Жыл сайын жол кырсыктары көбөйгөндөн көбөйүүдө. Статистика көрсөткөндөй, быйыл жол кырсыктарынын саны былтыркыга салыштырмалуу 48 пайызга өскөн. Кыргызстан боюнча күнүнө орто эсеп менен жол кырсыгынан 3 адам көз жумат. Кырсыктан соң ден соолугунан ажырагандар канча? Буга ким күнөөлүү? «Кырсык каш-кабактын ортосунда» деңизчи, бирок мунун алдын алса, азайтса болбойбу?
СТАТИСТИКА ҮРӨЙДҮ УЧУРАТ
Үстүбүздөгү жылдын 6 ай аралыгында өлкөбүздө 3017 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 453 адам каза болуп, 4318 адам ар кандай жаракат алган (анын ичинен 49 жаш бала көз жумуп, 618и жаракат алган). Ал эми 2012-жылдын алгачкы жарым жылдыгында 2038 жол кырсыгы катталып, 370 адам каза таап, 2877 адам жаракат алган болчу (анын ичинен 48 өспүрүм көз жумуп, 459у жаракат алган). Бул өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу бир жарым эсеге жогорулагандыгын билдирет.
«ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН КӨБҮНЧӨ МАРШРУТТУК ТАКСИЛЕР БУЗУШАТ»
Шаар тургундарынын пикиринде, жол эрежелерин бузууга жана кырсыктардын келип чыгышына көпчүлүк учурда тажрыйбасыз жаш айдоочулар күнөөлүү. Коомдук транспорттун айдоочулары да жол кырсыктарына, тыгындын пайда болуусуна шарт түзөт. Калктын айтымында, айдоочуларга жасалма документ жасап бергендер, пара жеген МАИчилер жазага тартылмайынча кырсыктар азайбайт. Ал эми жол кыймылын көзөмөлдөгөн тарап айдоочуларды күнөөлөйт. Жол көзөмөлдөө кызматынын башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башкы инспектору Эдил Балтабаевдин жогорудагы көйгөй тууралуу пикирин уктук:
– Жол кырсыктары эмне себептен көбөйүүдө деп ойлойсуз?– Жол кырсыктары айдоочулардын жол эрежесин сактабаганынан улам болууда. Мас абалында, жогорку ылдамдыкта айдашат. Мындан тышкары жолдорубуз начар. МАИ кызматкерлери аз, ошол да себеп. Айдоочулар өзүн эле ойлобостон, автоунаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдү да ойлошсо. Кыргызстанда жолдор Союз учурундагы стандарт менен тар салынган. А бирок машиналардын саны өсүүдө. Учурда өлкөбүздө 888 миңден ашык автоунаа катталган.
– Жол кырсыгын азайтуу үчүн кандай иш-чараларды жүргүзүп жатасыздар?
– Ар кандай профилактикалык иштерди жасап жатабыз. Мындан тышкары жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук фирмалардын жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Себеби маршруттук таксилердин катыштыгы бар жол кырсыгы көп катталууда. Мисал катары айтсам, үстүбүздөгү жылдын 6 ай аралыгында өлкө боюнча 153 маршруттук такси жол кырсыгына кабылып, натыйжада 29 киши каза болуп, 317 киши ар кандай жаракат алган (Жети-Өгүздөгү кырсык биринчи жарым жылдык статистикага кирген эмес).
– Айдоочулук күбөлүккө «Д» категориясын кимдер ала алышат? Азыр жаш балдар деле жүргүнчүлөрдү ташып иштеп жүрүшөт...
– Союз учурунда айдоочуларга 21 жашында «Д» категориясын берип, 2 жыл шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташып иштеген соң гана шаарлар аралыгына айдоого уруксат берилчү. Азыр деле «Д» категориясы 21 жаштан жогоркуларга берилет, бирок жаш балдар ижарага кичи автобустарды алышып, шаар ичинде иштебестен, дароо алыскы шаарларга каттамдарга чыгып жатышат.
– Тааныштар же акчанын күчү менен күбөлүккө «Д» категориясын жашы жетпегендер деле бастырып алышы мүмкүнбү?
– Элдин ою ошондой болуп калыптанып калган. Дароо эле «МАИ кызматкерлери жасалма документ жасап беришет» деп ойлошот. Азыр XXI кылым. Баары компьютер аркылуу өтөт. Эгер жашы жетпесе компьютер аркылуу билинип калат. Ошол себептен «Д» категориясын жашы жете электерге берүүгө мүмкүн эмес.
– Маршруттук такси айдагандарга кандай талаптар коюлат?
– Ар бир айдоочу эртең менен сөзсүз түрдө наркологдон текшерүүдөн өтүп, андан кийин гана каттамга чыгып иштеши керек. Ичип алып айдаган фактылар көп. Андай айдоочуларга административдик материалдар түзүлүп сотко жөнөтүлөт. Мындан тышкары унаа жылына 2 жолу техникалык кароодон өтүп турушу шарт.
– Негизи, маршруттук таксилерге канча жүргүнчү салууга уруксат?
– Ар бир унаанын техникалык мүнөздөмөсү болот. Ошол мүнөздөмөдө канча киши салууга уруксат берилсе, ошончо киши салыш керек. Заводдон унааны ошого ылайыктап чыгарат да. Бирок азыр айдоочулар ага карабастан, жүргүнчүлөрдү батпай калганча толтуруп алышат. Аларга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Мисалга, кээ бир айдоочулар жүргүнчүлөр отурчу орундуктарды «киши көп батсын» деп алып салышат. Биздин кызматкерлер андай көрүнүштөргө тиешелүү административдик протоколдорду түзүшөт. Маршруттук таксилер менен иштешүү биздин кызматкерлер үчүн кыйынчылык туудурат. Жол эрежесин бузган кичи автобустарды МАИ кызматкери токтотсо, алар ичиндеги жүргүнчүлөрдү алып чыгып, ызы-чуу кылып, эптеп айдоочулук күбөлүгүн алдырбоонун аракетин кылышат.
«ЖҮРГҮНЧҮЛӨР ӨЗДӨРҮ КҮНӨӨЛҮҮ»
Айдоочулардын да арманы аттын башындай десек болот. Башкасын мындай коюп, борбор шаарыбыздын эле жолдорун ала турган болсок, мышык ыйлай турган кейипте. Жол чырактардын начар иштегенине, аялдамалардын аздыгына, элдин ыгы жок жерден токтото бергенине маршруттук таксилердин айдоочулары нааразы. Алар өздөрүнүн дарегине айтылган жогорудагыдай пикирлерге, жыртык жолдордон буйтап көнгөндөй, кошулгулары келбейт. 216-каттамдагы маршруттук таксинин айдоочусу ЭЛЧИБЕК ИДИРИС УУЛУНУН айтымында, ал 19 жашынан бери жүргүнчү ташып иштейт:– Жашым 22де. Жүргүнчүлөрдү ташып иштегениме 3 жыл болду. Айдоочулук күбөлүктү окуп анан алгам. Элдин нааразы болгондорун угуп эле жүрөм. Бизге деле оокат керек. Кичи автобустун ижарасына айына
18 миң сом төлөйм. Атаандаштык болгон соң кээде жарышып айдоого, элди маршруттук таксинин ичине толтуруп алууга туура келет. Бир чети жүргүнчүлөр өздөрү күнөөлүү. Бул деле такси сыяктуу да, кааласа түшөт, каалабаса түшпөйт. Бара жатсаң кол көтөрөт. Токтотсоң өздөрү шыкалып биринин үстүнө бири кире берет. Негизи 20 жүргүнчү салууга уруксат. Анан жүргүнчүлөрдү биз кыйнабайбыз да «түшкүлө» деп, «жылгыла-жылгыла» деп өздөрү эле бири-бирин түртүп түшүп алышат да, артка өтүп алып сүйлөнөт. Кээде аялдама болбосо деле «токтот» дешет, токтобой койсоң жаман көрүп эшикти тарс эттире катуу жаап түшүп кетишет. Кээ бирөөлөр «айдоочулар ичип алып айдашат» деп ойлошот экен. Башкасын билбейм, биздин каттамда андайлар жок. Ар бир күнү нарколог келип текшерет. Ичкендерге айдоого уруксат бербейт. Анын үстүнө кечке чейин тыйын табайын деп элди ташып иштейсиң, анан кантип ичмек элең. Жүргүнчүлөрдү ташып жатып кандай адамдар ичет экенин билбейм.
Биздин эң негизги көйгөйүбүз эле жол. Анан 216-каттамга атаандаш каттамдагы маршруттук таксилер көп. Жол эрежелерин көбүнчө өзүн кыйын сезгендер, байдын көпкөн балдары бузушат. Анан алардын айынан тыгын, жол кырсыктары пайда болот.
Айдоочуларга тиешелүү «шашып өлүкканага 1 саатта жеткиче, шашпай 2 саатта үйгө жеткен оң» деген сөз бар. Туура. Адам өмүрү кымбат экенин, канчалаган адамдардын өмүрү силердин колуңарда экенин туюп, шашпай айдагылачы, айланайын айдоочулар!
Асхат Субанбеков
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
КООМДУК УНААГА ТҮШҮҮДӨН КОРКПОЙСУЗБУ?
Элиза Маныбаева, Бишкек шаары:
– Айдоочулар мал салып алгансып катуу айдашат. Бири-бири менен жол талашат. Атаандашына жини келип, жинин катуу айдап чыгарат. Маршрутканын ичиндеги канчалаган адамдардын өмүрүнүн жоопкерчилигин алып жаткандарын айдоочулар эстеринен чыгарышпаса экен...
Азат Бөрүбаев, Бишкек шаары:
– Коомдук транспортко түшкөндөн, чынында, корком. Катуу айдашат, жол эрежелерин көп бузушат. Азыр жаш балдар деле «Д» категориясын акча менен сатып алып, маршруткаларды айдап жүрүшөт. Аларда тажрыйба аз, жол кырсыктары көбүнчө ошондон келип чыгууда.
Махабат Багышбекова, Талас облусу:
– Коомдук транспортто жүрүү мен үчүн кооптуу деле эмес. Канча жылдан бери көпчүлүк катары маршруткалар менен эле барчу жериме жетем. Бирок кээде катуу айдаса коркосуң. Шаар ичиндеги бардык эле айдоочулар жол эрежелерин билгендер болсо керек деп ойлойм.
Каныбек Түркбаев, Жалал-Абад облусу:
– Коркпойм, анткени тиешелүү органдар аларды текшерүүдөн өткөрүп турат деп үмүт кылам. Бирок көп маршруткалардын отургучтары ыңгайсыз. Ошол эле учурда турсаң да ыңгайсыз. Кээ бир маршруткалардын шамалдаткычтары жок, терезелери ачылбайт. Ошондой унаалардын лицензиясын алып салышса жакшы болмок...
Айгүл Сапатаева, Ысык-Көл облусу:
– Жакында эле жол кырсыгы болуп, ондон ашык адам каза тапты. Бул эмнеден келип чыкты? Албетте, жол коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан. Анан жаш эле балдар айдоочулук күбөлүктү сатып алып жүргүнчүлөрдү ташып жатышат. Мен маршруткага түшкөндөн корком.
Руслан Төлөгөнов, Бишкек шаары:
– Коркунуч жаратат. Ичине көп киши тыгып алып жарышып катуу айдашат. Жол эрежелерин көп бузушат. Отурайын десең отургучтары да жок. Арасында ичип алып айдашкандары бар. Жүргүнчүлөргө да орой мамиле жасашат. Бирок арасында жакшы айдоочулар деле бар.
Давлес Жамшит уулу, Ош шаары:
– Коркпойм. Бирок жийиркеничтүү көрүнүштөр көп болот. Тыгындан улам бара турган жериңе араң жетесиң. Кээ бир айдоочулар копол айдашат. Анан да ысыкта терезелери ачылбайт.