3 МИҢ ИШКАНАДАН 300ү КАЛДЫ...

  • 2013-жылдын 6 айында Кыргызстан саатына 3 МИЛЛИАРД 64 МИЛЛИОН кВт электр энергиясын өндүргөнүн «Түндүк электр» ишканасынан маалымдашты.
  • Экономика министринин орун басары Олег Панкратовдун айтымында, БАЖЫ СОЮЗУНА кирүү үчүн Кыргызстандын жол картасынын акыркы варианты 15-августта кабыл алынат.
  • 2012-жылкы ажылык сапарды уюштурууда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн төкпөгөндүгү аныкталды. Социалдык фонддун эсебине 5,5 миллион сом, Мамлекеттик салык кызматына 5 миллион сомдон ашуун акча каражаты түшпөй калганын УКМК билдирди. Учурда КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛУП, тергөө жүргүзүлүүдө.
  • Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдиргендей, МУГАЛИМДЕРДИН маянасын эсептөөнү мындан ары аталган министрлик алып барат. Буга чейин айлык акы Каржы министрлигинин карамагында болуп, ал эми төлөм жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан ишке ашып келген.
  • 2013-жылдын 6 айында борбор шаардагы Мамлекеттик тарых музейине 71 МИҢДЕН ашуун адам кирген. Мындай жогорку көрсөткүч музей негизделгенден бери биринчи жолу катталганын аталган мекемеден билдиришти.
  • «ЖЕР-ҮЙ» алтын кенин сатуу боюнча экинчи жолку сынак сентябрь айында жарыяланарын вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
  • Учурда Кыргызстандын аймагында УУЛУУ КАЛДЫК көмүлгөн 50 жай бар. Анда жалпысынан 680 миллион м3 радиоактивдүү калдык көмүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
  • «1995-жылы өлкөдө кайра иштетүүчү 3000 ишкана болсо, бүгүнкү күндө алардын 300ү гана иштейт»,- деди айыл чарба жана мелиорация министри ЧЫҢГЫЗ УЗАКБАЕВ.
  • Ош шаарында автоунаалардын саны 57 МИҢГЕ жакындап калганын мэрия маалымдады.
  • Премьер-министрдин буйругуна ылайык, өкмөттүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси болуп ДҮЙШӨНБЕК ЗИЛАЛИЕВ дайындалды.
  • 1-августта Каракол шаарындагы №23-тергөө абагында күзөттө турган кызматкер ӨЗҮН ӨЗҮ АТЫП АЛДЫ. Бул маалыматты ЖАМКнын жетекчисинин орун басары Калмурат Байтолоев тастыктаган.
  • Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 7- август Рамазан айынын 30-күнү болгондуктан, 8-август ОРОЗО АЙТ болуп аныкталды.
  • Ош шаарында абанын температурасы +42 градустан жогору болгондуктан акыркы күндөрү «ТЕЗ ЖАРДАМГА» кайрылгандардын саны өсүүдө.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bekbolot-NOOKAT
2013-08-06 06:21:37
Кыргызстан Баажы Союзуна кошулбаса Россиядагы мекендештерибизге ото кыйын болот ,Ошондо коросунор депорт болгон жарандардын, азыркы кундо кандай жаман текшерип жатат Москвада аны билеер бекен Атка минерлер?ойлонуп корунуздор Депутаттар Россияда 1,5 миллиондогон Кыргыздар журот Кыргызстан онолсун жакшы жашоо болушун тилешип Аллах силерге да журогунорго ыйман Хидаят берип ушул чет жердеги Мекендештерибизди да ойлонуздар Момун мусулмандар.....((
0
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан