Атактуу Шерлок Холмсту билесизби? Акырын басып, жай сүйлөгөн бул каарман канчалаган татаал кылмыштардын бетин ачкан детектив эмеспи. А биздин Кыргызстанда да ушундай “Шерлок Холмстор” барбы? Бул суроого жооп алмакчы болуп “Адъютант” коргоо-детективдик агенттигине бет алдык.
Кыргызстанга эми жайыла баштады
Бизди кызыктырган суроолорго агенттиктин жетекчисинин орун басары, Болот аттуу детектив жооп бермекчи болду.
– Болот, айтыңызчы, Кыргызстанда Шерлок Холмстой детективдер барбы?
– Кандай десем, детективдин кызматынан пайдалануу, Кыргызстан түгүл Орусия, Казакстанда да жаңыдан жайыла баштады. Андыктан Шерлок Холмстой детективдер азырынча аз болсо керек. Милицияда далай иштердин бети ачылбай жатат. Анын ар кандай себептери бар. Дайынсыз жоголгон көп адамдар издөөдө жүрөт. Милиция менен катар детективдерге кайрылса иликтөө алга жыларын, жыйынтык жакшы болорун калк эми гана аңдап түшүнө баштады көрүнөт.
– Мындай агенттикти ачуу идеясы кимдин оюна келген?
– Биздин жетекчибиз мурун чек ара кызматынын ыкчам-иликтөө бөлүмүндө көп жыл эмгектенген адам. Агенттикти ачуу ошонун идеясы.
Тергөөчү да, кылмыш иликтөөчү да, криминалист да...
– Кандай билими бар адам силердин катарыңарда иштей алат? Алсак, тергөөчүлүк же кылмыш иликтөөчүлүк боюнча окуу жайларда бөлүмдөр бар, бирок детективдик жок да?
– Жок дегенде 10 жылдык кесиптик тажрыйбасы болгон ИИМдин УККнын мурунку кызматкерлерин алабыз. Эч бир окуу жайында мындай бөлүм жок. Негизи, детективдерди окутуп, тарбиялап чыгара да алышпайт. Андыктан профессионалдык деңгээлде детектив болуу үчүн көп жылдык тажрыйба керек. Мына мен өзүм да ИИМде, УККда иштегем. Отставкага кеткенден кийин гана бул кесипти аркалай баштадым.
Негизи, детектив кылмыш иликтөөчү да, криминалист да, тергөөчү да болушу керек.
– Демек, сиздер жаңыдан окууну бүткөн жаштарды кызматка албайсыздар?
– Арабызда жаштар деле бар. Алардын ар кандай сапаттарын, тажрыйбасын текшерип көрүп, бизге туура келсе ала беребиз. Өзүбүздүн агенттикте кызматкерлерди окутууга жетишерлик база да бар. Аларды бекер окутуп, мыкты кадр даярдап чыгууга аракет кылабыз.
– Милиция кызматкерлери формасы менен өздөрүн сакташат, а силерчи? Өзүңөрдүн коопсуздугуңарды кантип камсыз кыласыңар?
– Биринчиден, өтө эле көзгө илине бербей, билгизбей жашыруун иштейбиз. Эгер расмий түрдө маалымат керек болсо, күбөлүктү колдонобуз. ИИМ, УКК менен өзүбүздүн байланыштар бар. Ошолор аркылуу маалымат алабыз.
– Кылмыштарды иликтеп жүрүп, уюшкан кылмыштуу топтор менен тирешип калган учурлар болобу?
– Уюшкан кылмыштуу топтор менен бет келишкен учурлар боло элек. Бирок мындай иштер такыр болбойт деп да айта албайбыз. Андыктан детективдик агенттик ачкан адамдын кылмыштуу топторго, милицияга көз каранды болбогудай аброю, тажрыйбасы болушу керек.
Шарлатандардан абайлаңыз!
– Кыргызстанда мындай агенттиктер көппү?
– Баш-аягы жүзгө жакын агенттик болcо керек. Арасында зарыгып турган адамдардын жөн гана башын айлантып, акчасын алууну көздөгөн шарлатандар да жок эмес. Чындап иштегени үч-төртөө гана болсо керек.
– Детективдердин тергөөчү, кылмыш иликтөөчүлөрдөн кандай артыкчылыктары бар же тескерисинче, мүмкүнчүлүгү чектелип калабы?
– Тергөөчү тергөө иши менен, кылмыш иликтөөчү иликтөө менен алек болсо, детектив мунун баарын өзү жасайт. Бирок кылмыш иликтөөчү, тергөөчүлөр мамлекеттик органда иштегендиктен, көпчүлүк учурда алардын мүмкүнчүлүктөрү кеңири болот. Аларда транспорт, кабинет, курал бар дегендей. Ооба, бизде деле бул каражаттар бар. Бирок биз өз алдыбызча каалаган кабинетибизге кирип, иликтөө үчүн керек болгон маалыматты ала албайбыз. Мисалы, кайсы бир адамдын телефонуна чалууларды текшерүү үчүн милиция аркылуу прокуратурадан уруксат алуу керек. Мындай тоскоолдуктарга карабай, детектив өз ишин мыкты билген профессионал деп айта алабыз.
– Өмүргө коркунучу барбы?
– Өмүргө коркунучту биринчи орунга койгон адам мындай кесипти тандамак тургай, жакшысы, ага кызыкпай эле койгону оң. Анткени коркунуч ар бир иште болот. Күтүлбөгөн иштер болуп кетиши мүмкүн. Анын баарын алдын-ала билип, тактап болбойт да.
– Кандай кылмыштарга көп туш болосуңар?
– Кылмыш иштерине караганда үйбүлөнүн ичиндеги түшүнбөстүктөрдөн улам келип чыккан маселелерге көп туш болобуз. Мисалы, дайынсыз жоголгондорду табуу. Бизге көбүнчөсү милициядан үмүтү үзүлгөндө же тескерисинче, милицияга, жакындарына билдиргиси келбегенде кайрылышат. Кардарлардын каалоосуна жараша иш жүргүзүп, жоголгон адамдарды таап беребиз. Андан тышкары, уурулук айрыкча, ар кандай фирмалардагы уурулуктарды иликтейбиз.
Полиграфты алдоо мүмкүн эмес
– Фирманын коопсуздугун сактоо үчүн кандай зарыл иштерди жасоо керек деп айтар элеңиз?
– Азыр чоочун адам биякта турсун, биртуугандарга ишенбей турган заман. Ошондуктан фирманы жөн гана ачкыч, кулпуга ишенип таштап койбостон, коопсуздугуна кам көрүү керек. Эгер коопсуздук кызматкерин алуу зарылчылыгы бар болсо, анда алардын толук өмүр баянын текшерип чыгуу керек. Полиграф, аны эл ичинде “детектор лжи” деп коюшат го, ошол аркылуу да текшерүү керек. Кадрларды жумушка аларда бул иштердин мааниси чоң.
– Полиграфтын жыйынтыгына жүз пайыз ишенүүгө болобу?
– Жетимиш пайызга ишенүүгө болот.
– Тажрыйбасы бар, алдамчы адам детекторду алдап, адаштырып коюшу мүмкүнбү?
– Атайын кызматтын окуусунан өткөн, анда да кесибин мыкты өздөштүргөн адам гана алдай албаса, полиграфты алдоо мүмкүн эмес.
– Детектив колдонуучу негизги буюмдар кайсылар?
– Калемсап, блокнот, уюлдук телефон.
– Бул кесип үчүн кайсы сапаттар өзгөчө баалуу?
– Байкоочулук, кыраакылык, эске тутуунун бекем болушу керек. Ал эми бул сапаттар көп жылдык тажрыйбанын негизинде топтолот. Ошондуктан бизде кеп бар “рождёнными чекистами не бывают” деген.
– Интуиция силердин иште канчалык роль ойнойт?
– Ички туюм күчтүү болбосо детектив болуп иштебей деле коюу керек.
Кылмыш кылууга да чакырыштары мүмкүн...
– Каражат жагынан кандайсыңар? Детективдик менен жан багууга болобу?
– Албетте, милициядагыга караганда, акчаны көбүрөөк алабыз. Негизи, жашообузга тапкан каражатыбыз жетет.
– Жумушуңарда күлкүлүү учурларга да туш келесиңерби?
– Ооба, кылмышка кылдат даярданып, бирок болбогон жерден жаза тайып, кармалып калгандар болот. Бир окуя болгон, кайсы фирма экенин айтпай эле коёлу. Айтор, бирөө уурулук кылган жерине паспортун унутуп кеткен.
– Ойго келбеген сунуштар да түшсө керек...
– Бизди кылмыш ишине азгырууга аракет кылышкан учурлар болот. Мисалы, бир адам телефон чалып, миллиондой акча сунуштап, “бирөөнү өлтүрүп бергиле” деген сунуш айткан. Биз, албетте, мындай сунуштарды кабыл албайбыз. Мындай учурларда сөзсүз милиция кызматына кабарлайбыз.
– Кандай заказдарды кабыл албай коюшуңар мүмкүн?
– Мыйзамга каршы келген кандай гана иш болбосун, канча акча сунуш кылышпасын, кабыл албайбыз.
– Ал эми аялы күйөөсүн же күйөөсү аялын аңдыткан учурлардачы?
– Мындай заказдар көп эле түшөт.
– Андай аракетиңер адамдын жеке турмушуна мыйзамсыз кийлигишүү катары каралышы мүмкүнбү?
– Андай болушу да мүмкүн. Негизи, абалга, окуяга жараша иштейбиз. Бизге жардам сурап келген кардардын көйгөйүн кунт коюп уккан соң аны кабыл алуу же кабыл албоо чечимине келебиз.
Көп иштер менен алек болгон милиция кызматкерлери жабырлануучулардын ар бирине көңүл бөлө алышпайт. Биздин алардан негизги айырмабыз, ар бир кардарга кунт коюу менен мамиле кылып, колубуздан келген көмөктү берүүгө дайым даярдыгыбыз.
«Адьютант” коргоо-детективдик агенттиги
Шаиста Шатманова
koom@super.kg