Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин бир нече жылдан берки «баш оорусу», 2009-жылы өлкөсүнөн качып кеткен банкир Мухтар Аблязов 31-июлда Франциянын түштүгүндөгү Ницца шаарында жергиликтүү полиция тарабынан колго түшүрүлдү. Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, казак олигархы Орусиянын суранычы боюнча кармалган. Аблязов өз өлкөсүндө шылуундук боюнча айыпталып, эл аралык издөөгө жарыяланган болчу. Анын мамлекетке келтирген чыгымын казак бийлигин ондогон миллиард доллар деп эсептеген. Өз кезегинде айыпталуучу бул саясий буйрук экенин айтып, күнөөнү моюндабай келет.
Ал 2009-жылга чейин Казакстандагы БТА банкын жетектеп келген. Аталган банк өкмөттүн карамагына өткөндө Аблязов мамлекетинен качып чыгууга жетишет.
Буга чейин белгилүү болгондой, ушул жылдын май айында анын жубайы Алма Шалабаева менен 6 жашар кызы Италиядан кармалып, Казакстанга өткөрүлүп берилген болчу. Ал ортодо «казак оппозиционерине Кыргызстандын паспорту берилген» деген маалымат тараган. Бул кабарды Аблязов четке кагып, «менде Кыргызстандын паспорту жок» деген.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg