Үстүбүздөгү жылдын 26-июль күнү Москвада Кыргызстан менен Орусиянын энергетика министрлери өкмөттөр аралык келишимге кол коюшту. Буга ылайык, «Кыргызгазды» «Газпромго» сатуу максаты ишке ашты. Орусиянын газ, күйүүчү майлар боюнча монополисти «Кыргызгазды»
2 миллиард сомдук карызы менен кошо символикалуу түрдө 1 долларга 25 жылдык мөөнөт менен сатып алды. Келишимде сатып алуучулар алгачкы 5 жылда эскирген газ түтүктөрүн жаңылоого, өлкөнүн түштүгүндөгү Майлы-Суу жана Көк-Арт газ кендерин чалгындоого 500 миллион доллар сарптай турганы көрсөтүлгөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган аймакта 6 миллиард м3 газдын запасы бар. Орусия тарап магистралдык газ түтүктөрүн, жабдууларын өнүктүрүү, КРнын Өкмөтү тарабынан бекитилген тарифтик саясатты сактоо, ошондой эле республика керектөөчүлөрүн газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо милдетин өзүнө алат. Кыргызстан болсо мекеменин кызыкчылыгын коргоону, аны улутташтыруудан, башка инвесторго сатуудан сактоону моюндады. Буга чейин кыргыз өкмөтү өлкөнүн түндүгүнө көгүлтүр оттун 1000 м3ун 224 доллардан Казакстандан, ал эми Кыргызстандын түштүгү үчүн коңшу Өзбекстандан 290 доллардан сатып алып жаткан. Өлкөнүн жылдык керектөөсү 1 миллиард м3 газды түзөт.
Мекеменин сатылышы менен башкы маселе болуп саналган коңшулардан көгүлтүр от ташып келүү, анын айынан аларга көз каранды болуу көйгөйү чечилди. Ошентип, 1-ноябрдан тартып Кыргызстанды газ менен Орусия үзгүлтүксүз камсыз кылат жана мурдагы баага салыштырмалуу арзан берилет деген үмүттөр бар.
Эл аралык «Stratfor» басылмасы «бул жерде Орусиянын аскерий кызыкчылыгы да чоң роль ойноп жатат» деп жазып чыкты. «Кыргызгазды» сатып алуу Орто Азиядагы маанилүү деп саналган Орусиянын Канттагы авиациялык базасын бекемдөө үчүн көргөн камылгасы дейт алар.
Ал эми орусиялык серепчи, «Ачык капитал» аналитикалык борборунун башчысы Александр Бурганскийдин пикиринде, бул саясий кадам. Анын айтымында, былтыркы кирешеси 556 миллиард доллар болгон «Газпром» үчүн «Кыргызгазга» 500 миллион доллар коротуу кеп эмес. Кыргызстандын күйүүчү май базарында «Газпром» ансыз деле негизги ролду ойноп келсе, дагы бир ири стратегиялык тармагы болгон ГЭСтердин курулушу кол бала сыяктуу орусиялык ишканаларынын көзөмөлүнө өтүүдө.
Кыш күчөп турган маалда Казакстан менен Өзбекстан газ берүүнү токтотуп же бир аз басаңдатып койсо эле канчалык кыйынчылыкка туш келерибизди өткөн сезондо көрбөдүкпү. Былтыр кышында Бишкек, Токмок, Кант шаарларынын айрым райондоруна, ишканаларга газ берүү үзгүлтүккө учураган. Натыйжада электр энергиясын керектөө үч эсеге өсүп, авариялык өчүрүүлөр көбөйүп, эл суукта жарыксыз, муздак үйлөрдө жашоого аргасыз болгон. «Кыргызгаздын» «Газпромго» сатылышы менен Орусияга көз карандылыгыбыз дагы күчөдү. Бирок кышында үйлөрдө от менен жылуулук үзгүлтүксүз болот деген кепилдик учурда көз карандысыздыктан кымбат болуп турат.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg