Июнь айында «кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулуусуна катыштыгы бар» деп айыпталып акыйкатчылыктан айдалган Турсунбек Акун учурда кадимкидей иш бөлмөсүндө иштеп жатканын билдирди. Ал акыйкатчылык кызмат ордуна жарыяланган сынакты токтотуу боюнча сотко кайрылды. «Айрым депутаттар ден соолугумдун начар болуп турганы үчүн кызматтык жоопкерчилигимди күзүндө кароону сунушташканына карабай мага каршы добуш беришти. Бул укугумду тебелеген чечим. Мени мыйзамдуу түрдө 5 жылга шайлашкан. Жарандар кайрылып жатышат, кол алдымдагыларга тийиштүү тапшырмаларды берип жатам. Бирок айлык албайм жана буйруктарга кол койбойм»,- деди Акун.
Ал эми Акыйкатчы институту «Турсунбек Акун жабылган кабинетин мыйзамсыз ачып алып, эскертүүлөргө кулак салбастан, жумушка келүүсүн улантып жатат» деген маалымат таратты.
Эскерте кетсек, азырынча толук бошой элек акыйкатчылык орунду мелжегендердин саны 11 адамга жетти. Алардын арасында коомчулукка кулкүлүү жоруктары менен таанымал Нурлан Мотуев да бар.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg