«Жаңы толкун-2013» музыкалык сынагына Кыргызстандын атынан барган жаш ырчы Айбек Бакытбеков кыргыз элинен кечирим сурады. Себеби ырчы орус телеканалдарынын бирине берген маегинде алпаруучунун «юрмалалык кыздар кандай экен?» деген суроосуна толкунданып кетип «абдан тартиптүү, маданияттуу... Баса, мен Кыргызстандан болом. Кыргызстан өзү примитивдүү өлкө» деп айтып алган. Кыргызстандын жүзү катары сынакка аттанган Айбектин бул сөзүнө териккен интернет колдонуучулары жаш ырчыны болушунча «тепкиге» алышты. «Айбекти аэропорттон жумуртка менен тосуп алабыз» деп жинденген мекендештеринин каарынан ырчы кечирим сурап коргонду. Ал «Мен Кыргызстанды сүйөм!» деген видеокайрылуусунда: «Урматтуу жердештерим, жогорудагы маегим үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм! Баары катуу толкундангандан болуп кетти. Чынында, мен Кыргызстанды сүйөм!»- деп билдирген.
Эске салсак, Юрмалада болуп өткөн «Жаңы толкун-2013» сынагына быйыл 12 өлкөдөн 16 катышуучу ат салышты. 1-орунду кубалык ырчы Роберто Кел Торрес, 2-орунду грузиялык Саломе Катанадзе жана 3-орунду вьетнамдык Вин Хват аттуу ырчылар алышты. Ал эми биздин Айбек 12-орунга илинди. Аталган сынакка ырчы Омар 2008-жылы катышып, Алла Пугачёванын атайын «Алтын жылдыз» сыйлыгын алып кубанса, Арсен менен Айбек Замирбек уулу 2011-жылы 4-орунду багындырып кайтышкан. Ал эми 2012-жылы Бек Исраилов 10-орунду алган эле.