Бишкектин Ленин райондук соту 29-июль күнү ЖКнын депутаты Нариман Түлеевге каршы козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, борбор калаанын экс-мэри 11 жыл күчөтүлгөн режимге эркинен ажыратылды, үй-мүлкү жана башка байлыгы мамлекеттин пайдасына конфискацияланмак болду. Мурдагы шаар башчы менен кошо айыпталып жаткан мэриянын беш кызматкери да 5 жылдан 13 жылга чейин кесилишти.
Өткөн аптада эле уктурулушу керек болгон өкүм Нариман Түлеевдин кан басымы көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу жылдырылып, аптаптуу 29-июлда эртең менен башталып, күүгүмгө жакын 8 айдай созулган сот процессине чекит коюлду. Темир тор артындагы депутат бир туруп сот алпаруучуга «шашпаңыз, түштөн кийин да убакыт бар» десе, бирде жуунуп келүүгө уруксат сурап, тынчы кетип турду. Өкүм угузчу учур жакындаганда Нариман Түлеевдүн үмүтү өчтүбү, судьяларды «бүгүн мени ким камакка отургузса, кийин аларды өз ордума отургузам, буга сөз берем» деп демитип-үркүтө баштады. Ошентип, Нариман мырза акыркы сөзүндө жанындагы мурунку кесиптештеринин абактагы мөөнөтүн кошуп, аларды коё берүүнү суранып, өзүнө 70 жыл берүүсүн судьядан өтүндү.
Эскерте кетсек, Түлеев «Бишкектин мэри болуп турган кезде Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген» делип былтыр июнда камакка алынган. Сот баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөндө, «ата журтчу» депутат «таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө да коррупциялык иштерге жол берген» деп шектелип, кайра тергөө абагында калтырылган. Мамлекеттик айыптоочулар аны «бюджетке 100 миллион сомдон ашуун зыян келтирген» деп билдиришкен. Эл өкүлүнө карата Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылган. Бул беренеге ылайык, депутаттык кол тийбестик жардамга келбеди.
Серепчи Токтогул Какчекеевдин айтымында, өлкө башчынын «саясий кредосу» ишке ашып жатат. «Президент инаугурациясынан бери коррупцияга каршы аёосуз күрөш алып барарын айтып келатат. Бул иштерди ал айтылган сөздөрдүн жообу деп кабыл алууга болот. Ушул окуядан кийин айрым бир жооптуу кызматтагылар кооптонуп калары бышык. Көпчүлүгүнө сабак болушу керек» деген оюн билдирди.
ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук комитетинин мүчөсү Абдыманап Кутушев соттун бул чечиминен кийин мамлекеттин акчасын уурдагандар сөзсүз жазаланары айкын болгонун айтат. «Мындан ары жооптуу кызматтагы адамдар жоопкерчилик менен иштеп калышат. Муниципалдык кызматтагы кызматкерлер мамлекеттин казынасына кол салбай иштеши керек болот»,- дейт эл өкүлү.
Конфискацияга келсек, сот Нариман Түлеевдин үй-мүлкүн жана бардык банктык эсептерин, өзүнө, кызына, атасына жана бир тууганы Нарынбек Түлеевдин атына жазылган «Ак жол» камсыздандыруу компаниясындагы акцияларын мамлекеттин эсебине өткөрүүнү буйруду. Андан сырткары «мамлекеттик казынага зыян келтирген» деп 60 миллион
670 миң сомду жоопкерчиликке чогуу тартылган мурдагы кызматкерлер менен казынага кайтарууга милдеттендирди. Ошондой эле алар 3 жыл аралыгында мамлекеттик кызматтарды ээлей алышпайт. Жаза өтөө мөөнөтү 2012-жылдын 15-августунан тарта эсептелет.
11 жылга эркинен ажыратылган депутаттын жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев райондук соттун чечимине макул эмес жана апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын айтты. Жактоочу айыпталуучулардын үй-мүлкүнүн конфискацияланышына да каршы.
Шаардык сот кандай чечим кабыл алары азырынча белгисиз. Албетте, мамлекеттик айыптоочулардын жүргүзгөн тергөөсү, чогулткан далилдери канчалык ишенимдүү болду, абал ушуга жараша чечилет эмеспи. Балким, сот процесси шаардык сотто «ташиевдик сценарий» менен кетер...
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg