АКЫЛ ЖЫРГАП, РОЗА ЫЙЛАП...

«Миң кыял» радиосунун ди-джейи Акыл Жеңишбек уулу 27-июль күнү 27 жашын белгилеп, жайдын аптаптуу күнүндө достору, жакын санаалаштары, кесиптештери менен чогулуп өздүк майрамын тосту. Туулган күнгө ырчылар Азиза, Роза Шакирова, Айнура Салахидинова, Нурлан Насип, Малика Дина, телеалпаруучулар Нурзат Токтосунова, Эркин Рыскулбеков келип, кеченин жүрүшүнө шаң кошушту. Күндүн күнөөкөрү бирде коноктор менен алышса, бирде казан башында болуп, эки жакка тең жетишип жатты.
Оюн учурунда бир кызык окуя болуп кетти. Тойду алпарып жаткан тамада бала Роза Шакирова оюнга чыкса «сиз отуруңуз, бизге жаш, сулуу кыздар керек» деп жиберди. Роза айым шоу-бизнестин эң эле таланттуу, ажарлуу айымы экенин эч ким төгүнгө чыгарбаса керек. 50дөй адамдын алдында мындай сөздү уккан Роза айым ыңгайсыз абалда калып, бир аз ачууланып, көз жашын көрсөтпөй ыйлап да алды. Бирок тойду алпарган жигит сөздөн чалынганын моюнуна алып, кечирим сурап ырчы айымды жубатканга аракет кылды. Ошентип таарыныч, ыр-күлкү менен коштолгон туулган күн таңга жуук аяктады.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
AFRODITA-89
2013-08-05 12:59:32
Ха ха болгонго. Бирок оюнга кошсо балким женип кетээр беле.
0
lilokoo
2013-08-05 14:42:05
iiy ushintip da suyloybu? baykushtu kapa kylyp
0
Sake_86
2013-08-05 16:17:55
Отуп кеткен туулган кунун менен куттуктайм Акыл. Дайыма шайыр мунозундон жазбай, эл алдында кызмат кылып журо бер.Биз сени жакшы коробуз.
0
abdyrasul
2013-08-05 20:18:13
ушундай жаман да биронун шагын сындырган
+2
talas-1985
2013-08-07 00:46:41
Акыл жыргап,,,Роза ыйлап деген темасын окуп шашып кирип алыпмын окуганы,, корсо эч нерсе болбоптур
0
sasa84
2013-08-08 10:50:05
50дой адамдын алдында ушундай созду угуп кейигенинер менен миндеген адамдарга жарыя кылып жазганынарды кандай тушунсо болот
+5
gutler
2013-08-08 18:20:02
sasa84, ушундай адамдын намысына тийген нерселерди,майдалап жазбай эле коюшса. 50 адам билсе,эми бут Кыргызстанга жарыялап жазып.
+3
alibekova94
2013-08-08 18:38:37
ии АКЫЛ байкени кундо укчумун да .... еми кеип отурам буйруса Кыргызстанга барсам созсуз угам))) бир жолу радиого чалсам тушку тамакты тамактандын беле деп сураган ооуу мага камкордук коруп жатат деп жок десем ошого унун чыкпай атыптыр деп кулдургон))) Акыл байке жакшы кором сизди унунуз бир керемет создорду сындырып майын чыгарып суйлойсуз! ТУУЛГАН КУНУНУЗ МЕНЕН!!! кеч болсо да куттуктап коеюн!
0
Nadiko_93
2013-08-09 08:40:40
Ушул нерсени жалпы коомчулукка жарыялабай эле коюшса болмок экен
+1
tolik
2013-08-09 21:51:15
Роза Шакирова шайыр,жылдыздуу кечелерди коруно чыгарат. Айтылган соз атылган ок дейт беле. Дагы жакшы Роза экен Назира Айтбекова болгондо сизого отуруп калмак беле.
+2
hanzada_samatova
2013-08-19 00:04:09
tolik, ваа ха хахаааа олтуруптурсун го, созду да таап жазыптырсын )))
0
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан