ТОО КОЮНУНДАГЫ ТИГҮҮ ЦЕХИ

Өзгөн районунун тоолуу айылдарынын бири Салам-Аликте кыргыздын улуттук буюмдарын тигүүчү цех бар. Байбичелерди, жалгыз бой аялдарды, айыл келиндерин жумуш менен камсыздаган бул цехтин негиздөөчүсү Каныкей Каримова ийгилик сырлары менен бөлүштү.

7 БАЛАНЫ БАГУУ МУКТАЖДЫГЫНАН ЖАРАЛГАН ИЙГИЛИК
– 10-классты аяктагандан кийин Жалал-Абаддагы Кооперативдик техникумда окуп калдым. Кийин ата-энем жакшы кесип дешип тикмечинин бир жылдык окуусуна киргизип коюшту. Аны аяктап, фабрикада иштедим.
Турмушка чыгып, Өзгөн шаарында улуттук цехте иштеп жатканымда, 90-жылы улуттар аралык уруш чыгып, жумушубуз жоюлуп кетти. Жолдошум экөөбүз айылга барып отурукташтык. Балдар жаш болгон үчүн иштеген жокмун. 2000-жылы жолдошум кайтыш болуп, 6 уул, 1 кызым менен калдым. Каатчылык мезгил, 4 уулум, күйөө балам студент. Бирөөлөрдөн 1000 сом карыз сурап, аны ар бирине 200 сомдон бөлүп берип, окууларына жиберчүмүн. Ошол учурда 200 сом деген мен үчүн чоң акча эле. Аны жайлоого чыгып мал саап иштеп, кайра кайтарып берер элем. Кийин балдарым окууларын бүтүп, соода-сатык кылып, аз-аздан акча таба башташты.
2006-жылы бир-эки аял биригип ушул курак тигүүчү чакан цехти ачтык. Ишканамды ачып, кызыгуум күчөп, жайы-кышы дебей буюртмаларды алып иштей баштадым. Кудайга шүгүр, азыр баары жакшы. Балдарымды үйлөнтүп-жайланттым. Бир гана уулум үйлөнө элек, ушул ишканага дизайнер болуп берчү келин алсамбы деп ойлонуп калам.

«ИЙГИЛИК ЖАШ ТАНДАБАЙТ»
– Айылда пенсияга чыкканда үйдө эле отуруп, пенсия күтүп калат эмеспи. Аны күтпөй, эмгектенсек кошумча акча таап, ошондой эле башкалардын муктаждыгын канааттандырып, өзүң да рахат алат экенсиң. Анан да кенен ичип, кенен басасың. Мен да бул ийгиликке оңой жеткен жокмун. Ишти алгач 9 аял 200 сомдон акча топтоп баштаганбыз. Айыл өкмөтүбүз эскирип, түшөйүн деген бул үйдүн бир бөлмөсүн берди, аны оңдоп-түзөп, андан сырткары эл аралык уюмдардан бир аз колдоолор болуп, ишибиз жүрүшүп кетти. Алгач иш баштаганыбызда менде бут менен иштетүүчү бир эле машина бар эле, калгандарыныкы илгерки кол машина болгону үчүн бир топ кыйналып жүрдүк.
Бир жолу «Башат» деген уюм экология боюнча семинар өткөрүп, ага катышып калдым. Биздин баштаган ишибизди эске алышып, долбоор сунушташты. Аны иштеп чыгып, өткөрүп бердим. Долбоорум жактырылып, каражат бөлүнүп, ага 4 аялга бут менен иштөөчү машина алдык. Ишибиз жеңилдеп, жылыш боло баштады.
Кийин дагы бир уюмдан Ошко чакырып, «Ишканаңызда эмне жетишпестиктер бар, баарын жазып бериңиз. 1 миллион сомго чейинки керектөөлөрүңүздү жаза бериңиз» дешсе, ичмектин кусмагы бар, какап калбайын деп кайчы, үтүк, ток менен иштөөчү машиналарды жаздым. Ошентип ишканабызга акыркы үлгүдөгү 10 машина, оверлок келип калды.
Бир гана тигүүчүлүк менен чектелип калбай, жыгач усталыкты кошуп кооператив деп ачып алдык. Кыргыздын буюмдары, кийимдери көбүнчө жүндөн жасалгандыктан, эми жүн тыткан машина алуу планымда бар. Ийгилик болгон сайын шыктана берет экенсиң. Ишканама келип ишимди баштамайынча көңүлүм жай албайт. Көнүп калыптырмын, үйдө отургум келбейт. Эмгек кылган жерде ийгилик болот экен.

«АПТАСЫНА 2000-3000 СОМДОН ТАБАБЫЗ»
– Учурда цехте 6 адам иштейт, мындан сырткары 4 келин үйлөрүндө отуруп тигишет. Үйлөрүнө машиналарды алып барып бергенбиз. Биздин өзүбүздүн койлордун жүнү жакшы болбойт экен. Түндүктө багылчу меринос породасындагы койлордун жүнүн Бишкектен сатып келип жасайбыз. Курактын 14 түрүн көргөзгөн китепче даярдап койгонбуз, керектөөчүлөр келет да, ошол жерден кайсыны тандаса, ошону даярдап беребиз. Андан сырткары шырдак, улуттук сувенирлерди, кемселдерди, кийизден жасалган баш кийим, бут кийимдерди, баштыкчаларды тигебиз. Аптасына 2000-3000 сомдон табабыз, бул жакшы да. Ар бирибизде эле 6-7ден бала бар, ошолорду ушул ишибиздин акыбети менен багып жатабыз.
Жаш кезимден бери кыялданган кесибим болгондуктан, ишиме берилүү менен мамиле кылам. Кичине эле жаман тигилип калса аны эринбей сөгүп, кайрадан оңдоп тигип чыгам.
Бул бир гана акча табуунун жолу эмес, илгертен келе жаткан кол өнөрчүлүктү кийинки муунга калтырууда да чоң роль ойнойт. Замандын өзгөрүп жатканыбы, көп кыз-келиндер кызыга беришпейт. Мектебибиздеги кол эмгек сабагынан келип практикалык сабагын өтүп кетишсе деген сунушту киргизели деп жатабыз. Ордубузга башкаларды тарбиялоого даярбыз.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
kg_07
2013-08-06 07:37:50
Molodes ejeler eken! Kele4ekte dagy uwundai iygiliktuu iwkanalar koboio bersin
0
teo
2013-08-06 13:34:15
Аташ сен иштебесен эл ушинтип оз окатын табып жатат.
0
nasik198
2013-08-06 19:31:54
Ишиниздерге ийгилик.Эмгектин наны таттуу болот эмеспи.Жаштар ушундай улуу муундардан улгу алсак жаман болбойбуз.Кол куушуруп отургандан пайда жок азыркы заманда аракет кылсан берекет.
0
Jamalym
2013-08-10 00:48:37
Менин да буйруса цех ачсам деген тилегим бар.Кудай тилегимди берип суйуктуу кесибим менен иштесем дейм.
0
prenses
2013-08-10 04:01:39
Aptasina 2000-3000 alabiz deibi!? Tushungon jokmun. Ar bir kishibi je sexke tushkon akchabi?
0
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан