31-июлда Нарындын Туз-Бел ашуусунда жол кырсыгы катталды. Жабырлануучу 1992-жылы туулган Кулубек уулу Темирбек Кочкор районунун тургуну болсо, аны сүзүп кеткен айдоочу кытайлык «Чайна роуд» жол-курулуш компаниясынын кызматкери болгон. Кырсыкка себепкер кытай айдоочусу окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган. Аталган компанияда иштеген 4 кыргыз жараны аны кармап калмакчы болуп, ортодо жаңжал чыккан. 4 кыргыз жаранын жол куруп иштеген башка кытай жумушчулары сабап салышкан. Жаңжал чыккан жерге «Чайна роуд» компаниясында иштеген кыргыз жумушчулары менен бирге 50-60тай жергиликтүү тургундар топтолушкан. Ошол учурда окуя болгон жерге аймактагы чек арачылар келишип, жаңжалды токтотуп калышты.
Унаа сүзүп кеткен жарандын абалы азыр канааттандырарлык экенин вице-премьер Токон Мамытов билдирди. Ал эми кытайлардан токмок жеген 4 кыргыз медициналык жардам алышып, абалдары жакшы экенин кошумчалады ал. Мамытовдун айтымында, учурда ИИМдин Нарын облустук башкармалыгынын өкүлдөрү жаңжал чыккан жерде териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Эске салсак, буга чейин 23-июлда Жалал-Абад облусунун Терек-Сай айылындагы алтын кенин казып иштеген кытайлыктар менен жергиликтүү элдин ортосунда жаңжал чыгып, кытайлар кыргыздарды сабап салышкан эле.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg