). Жок дегенде эки-үч балалуу болсок деп жатабыз.

– «Сүйүү болсо кызганыч болот» дешет, ким көбүрөөк кызганчаак?
Алмаз: – Мен кызганчаакмын. Бирөө менин алдымда жубайыма көз салып тийишсе, чыдабай дароо ачууланып кетем. «Бул менин жубайым» десем, көпчүлүк мени таанышат да, «жубайыңыз сулуу экен» деп комплимент айтып коюшат.
Ассоль: – Негизи, мен деле «повод» бербейм да, туурабы, жаным? Чынында, мен ачык түстөгү кыргыз колорити бастырылган кийимдерди көп кийгендиктен, америкалыктардын көңүлү бурулса керек. Бирок жолдошумсуз эфирден башка эч жакка чыкпайм. Андыктан ашыкча кызганычтан азырынча маселе жарала элек. Спортчу да, дароо эле эмоциясын чыгарып алат. Бирок мага ишенбей, майдалана бербейт.

– Таарынычтар деле болуп турса керек?
Ассоль: – Экөөбүз тең өз чөйрөбүздө лидербиз, башкарып көнгөнбүз. Андыктан башында баш ийүү оңойго турган жок, ошондон көп кыйынчылык жаралчу. Азыр болсо таарынышып, түшүнбөстүктөр пайда болсо, бирөөбүз унчукпай калабыз. Көбүнчө аял катары мен акылдуулук кылып коём. Негизи, биз бири-бирибизди дайым атыбыздан чакырбай, «жаным, сүйгөнүм» деп чакырабыз да, эгер маанай жакшы болбой калса, «Ассоль, Алмаз» деп калабыз (күлүп).

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жаш кезде эле Ассолго жетем деп максат койгом"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (57)
piramida
2013-08-07 08:27:07
Балдарына мееримди акчасы менен чачабы ошондо.
+1
miniusha
2013-08-07 13:08:53
Ову жоктордун интервьюсу болуптур хехе кирпиги жасалма экен анан чачы хотябы жасалма эмеспи деген ой келди.
+1
admin_media
2013-08-07 15:41:57
Marjan.Murok,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
tynara81
2013-08-07 18:07:17
Элге тынчтык, жер жузундогу бардык тугойлорго бакыт каалайм, ушул экоонон сырткарыы. Ажырашкандар толтура, бирок булар бир жакшы эле жашап атышып, Динара Кыргызстанга келери менен эле Алмаз уйлоно койду го. Ага чейин алар жашабай калса, анда Динара АКШда кезинде эле уйлонушпойт беле. Ассоль бир уй булоо очогун бузду.
+1
kgz.girl_kgz
2013-08-07 20:12:33
emi,Assol aiym bilet da...jurnalist da suilogondu bilet,jashoodo da opytnaya....degi koichu,bar ele bolunuz da Assol aiym...Almaz myrza dagy *ty tut ne prichem* dep alat he he,Allah vam sudya!!!
0
Ulik82
2013-08-08 02:14:10
тобо корунуктуу адамдар ушинтип жатса
+1
girl_93.kg.
2013-08-08 16:29:22
алмаз байкенин мага биринчи аялы жакты
0
mi-li-na
2013-08-08 19:30:53
думаю бул жерде любовь по расчету болгонбу дейм да;) А Алмаз мушкер канчалаган кубоктордун ээси, ото кучтуу КРдин спортсмени анан кантип Ассоль айымды суйуп калды деген ой келбей койбойт. Ассоль озу айткандай он лидер и я тоже дегени чын ага кошулам,кучтуу айым!!! Мен Ассоль айымга завидую, что у нее прекрасный муж, анан калса знаменитый спортсмен!!!Мен да Алмаздай жолдошум болушун кааламакмын!!!
0
aika2009
2013-08-09 02:55:37
ой ассоль кыргызстандын белгилуу кадрларынын бири болгондон киин серьезное интервью беришпептир да!киингени болсо буратино болуп калыптыр гоо!!!а мен ассольду кастюм юбкачан причесонная аял болуп келсе керек деп ойлогом ,куйоосу аябай жонокой бала экен ,молодец!!!
0
Nadiko_93
2013-08-09 08:27:27
Кызык, Ассоль айымдын боексуз ону кандай болду экен?
0
Timka
2013-08-10 14:26:37
Nadiko_93, коркунучтуу болсо керек ха
0
sonka89.
2013-08-10 02:40:33
Кыскасы корунуп эле турат Алмаздын акылы жок суйлогон созуну билбеген бир мактанчак экени,болбосо кантип эки баласын кочодо калтырып бактылуу болмок.
+2
angelo4ka_96
2013-08-10 12:12:12
пФфФфФ жийиркенем!
0
Timka
2013-08-10 14:25:29
Мынча страшная
0
sapfir86
2013-08-12 17:24:58
Какие байки))) Алмаздын мактанганы шумдук го, англисче сүйлөбүз го)))) Ассолду түшүнгөн жокмун, кандай критерий менен Алмазды тандаганын... Хотя деньги могут всё! Балдарын акча менен *подкуп* кылат окшойт да кийин... Жалко короче всех..
0
suiutbekov1989
2013-10-03 11:14:36
Ассоль мага жакан жок озу жакчу деле эмес болчу Алмаз байкеге владык эмес ко кемпирго окшоп калыптыр Ассоль
0
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан