Сүткордукту чектөө боюнча Өмүрбек Текебаев демилгелеген мыйзам долбоору ЖК менен банк ишмерлеринин ортосунда кайчы пикирлерди жаратканына карабай депутаттардын колдоосуна ээ болуп, эми ага президент да кол койду. Мыйзам долбоору ишке кирсе, насыя алып төлөй албай, үй-жайсыз калган жакыр элдин абалы аз да болсо оңолот. Өмүрүнө кол салып «өзүмдү өрттөйм», карызын төлөө үчүн «бөйрөгүмдү сатам» деген туңгуюктагы аргасыздарга үмүт шооласы жанат. Элдин эсебинен байып жаткандар «инвесторлорду үркүтүп алабыз» деген жел аргументти бетке тутуп, «мамлекет башчы бул документке кол койбойт, колдобойт» деп кыйкырып жатышкан эле. Андай болгон жок.
Акыркы күндөрү «Текебаев менен Атамбаевдин мамилеси салкындап кетти, «Ата Мекендин» башчысы президентке каршы оппозицияга өтөт имиш, аны ээрден оодарып түшүүгө белсенип жатат дейт» деген өңдүү эч бир далилге негизделбеген маалыматтарды таратып жаткандарга да жогорудагы окуя татыктуу жооп болду көрүнөт.
Баса, Атамбаев менен Текебаевдин мамилеси тууралуу сөз козголсо эле «мародёрчулук» тууралуу кеп башталат. Бул ишти Зарылбек Рысалиев ИИМди жетектеп турганда козгогон эле. ЖКнын жыйынында да башкы прокурор Салянова кайрадан Рысалиевге бул ишти аягына чыгарууну «өз укугунан пайдаланып» тапшыргандыгын айткан. ЖАМКнын жетекчиси Бакиевдердин үй-мүлкүн талап-тоноо ишин иликтеп, «ата мекенчилерди» айыптап, бирок далилдей албай келет. Президент Алмазбек Атамбаев Зарылбек Рысалиевге «эгерде далилдей албасаң, анда кызматтан кетесиң» деген талап койгонун Өмүрбек Текебаев басылмалардын бирине берген маегинде айтып өттү. Мөөнөттүн да соңуна келип калганын эске алсак, анда илинчек таппаган Зарылбек Рысалиевдин креслодон ыргуу учуру жакындап калгандай...
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg